Малдын тамагынын көйгөйлөрү
11.3 Малдын Тамагынын көйгөйлөрү Малдын тамагы жабыркаса же бир нерсе тыгылып калса, жута албай калат. Бул жемиштердин данегин жутуп алганда же дарыны күчкө салып бергенде болушу ыктымал.
Белгилери: Мал шилкейин агызып, жаңы көк чөптү да жебей калат. (Эң алгач, кутурма ылаңы эмес экенин жазуулардан карап текшергиле! Андан соң жогоруда сүрөттөлгөндөй малдын тамагын текшергиле).
Диагноз: Кээде малдын тамагынан кичинекей жыгач, темир, же башка заттар табылат. Кээде ошол заттар жабыркатып, жарааттар пайда болот.

Дарылоо: Тыгылган затты болушунча акырын алып чыккыла. Кээде тыгылган зат менен кошо чириген ткандар дагы чыгат. Пеницилин сыяктуу антибиотикти 5-10 күн сайгыла, бул инфекциядан жардам берет Тоют жутулганда, моюндун сол жагындагы кызыл өңгөч (тамак түтүгү) аркылуу өтүп, ашказанга түшөт. Кээде тоют кызыл өңгөчкө такалып, ашказанга өтпөй калат. Мындай абалдын техникалык аталышы “кызыл өңгөчкө тоюттун такалып калуусу” же “ какоо” болуп саналат.
Белгилери: Мал тоют жебей калат жана көбүнчө шилекейи агат. Кепшөөчү малдын ичи дароо көөп баштайт жана мал жута албай кыйналып башын чайкайт. Кээде оозунан тыгылып калган зат көрүнөт же моюндун сол жагынан кармап сезсе болот. Мал манго, авакадо, картошка, алма сыяктуу жер жемиштерди бүтүн боюнча жутуп алганда какап калат.
Диагноз: Кутурма эместигин жакшылап текшергиле. Моюндун сол жагын кармап тыгылып калган затты сезгиле. Ашказанга салынуучу түтүктү салып өткөрүп көргүлө. Түтүк ашказанга өтпөй такалып калса, бир нерсе кызыл өңгөчкө тыгылып калган болот.
Дарылоо: Дөмпөк жерди массаж ыкмасын колдонуп, кол менен же үбөлүк менен ылдый сыдыргыла, болбосо түтүк салып ылдый түрткүлө.



Эгер мүмкүн болбосо өзү ылдый түшөөрүн күтүп (ич көпкөндү), токтотуп туруу керек. Тыгылып калган зат өзү ашказанга түшүүсүн күтүш керек.
Алдын алуу: Бул көйгөйдү төмөнкү жолдор менен алдын алуу эң жакшы:
тыгылып кала турган тоюттарды бербөө;
картошка сыяктуу тоюттарды берээрден мурун бышырып берүү;
каката турган алма, картошка, авакадо, манго сыяктуу жер жемиштер болгон жерге малды жайбоо керек.