Канаттуулардын саламаттыгы

24.0 Канаттуулардын саламаттыгы КИРИШҮҮ Канаттуулардын саламаттыгы татаал жана оор тема. Бул бөлүмдө көпчүлүк өлкөлөрдө тооктун ден соолугуна байланыштуу эң кеңири таралган көйгөйлөрдүн бир нечеси камтылган. Аларга төмөнкүлөр кирет:

Ньюкасл ылаңы, канаттуулардын чечеги, дем алуу органдарынын өнөкөт ылаңдары, кокцидиоз жана Гамборо ылаңы сыяктуу жугуштуу ылаңдар, ошондой эле ички жана тышкы мите курттар жана бит.

Канаттуулардын азык жетишсиздик ылаңы көп кездешет, анткени жакшы, толук кандуу, аралаш тоют жок болушу мүмкүн (тооктор имараттын ичинде багылса, көйгөй өзгөчө оор болушу мүмкүн).