Малды уруктандыруу
10.0 Малды уруктандыруу Малды уруктандыруу – бул малдан төл алуу максатында өткөрүлүүчү иш-чара. Бул иш-чарада жыныс органдарынын ырааттуу иштөөсү маанилүү. МСКК жыныс органдарынын ырааттуу иштөөсүн төмөнкү себептерден улам болоорун билиши керек:
Көпчүлүк мал багуучулар төл же сүт бербеген малды кармашпайт.
Ар түрдүү көптөгөн дарылар жана дарылоолор жыныс органдарына таасир берет. Дарылар туура эмес колдонулганда, малга же малдын ээлерине коркунуч туулат.
Ургаачы малдын да, эркек малдын да жакшы жана жаман сапаттары тукумуна өтөт. Генетикалык жакшыртуу иши малдын тукумун асылдандыруу максатында кылдат тандоо иш-чараларын жүргүзүүнү камтыйт. Ал өз кезегинде малдын жыныс органдарынын түзүлүшүн жана функциясын жакшы билүүгө көз каранды болот.