Аныктамалар
6.0 Инфекциялык ылаңдарды алдын алуу жана көзөмөлдөө 6.1 аныктамалар Инфекциялык ылаң: Бактерия, фунги, мителер, протоза жана вирустар сыяктуу тирүү организмдер тарабынан козголгон ылаң.
Инфекция: Ылаң козгоочу микроорганизм денеге кирип, көбөйүп, зыян келтирген учур.
Жугуштуу: Ылаң малдан-малга түз жуккан учур.

Жугуштуу эмес: Түз жукпаган учур.

Микроорганизмдер: “Микроскоп” деп аталган атайын жабдуу менен гана көргөнгө мүмкүн болгон, аябай кичинекей тирүү организмдер. Микро организмдер ылаң козгошу да, козгобошу да мүмкүн.
Микробдор: Ылаң козгогон микроорганизмдердин башкача аталышы.
Микроскоп: Көзгө көрүнбөгөн нерселерди чоңойтуп көрсөтүүчү жабдуу.
Бактериялар: Бактерияларды антибиотиктер өлтүрө алат. Бактериялык инфекцияларга күйдүргү, геморрагиялык септицемия, эрисепалас жана мастит менен метриттин дээрлик бардык түрлөрү кирет.
Вирустар: Бактериядан да кичине микроорганизмдер. Вирус денеге кирип, клеткаларда көбөйгөндөн кийин, аны жок кылуу үчүн коопсуз, натыйжалуу, даяр дарылар жок. Антибиотиктер вирустарды өлтүрө албайт! Дене өзү коргонушу, вируска каршы күрөшүшү керек. Олуттуу вирустук ылаңдарга жылкынын жугуштуу аз кандуулугу, шарп ылаңы, чочконун холерасы, ньюкасл жана уйдун чума ылаңдары кирет. Вирустук ылаңдарды туура дарылоо үчүн оор симптомдорду дарылап, жакшы кам көрүү керек. Кээ бир (EIA сыяктуу) вирустар ылаңдаган малдын денесинде узак убакытка чейин жашайт. Өнөкөт вирустарды алып жүргөн мал ылаңдабаган малга оору жуктурбашы үчүн жок кылуу туура болот.
Фунги: Бул, негизинен, териге жуккан микроорганизмдер. Антибиотиктер фунгилерди өлтүрө албайт, тескерисинче, инфекцияны ырбатып жибериши мүмкүн. Фунги инфекцияларга анти фунгал дарылары керек.
Протоза: Ички курттар тибине кирген бир клеткалуу организмдер. Кенелер жана чаккан чымындар протоза дартын алып жүрүчүүлөр болуп саналат жана малдын канын соруп жатканда жуктурушу мүмкүн. Дарылоо: Протоза козгогон инфекцияларга атайын дарылар талап кылынат. Протозалык инфекциялардын мисалдарына анаплазмоз, бабезиоз, кокцидиоз, теилериоз жана трипаносомоздор кирет.
Ички жана сырткы мителер: Малдын ичинде же сыртында жашап мителик кылып, зыян келтирген организмдер. Мителер жумуру курттар сыяктуу чоң, оңой көзгө көрүнгөн, же кене жана протоза сыяктуу кичинекей, жакшы көрүнбөгөн же такыр көрүнбөгөн болушу мүмкүн.