Дененин ичиндеги мителер - "Ички мителер"

9.0 Дененин ичиндеги мителер - "Ички мителер"

Ички мителер көйгөйү жаралган фермерде өндүрүм азаят же мал өлүп зыян тартат. Бул МСКК тарабынан байкалган эң маанилүү жана кеңири тараган көйгөй. Төмөнкү бөлүк ички мителерден дарылоо жана көзөмөлдөө боюнча жөнөкөй, практикалык кадамдарды көрсөтөт. 27-бөлүмдө мындан дагы кенен маалымат бар, 325-351-беттерди карагыла.

Ички мителердин негизги жашоо циклЫ Ички мителердин түрүнө жараша жашоо циклы айырмаланганына карабастан, көпчүлүгүнүн жашоо циклы эки бөлүктөн турат: жетилген, көбөйүү стадиясы жана жетилбеген, таасирсиз стадия.

Жетилип, көбөйө турган фаза Жетилген стадия, адатта, дененин ичинде болот. Жетилген мителер жумурткаларын таштайт, алар тезек, заара же шилекей аркылуу сыртка чыгып, башка малга жугат. Бул жетилген мителерди жумуртка таштаганга чейин дары менен өлтүрсө болот.

Жетиле элек стадия Таасирсиз стадия, адатта, малдын денесинин сыртында, топуракта, жайытта же сууда кездешет. Жумурткалар “таасирсиз жумурткалар” же “жетилбеген мителер” болуп өзгөрүлөт. Ошол таасирсиз же жетилбеген мителер менен булганган тоютту жегенде же сууну ичкенде малга жугат. Кээ бир мителер сырттагы “ортомчулар” аркылуу да малга өтөт. Чоң жумуру курт да туула элек малга энесинин каны аркылуу жугат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Инвазиялык фаза, адатта, малдын денесинен тышкары топуракта, жайытта, же сууда жүрөт. Жумурткалар "жугуштуу жумуркаларга"же жетиле элек мителерге айланат. Малды тоюттандырууда же сугарууда, жетиле элек мителер же жугуштуу жумурткалар тоют менен жана суу менен малдын организмине кирип ылаңдатат. Айрым бир мителер айлана-чөйрөдө болгондуктан, алар организмге “ортомчу ээси” аркылуу да өтөт. Чоң жумуру гельминт ошондой эле туула элек малды да энесинин каны аркылуу ылаңдатат.

Ички мителерден дарылоонун жана көзөмөлдөөнүн 4 ачкычы 1. Ички мителердин белгилерин билүү.

2. Өз аймагыңарда кайсы ички мителер кезигерин билүү.

3. Өз аймагыңардагы ички мителерге кайсы дарылар көп колдонулаарын билүү.

4. Ички мителерди көзөмөлдөөнүн кайсы ыкмасы таасирдүү экенин билүү.