Тоют сиңирүү тутуму

11.0 Тоют сиңирүү тутуму клиникалык анализ Тоют сиңирүү тутумуна байланыштуу, тоюттун бөлүнүүсү же сиңүүсү сыяктуу көйгөйлөр организмдин тоютту туура сиңирүүсүнө кедергисин тийгизет. Эгер көйгөй улана берсе, акыры мал арыктап, ылаңдап, азык заттардын жетишсиздигинен жабыркайт. 125, 191-бетти карагыла.

Тоют сиңирүү – тоюттун майда бөлүктөргө бөлүнүүсү жана тоют сиңирүү тутумунан азык заттардын жалпы денеге тароо процесси.

37 Тоют сиңирүү тутумунун функциялары Тоюттун ажыроосу.

Азыктарды канга өткөрүү.

Сиңбеген тоют калдыктарын түз ичеги аркылуу сыртка чыгаруу.

Башкача айтканда төмөнкү нерселер болуш керек:

тоют сиңирүү жолдору аркылуу тоют туура өтүшү керек;

түрлүү бездер жана органдар, туура тоют сиңирүү ширелерин (ферменттерди) бөлүп чыгаруулары керек;

тоют сиңирүү ширелери (жана пайдалуу микро организмдер) тоютту ажыраган “азыктар” деп аталган заттарга бөлүүсү керек.

азыктар кан тамырларга сиңиши керек.

Малды тоюттануу өзгөчөлүгүнө жараша негизги эки топко бөлүү Тоют сиңирүү көйгөйлөрүн дарылоо малдын тоют сиңирүү тутумуна байланыштуу болот.

Чөп менен тоюттануучулар Чөп менен тоюттануучулардын тоют сиңирүү тутумдары көп көлөмдөгү чөп жана башка катуу тоюттарды (дан жана башка тоюттарды дагы) жегенге ыңгайлашкан. Чөп жегендерге уй, кой, эчки, лама, төө, жылкы, пони жана качырлар кирет.

Чөп менен тоюттанбоочулар Чөп менен тоюттанбоочулар жумшак жаш чөптү жана жер жемиштерди аш кыла алышат, бирок катуу чөптү жакшы аш кыла алышпайт. Аларга жашаш үчүн негизинен дан, жер жемиш жана эт сыяктуу азыктар керек. Бул топко чочко, тоок, ит, мышык жана көпчүлүк канаттуулар кирет. Алардын ашказаны “жөнөкөй аш азан” деп аталат.

пайдалуу микроорганизмдерди жок кылбагыла!

Чөп менен тоюттануучулар чоң көлөмдөгү катуу чөптөрдү ашказан жана ичегидеги пайдалуу микроорганизмдер (бактерия жана протоза) болгон үчүн сиңире алышат. Кепшеп тоют сиңирген малды кепшөөчүлөр деп аташат. Аларга: кой, эчки, уй, буйвол, топоз, төө жана ламалар кирет. Алар тоютту кепшегенде, пайдалуу микроорганизмдерди чөп менен аралаштырышат. Ошондой микроорганизмдер жылкылар менен коёндун да жоон ичегилеринде болот. Мындай пайдалуу микроорганизмдер чөптүн катуусун жана жалбырактарды сиңирүү үчүн жооптуу. Буга кошумча алар белок жана В витаминин бөлүп чыгарышат, ал чөп жеген малдын денесин өстүрөт жана денин сак кармайт. Эгерде пайдалуу бактериялар жана протозалар өлүп калса, чөп менен тоюттанган мал тоютун сиңире албай калат. Мисалы, МСКК малга антибиотикти (ооз аркылуу) берсе, пайдалуу бактериялар өлүп калышы мүмкүн, анан тоют сиңире албай кыйналат.

Кепшөөчүлөрдүн тоют сиңирүү тутуму

Image undefined

Кепшебеген малдын тоют сиңирүү тутуму

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Тоют сиңирүү тутумундагы көйгөйлөр