Тоютка табитинин жоктугу (Анерексия)
11.1 Тоютка табитинин жоктугу (анерексия)
Төмөнкү көйгөйлөрдөн улам малдын табити жоголуп, тоюттанбай калышы мүмкүн.
Оозу ылаңдаганда: Оозу ылаңдаган мал туура тоюттана албайт.
Начар тоют: Мал жагымсыз, чириген, же өтө туздуу тоютту жакшы жебейт. Ошондой эле, эгер идиш дагы кир болуп жана жагымсыз жыттанып калган болсо, тоютту жебей коёт.
Тиштеринде көйгөй болсо: Тиштери начар болгон мал туура тоюттана албайт.
Ылаңдап калса: Дененин бир жери ооруса, тоют аз жеп калат. Мителер, жарааттар, инфекциялар, ич катуу жана башка көйгөйлөр ылаң козгошу мүмкүн.
Дене табы: Дене табы көтөрүлгөн мал көбүнчө тоют жебейт. Ошондой эле, өтө ысыкта да мал тоютту жакшы жебейт.
Суунун жетишсиздиги малдын табитин жоготот.
Жыйынтыктоо:
Эгер мал тоютту жакшы жебесе же жегиси келбесе төмөндөгү көйгөйлөрдү аныктаса болот.
Эриндер, тиштер жана тил туура иштеп, мал тоютту жеңил чайнап жутуусу зарыл. Эгер малдын шилекейи агып же тоютту чайнабай жутуп жатса, оозун кылдат текшергиле.
Оозун текшерүүдөн мурун, анемнезин жакшылап талдап, кутурма болбогонун билгиле! Кутурма болгон мал чакагандай же жута албагандай көрүнөт. Китептин 52, 251, 253-бетин карагыла. Кутурмага шек болсо, дайыма целлофан кол кап кийгиле.

Малдын жана жылкылардын оозун текшерүү Малда кутурма жок экени аныктагандан кийин, төмөнкү нерселерди жасагыла:
1. Малды аштоого кысып же жыгуу керек.
2. Тилин бекем кармап, акырын сыртка чыгарып текшергиле. Оозу жабыркаганын же инфекция болгонун текшергиле.
3. Мал тиштерин кычыратпаш үчүн же кокустан сени тиштеп албашы үчүн тилди азуу (арткы) тиштердин ортосуна бир капталга чыгаргыла (көбүнчө мал өз тилин тиштебейт).
4. Этияттык менен колду тилдин үстүнөн өткөрүп тамакка жеткиле. Колду ооздун ортосундагы тиштерден мүмкүн болушунча алыс кармоо керек.
5. Тамак ооруганын же бир нерсе тыгылып калганын акырын сезсеңер болот.
Тиштөө, чайноо жана жутуу көйгөйлөрүн дарылоонун негиздери:
Малда жутуу же чайноо боюнча көйгөй болсо жумшак тоют бергиле. Мисалы, чайнабай оңой жутула турган, суюк же кайнатылган дан азыгын бергиле.
Ооздун инфекциясын көбүнчө “оозул” деп аташат. Ящур сыяктуу дененин башка жагына таасир берген (вирус) ылаңдары дагы козгошу мүмкүн. Тикендүү чөптөр же катуу сөңгөк оозду жабыркатса, инфекция өөрчүп оозулга алып келиши мүмкүн.
Белгилери: Чайноо же жутуу кыйын болот, шилекей көп агат.
Диагноз: Симтомдордун жана ооз көңдөйүн клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат Дарылоо: Эгер жараат ырбап кетсе, оозду маргонцовканы сууга кошуп же туздуу суу сыяктуу дезинфектант менен чайкагыла. Эгер инфекция өтүшүп кетсе, антибиотик сайгыла. Оозулга пенициллин натыйжалуу болот. Жумшак тоют бергиле.
Малдын тишинде көйгөй болсо мал жакшы чайнай албай калат. Арыктап оорукчан болуп калуусу мүмкүн. Төмөнкүдөй себептер эң көп кездешет:
Малдын үстүнкү жана астынкы тиштери түз эмес болуп, чайнаганга ылайыктуу болбой калышы мүмкүн.
| Кыйшык ооз уй | Тиштери нормалдуу жылкы | Тиштегенде астыңкы тиши чыгып турган жылкы “маймыл ооз” деп аталат | Тиштегенде үстүнкү тиштери чыккан жылкы“тоту куш ооз” деп аталат | Тиштегенде үстүнкү тиштери чыккан жылкы“тоту куш ооз” деп аталат |
Тиштер кыйшык болсо эмне кылуу керек: Муну оңдоонун эч жолу жок. Жумшак, жогорку сапаттагы тоюттарды берүү менен абалды жакшыртса болот. Мындай малды тукум алууга колдонбоо керек, анткени бул кемчилик тукумуна өтүшү мүмкүн.
Тиш оору, тиштин түшүүсү же инфекцияга чалдыгуу, жашы өтүп калган, өзгөчө, туздуу топуракта көп убакыт оттогон малда көбүрөөк кездешет. Кальций, фосфор жетишсиздиги дагы тиштин көйгөйлөрүн козгойт, өзгөчө тиш жаңы чыгып жаткан учурда. Минералдардын аралашмасын берип жана ашыкча оттотпой тиштердин көйгөйлөрүн азайтуугаболот.



Малдын тиштери чирип же түшүп калышы (өзгөчө картаң малда, топурагы туздуу жерде оттогон болсо) мүмкүн.
Азуу тиш жок Белгилери: Тоюттануу жана жутуу кыйын болот. Шилекей агат.
Диагноз: Чириген, түшкөн же жаман болуп калган тиштер жок экенин карап текшергиле.
Инфекция болгон, ооруган тиштерди дарылоо: Малды бекем байлап, чириген тишти сууругуч же кычкач менен жулуу керек. Малдын дене табы жогору болсо, антибиотик саюу шарт. Адатта пенициллин натыйжалуу болот. Жумшак тоют берүү керек.
Инфекция болгон тишти жулуу. Ооруну басуучу дары колдонулбаса же кыймылдабагандай туура маталбаса, бул абдан кыйын болот. (18, 21, 26, 27-бетти карагыла.)
Мал өзүнө жана сизге жаракат келтирбөөсү үчүн, ооруну басуучу дары бергиле, же жыгып коопсуз кылып бекем байлагыла.
Оозду атайын жабдуу менен же тоголок жыгач менен ачып кармоо керек. Тилди жабыркатып албоо үчүн этият болуу зарыл.
Ооруган тишти кычкач менен кармап, бошогонго чейин кыймылдатып, анан сууруп алгыла.
Желип калган же түшүп калган тишти дарылоо: Буга дары жок. Картаң малды үйүрдөн жок кылуу керек. Көйгөйдү жогорку сапаттагы тоют жана суу берип жеңилдетсе болот.



Малдын бүйлөсү инфекция болушу мүмкүн.
Инфекция болуп ооруган бүйлөлөрдү дарылоо: Малдын дене табы жогору болсо, антибиотик сайгыла. Пенициллин жакшы жардам берет. Жумшак тоют бергиле.
4. Жылкылар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Жылкылардын үстүнкү жаагы алдынкы жаагына караганда кененирээк болот. Бул алдынкы (азуу) тиштердин ички четин, үстүнкү (азуу) тиштердин сырткы четин курч кылып коёт.
Белгилери: Жылкылардын жаактары жана тили жарааттанып ооруп, жеп жатканда тоют оозунан түшмө болуп калат. Тиштери курч болуп калган жылкылар көбүнчө арыктап кетет.
Диагнозу: Белгилерге жараша болот.
Дарылоо: Үстүнкү азуу тиштердин сырткы четин жана астыңкы азуу тиштердин ички четин өгөөлөө керек.
Үстүнкү жана астынкы жаактардын тиштери кайсы жагы курч болуп калганын көрсөтүп турат.


Жыгач тил жана бөлтөк жаак Бул экөө өзүнчө өнөкөт ылаңдар. Бул көбүнчө уйларда кездешет, бирок кой-эчкилерде да болуп калат. Мындай ылаңдар чайноо жана жутуу боюнча көйгөйлөрдү козгойт.
Жыгач тил ылаңын актинобацилис деп аталган бактерия козгойт. Бактерия тилдин кичинекей жарааты аркылуу кирет. Мисалы, учтуу чөптөр мал жеп жатканда тилин жабыркатышы мүмкүн. Жабыркаган жерлер актинобацилис менен инфекцияга чалдыгып, тил катуу болуп шишип, жыгач сыяктуу болуп калат.
Бөлтөк жаак дагы бактерия аркылуу козголот. Ал бактерияны актиномицет деп аташат. Бактерия бүйлөлөрдүн жарааты аркылуу кирип, малдын жаак сөөктөрүн жабыркатат. Ошол жарааттар шишип чыгып ириңдейт.
Белгилери: Мал жакшы чайнап жута албай калат. Тил же жаак аябай шишип, жакшы тоюттана албай калгандыктан мал арыктайт.
Диагноз: Белгилерин клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат.
Дарылоо:
Жыгач тил болуп калган малга натрий йодун берсе таң калыштуудай тез айыгат. Орточо көлөмдөгү уйга 20 пайыздык натрий йодунан 125мл тамырга сайгыла. Эгер натрий йод жеткиликтүү болбосо, анда пенстреп же пенициллин ийнесин бир жума саюу керек.
Бөлтөк жаак болгон малды дарылоого антибиотик жана натрий йоду менен көп убакыт кетет. Мал өтө баалуу болбосо этке кетирүүнү ойлонуштурса болот.
Контагиоздук пустулёздук дерматит Бул ылаң жугуштуу эктима же ооз ылаңы деп да аталат. Бул кой-эчкилердин вирустук курч ылаңы. Көбүнчө жаш мал жабыркайт.
Белгилери: Эринде жаралар көбөйүп, ооздун ичине дагы жайылуусу мүмкүн. Жаралар ириңдеп кетиши да мүмкүн. Жабыркаган мал тоюттанбай, оозунан шилекей агып калат. Жаралар буттарга да жайылышы мүмкүн. Бул жаралар малды аксатат. Жаш мал көп жабыркайт (чоңураак малда иммунитет болот). Бул жугуштуу, чогуу жайылган жаш мал бир убакта жабыркашат.
Диагноз: Клиникалык белгилеринин негизинде коюлат.

Дарылоо: Мал көбүнчө дарыланбай эле жакшы болуп кетет, бирок жаш малга тоют жегенди үйрөтүү керек болот. Эгер аябай жара болуп кетсе, оозду марганцовка менен жуугула. Жаралар инфекция болуп ириңдесе, пенициллин сайгыла. Генциан фиолет же антибиотик кошулган майларды эриндердеги жараларга сыйпаса, жакшы жардам берет.
Белгилөө: МСКК кол кап кийип иштөөсү керек, анткени ылаң кишилерге да жугат.
Шарп ылаңы

Бул кепшөөчүлөрдүн жана чочколордун ылаңы. Шарп ылаңы оозго жара чыгарып, малдын тоюттанышын токтотот. Ошондой эле, бутка түшүп, мал аксап жакшы баса албай калат. 49, 51, 223-беттерди карагыла.


