Скелет тутуму
Скелет тутуму Малдын буттарынын деформациясы Тубаса деформация жана кыйшайып калган буттар Кээ бир малдын буттары тубаса кемтик болуп туулат, мындай учурда малдын буттары ичти карай же сыртты карай кыйшайып калат жана түзөлбөйт. Малдын деформацияга учураган буттары анын тик туруусуна тоскоолдук кылат. Эгерде буттун муундары катып калбаса жана ал буттарды бир аз күч колдонуп түздөөгө мүмкүн болсо, анда бул кемтикти дарылоого болот.

Дарылоо: Сынган буттар бөлүгүндө сүрөттөлгөн шынаанын түрлөрүн бул учурда дагы колдонсо болот, 233-бетти карагыла.

Мүмкүн болушунча акырындык менен бутту түздөө керек. Бул жыйрылып калган, бирок жазылууга мүмкүн болгон тарамыштарды сунууга жардам берет.

Шынаа коюудан мурун буттун астындагы жаралар пайда болбошу үчүн анын тегерегин жакшылап толтургула.
Шынаа колдонгула жана аны бекем байлагыла.
Малды күн сайын 3 же 4 жолу тургузуп туруу керек.
Ар бир 2 же 3 күндө шынааны алып, астын өйкөп жибербегенин текшергиле. Шынаа чечилип турганда, ылаңдаган бутту бүгүп, түздөп жатып тарамыш жана муундар катуу болуп калбашы үчүн массаж жасагыла.
Шынааны алмаштырган сайын бутту мүмкүн болушунча түздөө зарыл.
Эки-үч жумадан кийин да жылыш болбосо, демек, ал малдын буттары ошол боюнча калыбына келбейт.
Бут муундарынын катып калуусу Кээде жаңы туулган малдын муундары абдан катып такыр кыймылдабай калат. Бул көйгөйдү чечүүнүн жакшы жолу жок.