Клиникалык текшерүү жана диагноз кою
3.0 КЛИНИКАЛЫК ТЕКШЕРҮҮ ЖАНА ДИАГНОЗ КОЮУ
МСКК үчүн эң негизги жөндөм болуп, малды туура кармоо жана текшерүү болуп эсептелет. Туура клиникалык текшерүү төрт бөлүктөн туруп, диагноз коюу менен коштолот.
1) АНАМНЕЗ (сурамжылоо) (жагдай боюнча туура суроолорду берүү)
2) МАЛДЫ БАЙКОО
3) КЛИНИКАЛЫК ТЕКШЕРҮҮ
4) БАГЫЛУУ ШАРТЫН ТЕКШЕРҮҮ (тоют, суу жана жаткан жери)
5) ДИАГНОЗ
Өзгөчө белгилер: ЫЛАҢДАБАГАН, ЫЛАҢДАГАН, ӨЛҮМ АЛДЫНДА ТУРГАН ЖЕ ӨЛГӨН МАЛДАР Ылаңдабаган малга оору жуктурбоо үчүн, аларды ылаңдаган, өлүм алдында турган же өлгөн малдан МУРУН текшерүү керек. Ылаңдаган малды тез арада өзүнчө бөлүү зарыл. Өзүнчө, көңүл коюп каралганда, өзүнчө жем жесе, ылаңдаган мал тезирээк айыгат.
Өлгөн малды текшерүү “өлгөн малды союп текшерүү”, “некропсия” же “атопсия” деп аталат. Өлгөн малды союп текшерүү менен ооруну эмне козгогонун, ал уулангандан, бир нерсе жетишпегенден же инфекциялык ылаңдан өлгөнүн аныктаса болот. Өлгөн малдын оорусун аныктоо үчүн билим жана тажрыйба керек болот. Бирок мителер сыяктуу кээ бир ылаңдарды оңой байкаса болот.
