Эндокриндик тутум ЭНДОКРИНДИК ТУТУМГА СЕРЕП САЛУУ Эндокриндик тутум бездерден жана гормондордон турат. Бездер бүт денеде жайгашып, “гормондорду”иштеп чыгарышат. Гормон – бул без тарабынан иштелип чыккан химиялык зат, ал кан агымына кирип, бүт денеге тарайт. Гормондор - ар кайсы органдардын ишин көзөмөлдөө үчүн "химиялык тескөөчүлөр" катары иштешет. Тукумдоого байланыштуу гормондор 10-бөлүмдө каралган (131-бетти карагыла). Башка гормондор өсүүнү, кан басымды, кандагы жана ткандардагы химиялык тең салмактуулукту, ошондой эле денедеги көптөгөн тутумдардын шайкеш иштөөсүн көзөмөлдөйт.
Бул бөлүм МСККнүн ишине байланыштуу эндокриндик тутумдун таасири жөнүндө.
Гипофиз бези жана окситоцин Окситоцин – мээдеги гипофиздин арткы бөлүгү тарабынан иштелген гормон. Төлүн эмизип баштаганда эненин гипофиз бези жатынга жана желинге таасир этүүчү окситоцинди бөлүп чыгарат. Окситоциндин эки негизги милдети бар:
Туут учурунда жатындын булчуңдарынын жыйрылышына себеп болот (төлдү жана анын чөбүн түртүп чыгаруу үчүн).
Сүттү эмчектен чыгарат ("ийүү" деп аталат), сүт оңой агат.
Окситоциндин практикалык колдонулушу: Кээде чочколордун туутун тездетүү үчүн туут учурунда окситоцин ийнесин сайат. Окситоцин ошондой эле малдын чөбүн жана башка суюктуктарды чыгарууга жардам берүү үчүн же жатындын сыртка чыгып калуусун дарылоодон кийин, жатындын жыйрылышы үчүн колдонулат.
Калкан бези жана богок Калкан бези эки бөлүктөн турат, дем алуу түтүгүнүн эки тарабында бирден, кекиртектин алды жагында турат. Калкан сымал бездин милдети – кандан йод алып, андан "өсүү гормону" деген гормонду иштеп чыгуу болот. Бул гормон мээнин жана дененин туура өнүгүшү үчүн зарыл.
"Богок" чоңойгон калкан безинин аталышы. Богок йоддун жетишсиздигинен келип чыгат. Калкан бези йоддун жетишсиздигине карабастан, жетиштүү өсүү гормонун өндүрүү үчүн чоңоёт. Богок ылаңы (же йоддун жетишсиздиги) түйүлдүк жана жаш мал үчүн өтө коркунучтуу, анын кесепетинен төл өлүү туулушу, өспөй калышы, алсыз жана акыл-эсинин артта калышы ыктымал. Эгерде музоо, козу же улак өлүү туулса, богок дарты жокпу, дайыма текшергиле. Богок ылаңын байкасаңар, бооз малдарга “йоддолгон туз” (б.а. йод менен дарыланган туз) бергиле (310-бетти карагыла).
Бөйрөк үстүндөгү бездер жана стероиддер Бөйрөк үстүндөгү бездер бөйрөктүн жанында жайгашкан эки кичинекей без. Бөйрөк үстүндөгү бездер тарабынан иштелип чыккан гормондор көбүнчө "стероиддер", "кортико стероиддер" же "кортизон" деп аталат.
Стероиддер, кортико стероиддер жана кортизон МСККлөрдө бул гормондор тууралуу түшүнүк болушу керек, анткени алардын дарысын сайыш керек болот, ветеринардык дары катары колдонулат, бирок ашыкча колдонулуп кеткен учурлар болот. Алар, адатта, "стероиддик" дарылар деп аталат. Дексаметазон – ветеринардык медицинада сезгенүүнү азайтуу жана аллергиялык реакцияларды же шокту дарылоо үчүн колдонулган стероиддердин кеңири таралган түрү. 85-бетти карагыла.
Абайлагыла! Стероиддер малдын инфекцияга каршы туруу жөндөмүн азайтат жана малдын бала салуусуна алып келиши мүмкүн. Стероиддерди инфекция болгон же бооз малга колдонбогула.
Дене тутумдары жана аны менен байланышкан ветеринардык көйгөйлөр