2.1 Малды матоо жана кармоо Мал менен иштөө кооптуу болушу мүмкүн. Бирок малга жаш кезинен жумшак мамиле кылынса, ал жоош болот.
Көңүл бургула!
Корккон, тынчсызданган, ачка же бир жери катуу ооруган бардык эле мал кооптуу болуусу мүмкүн. Жаңы тууган ургаачы малдын жанында жана эркек мал күүгө келген маалында өзгөчө этият болуу керек.
Малды кармоонун жана байлоонун жергиликтүүлөр колдонгон көп ыкмалары бар. Бул бөлүмдө эң кеңири тараган ыкмалар тууралуу маалымат берилет.
Кантип казык баш чалып байлоо керек Малдын мойнунан байлоо кооптуу. Түйүн бекем болуп, мал кыйнала баштаса, түйүндү чечүү кыйынга турат, мал муунуп калышы мүмкүн. Төмөндөгү түйүн “казык баш” деп аталат, тез байланып, тартылганда оной чечилип кетпейт.

Күрмөп байлоо Жеңил чечиле турган түйүн, мал кыйналып же чалынып калганда оңой чечилет.

Бодо мал жана буйвол Чоң, күчтүү малды тар жерде кармоо аларды жабыркатып коюшу мүмкүн. Малды ачык, жарык жерде кармоо жакшыраак, ошондо тээп же сүзүп жиберүүсүнөн коопсуз болот.
Нокто жасоо Малдын мойнунан туруктуу түйүн жасагыла.
Жиптин бош учунан укурук чалып, мойнундагы укуруктан өткөрүп, тумшугуна илүү керек.

Куйруктан байлоо Өзгөчө жалгыз иштеп жатканда тоскоолдук кылбоосу үчүн куйрукту байлап коюу туура болот.

Малды чүлүктөө Бодо малдын жана буйволдун мурду сезгич болгондуктан, бул малды чүлүктөсө (мурдуларына шакекче салып байласа) болот.
Малга чүлүк салуу Малды чүлүктөп алып (мурундун ичин көзөп, темир же жип шакекчени тешиктен өткөргөндөн кийин, малды шакекчеден же ага башка жип, чынжыр же жыгач байлоо менен) оной башкарса болот.


Кол же кыпчуур менен мурдунан кармоо Мурундан кол менен да же атайын мурундан кармагыч кыпчуур менен да кармаса болот. Малдын куйругун жогору көтөрүү аркылуу да жылдырбай кармап турса болот.



Жыгачтан тосмоо жасоо Эгерде малды көп учурда бир жерден текшерип, дарылап жана эмдей турган болсок, анда жөнөкөй жыгачтан тосмо жасап коюу максатка ылайык. Ал кургак, түз жерде жергиликтүү жыгач же бамбук материалдары менен жасалуусу зарыл. Эгерде жер ылдыйыш болсо, мал өйдөнү карап кириш керек. Жыгач тосмонун айланасында малды бардык жагынан текшергенге ыңгайлуу орун болушу шарт.


Байкоо: Устундар, күчтүү малга туруштук бериши үчүн, жок дегенде, 60 см жерге кириши керек (1 метрге чейин кирсе андан бетер жакшы болмок). Эгер тосмо уй же өгүз үчүн эле болсо, бир аз кичирээк болсо болот. Эгер буйвол үчүн да колдонулса, анда чоңураак болушу керек. Эгерде тосмо жок болсо, бодо малды бири-биринен бир метрдей алыс кагылган эки казыкка же бакка байласа болот. Малды жерге жакын кылып байлоо зарыл.

Малды тептирбөө Уйлар мүйүзү менен сүзүп, буту менен тебет (өзгөчө капталга), ал эми буйвол болсо башы менен сүзөт. Мал тебе албашы үчүн байлоонун бир канча жолдору бар.





Малдын бутун көтөрүп байлоо Малды тептирбөө үчүн алдыңкы да, арткы да бутун көтөрүп байлоонун бир нече ыңгайлуу жолдору бар.


Малды жыгуу Эгерде тосмо жок болсо, же малды тургузуп матоо кыйын болсо, анда малды жыкканга туура келет. Кандай гана ыкманы колдонбойлу, төмөнкү шарттарга көңүл буруубуз керек болот:
Жер түз жана жумшак болушу шарт, малды жыкканда таш же катуу жыгач малды жаракат кылбашы керек.
Башын байлоо үчүн кыска аркан же нокто керек болот.
Жумшак, 12-15 метр болгон аркан керек. Аркандын калыңдыгы, жок дегенде, сөөмөйдөй болуусу шарт. Нейлон жиптери бышык болгону менен терини кыйып кетет, ошондуктан пахта жиптер эң жакшы.
Жок дегенде, үч адам керек болот. Бирөө мал жыгылаары менен үстүнөн басып, башынан кармоосу зарыл. Жиптен тартыш үчүн, жок дегенде, бир күчтүү адам (жакшысы 2-3 адам) керек.
Чоң уй жана буйвол үчүн эки чалма ыкмасы 1. Малды мойнунан же мүйүзүнөн бекем казыкка же бакка кыска жип менен байлоо керек. Жипти жерге жакын байлайбыз, болбосо мал муунуп калышы мүмкүн.
2. Узун жипти мойнуна чалып туруп, түйүп байлоо зарыл, ошондо мал тартынганда жылбай турган түйүн болот.
3. Малдын оң жагында турган адам, жиптин бош жагын артынан өткөрүп, малдын сол жагындагы адамга карматыш керек. Сол жактагы экинчи адам болсо, малды алды жагынан жипти өткөрүп оң жактагы адамга берип, чалма малдын төш жагынан (алдынкы буттун артынан) өтүп байланышы шарт.
4. Жипти кайра малды айлантып өткөрүп берип, үстү жагына арткы жамбаш сөөктөрдүн алды жагынан экинчи илмек жасоо керек.

5. Бир же эки адам жиптин бош учунан тартканда мал жыгылышы керек.

6. Мал жерге жыгылганда малдын башы менен мойнун жерге бекем басып кармап турабыз. Башын кыймылдатпай бекем кармап турганда, мал тура албай тынч жатып калат.

Мал жерде жатканда бутун бир нече жол менен байласа болот. Ошондо тебине албай, бычканга же желинин текшергенге алда канча жеңил болуп калат.


Чоң малды байлоонун ыкмасы Музоону байлоонун ыкмасы Чоң уй жана буйволдорду кайчылаш кылып байлоо жолу Кээ бир бодо мал үчүн бул жол менен байлоо жакшыраак болот, анткени мында желин дагы, жыныс мүчөсү дагы кысылбайт. Кыска жип менен төмөндө сүрөттөлгөндөй байласа болот:
1. Узун жипти ортосунан тең экиге бөлүү 2. Жиптин тең ортосунан моюндан ылдый түшүрүү;
3. Жипти моюндун алдынан кайчылаштыруу;
4. Жиптин учтарын алдыңкы буттардын ич жагынан өткөрүп, өйдө жон жагына көтөрүп кайра кайчылаштыруу;
5. Жиптин эки учун тең ылдый түшүрүп, арткы эки бутунун ич жагынан өткөрүү;
6. Жиптин эки учунан тең катуу тартып малды жыгуу;
7. Малдын бутун кайра туруп кетпеши үчүн жана теппеши үчүн бекем байлоо маанилүү.

| Торпоктор | 4. Оң тизеге салып, оң кол менен торпокту көтөргүлө. |
|---|---|
| Кичинекей торпокторду оңой эле көтөрүп капталынан жаткырса болот. | 5. Оң бутуңардан ылдый жылмышып түшүргүлө. |
| 1. Торпоктун сол жагына тургула. | Сол тизе менен кулактын арт жагынан, мойнунан бекем баскыла. |
| 2. Сол кол менен моюндун алды жагынан кармагыла. | |
| 3. Оң кол менен чандырдан кармагыла. |
ЖЫЛКЫ, КАЧЫР ЖАНА ЭШЕКТЕР
Жылкы, качыр жана эшектер этияттык менен иштебеген жана аларды кармап көнбөгөн адамдарга олуттуу жаракат алып келүүсү мүмкүн. Уйлардан айырмаланып, алар арткы буту менен да, алдынкы да буту менен да тебе алышат. Уйлар, негизинен, капталга эле тепсе, жылкы арткы буттары менен артка түз тебет.
Жылкы, качыр жана эшектерди тосмолорго эмес, ачык жайда кармаган жакшыраак болот, болбосо алар үркүп тынчы кетет. Жылкыны этияттык менен, акырын чочутпай кармоо зарыл. Чочуткан үн же кыймыл-аракет болбошу керек жана капыстан бара калып кармоо туура эмес. Жылкылар өзгөчө, маңдайдагыны жакшы көрө алышпайт, ошондуктан капталдан келиш керек. Иштеп жатканда, кайсы жакта экениңерди алар дайыма туюп туруусу үчүн, акырын сүйлөп туруу керек.
Нокто, жүгөн Жоош аттарды, качырды жана эшекти, ноктолоп жип байлап, оңой жетелеп башкарса болот.


Жылкыны чорбулоо (Жылкыны мурдунан толгоп матоо)
Үркүп тынч турбаган жылкыларды, качырларды жана эшектерди чорбу (мурдун толгоо) менен кармаса болот. Чорбу жиптен же чынжырдан кичинекей илмек кылып, жыгачтын учуна бекитилип жасалат. Чорбуну колдонгондо жылкы, качыр же эшек алдыңкы буту менен тээп жибербеши үчүн ар дайым малдын каптал жагында туруу керек. Чорбуну үстүнкү эринден алып, кысып калганга чейин жыгачты буроо зарыл. Чочутуп албоо үчүн, акырын, кылдат кыймылдоо туура болот. Тартылып бекем болгондо, көбүнчө жылкы, качыр же эшек болобу, жакшы эле маталып калат.






Жылкыны жыгуу Мисалы, бычуу сыяктуу процедураларга жылкыны жыгып, сөзсүз бутун байлоо керек болот. Ал үчүн 15 метрлик, жумшак (мүмкүн болсо) кебезден жасалган, калыңдыгы сөөмөйдөй болгон аркан зарыл.
1. Жылкыны бекем устунга ноктодон же мойнунан алып, кыска жип менен күрмөп байлоо керек. Жипти устундун ылдый жагына, жерге жакын байлаш керек.
2. Узун жипти ортосунан алып, жылкынын мойнунан өткөрүп чечилбей турган түйүн кылып байлоо шарт. Жипти төшүнө жакын ылдыйраак эле байлаш керек.
3. Жиптин бош эки учун эки капталына өткөргүлө.
4. Арткы эки туяктын үстүнөн эки жипти алып өткүлө. Кээ бир малдын ээлери жип жылкынын буттарын кыйып кетпеши үчүн чүпүрөк же тери менен ороп койгонду туура көрүшөт.
5. Жиптин бош учун каптал жактан алып келип, мойнундагы жиптен илип өткүлө.
6. Учтарын артты көздөй тарткыла 7. Эки же андан көпадам жылкы отуруп калганга чейин тартсын. Анан жылкыны бир капталды көздөй түрткүлө.
8. Дагы бир күчтүү адам жылкынын башын дароо жерге басып калсын. Жылкы башы жерде басылып турганда өйдө тура албайт.
9. Жипти тизеден жана туяктардын алдынан айлантып өткөрүп, арткы буттарын бекем байлагыла. Анан арткы буттарын алдыны көздөй тартып, алдыңкы эки бутка байлагыла.

КОЙЛОР ЖАНА ЭЧКИЛЕР
Кой-эчкилер кичинекей болгону үчүн, алар менен иштөө кыйла жеңил. Башка малдай эле койэчкилерди дагы колдон келишинче этият кармагыла. Өтө катуу кармоодон алган ашыкча стресстен мал өлүп калуусу мүмкүн.

Кой, эчки жана кичинекей музоолорго дары берүү 1. Кой, эчки же музоонун башын жана жонун бурчка такагыла.
2. Башын кармаган боюнча малдын мойнунан кысып, тизе менен малдын ийиндерин кысып туруу керек. Ошондо мал алдыга жыла албайт, кол да иш кылганга бошоп калат.
Кой жана эчкилерди кармоонун дагы бир ыкмасы (Бул ыкма чоң эчкилер үчүн эмес).
Койдун сол капталында туруп, сол кол менен жаактын алдынан кармап, артка кетип калбашы үчүн оң кол менен арт жагынан кармагыла.

2. Оң кол менен алдыңкы буттан кармагыла.
3. Койдун алдыңкы шыйрагын сол кол менен көтөрүп, оң колдун жардамы менен жамбашы менен жерге отургузуу керек.
4. Койду эки буттун ортосунда отурган абалда кармагыла. Буттары жерге бекем тийбегендиктен ал өйдө тура албайт, көп учурда, аракет деле кылбайт.

Эскертүү! Куйруктуу койлорду бир тарапка кыйшайтып кармоо керек болот.
Чоң жоош эчкилер Чоңураак, кармаганга көнгөн саан эчкилерди, башынан бекем кармаганда эле туруп берет. Кээде алдыңкы буттарын көтөрүп койсо да бул жоошутканга жардам болот.
ЧОЧКОЛОР
Эне чочколор жана чоң эркек чочколор өзүн же балдарын коргоп, тиштеп, кол салып кооптуу болуусу мүмкүн. Чочколорду колдон келишинче акырын, оорутпай кармоо керек. Өзгөчө, аба ырайы ысык болгон учурда. Бардык жаштагы эле чочколор кыйналганда ашыкча ысып кетишет, керек болсо ысыктан өлүп да калышы мүмкүн. Эркек чочколор ашыкча ысыганда, бир нече айга чейин ургаачы малды төлдөтүүгө жарабай калат. Ургаачылары туут малында оңой эле ысыйт. Ошондуктан ысык мезгилде аларды салкын түшкөндө, эртең менен эрте же кечинде тейлеш керек.
Кичинекей жана орто көлөмдөгү чочколор: (бычуу)
1. Чочконун арт жагына туруп, алдынкы буттарынан же эки кол менен ийин жагынан кармагыла.
2. Курсагы ылдый болуш үчүн арткы буттарынан кармагыла.
3. Эки буттун ортосуна ийиндеринен кысып кыймылдатпай жоошуткула.

Бычуу боюнча 173-бетти карагыла.
Жип же тузак менен чоң чочколорду кармоо Чоң чочколор үчүн жип жана тузактар колдонулат. Тузак менен чочкону обочороок кармаса болот. Жип колдонгондо, узундугу, жок дегенде, 3 метр, жоондугу сөөмөйдөй болуш керек. Жиптин бир учунда илмек көзү болушу шарт, экинчи учун илип илмек кылуу зарыл. Чочконун артынан келип, илмекти тумшугунан алып оозуна салуу керек. Жип азуу тиштердин артына өткөрүлүп, илмек бекем тартылсын. Жипти бакка же устунга бекем байлагыла. Чочконун тумшугу жерге тийгендей кылып болушунча ылдый кылып, же бактын тамырына байлагыла. Тузак деле ушундай колдонулат, бирок бакка же устунга байланбайт.





Чоң чочколорду чака менен жылдыруу ыкмасы Чочколор алды жагын көрө албаганда, адатта, артка кетенчиктейт. Ошондуктан чаканы башына кийгизип, куйругунан буруп башкаргыла.

Чочколор бошонуп кетпөөсү үчүн же тартынганда муунуп калбагыдай кылып, коопсуз байлоонун жолу



КОЁНДОР
Коёнду желкеден алып, бош терисинен акырын кармоо керек.
Өйдө көтөргөндөн кийин тытып албашы үчүн жана аны чочутпоо үчүн артынан сүйөп кармагыла.

Коёнду кармагандан кийин колтукка кысып турса болот. Ушундай абалда коёндун ургаачы же эркек экенин текшерүү ыңгайлуу.

| Коенду кулагынан кармаганга болбойт, анткени ал бошоном деп жулунуп, белин сындырып алышы мүмкүн. |

ТООКТОР
Башын кармоо үчүн тоокту төш жагы менен алаканга отургузуп, буттарын манжалардын арасынан өткөрүү керек.

Төш булчуңдарына ийне сайуу үчүн тоокту айландырып, канаттарын алакан менен кысып кармоо зарыл.
