4.2 ылаң ЖАЙЫЛЫП КЕТКЕНДЕ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК??

Өтө көп сандагы малдардын бир убакытта ылаңдашы, “ылаңдын тутанышы” жайылуу деп аталат. Ылаңдын кеңири жайылып кетүүсүн “эпизоотикалык” же “эпидемиялык” абал деп аташат. Оору башталганда, жайыла баштаганда андан ары жайылуусун токтотуу үчүн “көзөмөлдөө иш-чараларына” өтүү керек.

Ылаңдаган малды өзүнчө бөлгүлө

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Ылаңдаган малдын өзүн, заарасын, кыгын жана астына төшөлгөн нерсенин калдыктарын ылаңдабаган малдан бөлүү керек. Ылаңдаган малды, ылаңдабаган малгажолотпогула. Муну“изоляция”деп коюшат, 95-бетти карагыла.

Жабыркаган аймакка барып малдарды текшергиле Эпидемияны изилдегиле. Кайсыл жерде жана качан башталды? Ошол аймакка сырттан мал алынып келингенби? Кайсы жактан келген? Баштапкы симптомдор, жабыркаган малдын жашы, жынысы, түрү жана породасы кандай? Канча мал жабыркады? Мүмкүн болсо ылаңдаган бир нече малды текшергиле. Байкоолорду жазгыла.

Айыл Чарба Министилигине билдиргиле Ветеринардык кызмат бөлүмүнө чогултулган маалыматтарды бергиле. Жагдайга карап, алар изилдөөнү өздөрү улантышы мүмкүн. Андай учурда малдын саламаттыгына кам көрүүчү, министирликтин аракеттерине толугу менен көмөктөшүүсү керек. Эгер ылаң адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратса, Саламаттыкты сактоо министирлиги кабардар болуусу керек.

Диагнозду тастыктагыла Мүмкүн болсо диагнозду тастыктагыла. Ал үчүн лабораториялык үлгүлөр жана атайын жабдуулар керек болуусу кажет. Лаборатория же Министирлик үлгү сураса, кайсы үлгү, кантип алыныш керек экенин тактагыла. Ал үчүн атайын даярдыктан өткөн адис керек болот.

Ылаңдаган жана ылаңдабаган малды туура карагыла Аймактагы ылаңдаган жана ылаңдабаган малды кандай багууну чечкиле. Эгерде оор эпизоотикалык абал болсо, анда ал чечимдерди Айыл чарба министирлиги борбордук же облустук деңгээлде чечүүсү керек. Кичинекей эпизоотикалык абал болуп, борбордук же облустук деңгээлде аракет болбосо, анда жергиликтүү бийликтегилер эмне кылууну өздөрү чечүүсү керек. МСКК жергиликтүү жетекчилер менен жолугуп, эпидемияны башкарууда, алардын колдоосуна ээ болушу керек. Дарылоо жеткиликтүү дарылардын наркына жана колдонуунун оңойлугуна, ошондой эле ылаңдаган малдын санына жана баасына негизделип чечилүүсү шарт. Дары жетишсиз болгондо, кайсы малды дарылоо керек деген оор чечим кабыл алынат.