Дарылоонун түрүн тандоо
4.3 дарылоонун түрүн тандоо Тандалган дарылоо жолу бир нече нерселерге көз каранды болот:
диагнозуна малдын санына жеткиликтүү дарыларга дарылоонун баасына малдын баасына малдын айыгып, кайрадан өндүрүмдүү болуу ыктымалдуулугуна малдын ээсинин же МСККнүн дарыны туура колдонууну билгендигине мал ээсинин төлөй ала тургандыгына мал ээсинин каалосуна МСКК дарылоонун жолдорун, баасын, жумушун, жана айыгып кетүү ыктымалдуулугун мал ээсине түшүндүрүп берүүсү керек. Ошондон кийин мал ээси шартына, малдын баасына карап эң ылайыктуу чечим кабыл ала алат.
Көпчүлүк учурда эң туура же толук дарылоо мүмкүн болбой калат. Мисалы, жакшы дарылоо үчүн күн сайын дары саюу керек болгондо, ээси алыс жашаса мүмкүнчүлүк аз болот (жакын жердеги бирөө эле сайбаса). Балким, башка дарыны тандоо керектир. Же мал ээсинде толук дарылоого каражат жетпеши мүмкүн. Ар бир жагдай боюнча, МСКК болушунча өзү туура чечим кабыл алышы керек. МСККгө да кандайдыр бир кошумча басымдар болуусу мүмкүн. Кээ бир фермерлер, МСККдөн зарылчылык болбогон учурда да дары сайып берүүсүн күтүшөт! Бирок антибиотик сыяктуу кээ бир дарылар ашыкча, кереги жок учурда колдонгондо таасири болбойт! Анын үстүнө, дарылар акчага келет, көбүнчө, чектелүү көлөмдө болот.
Айрым учурда, эгер дары сайылбаса мал ээси МСКК эч нерсе билбейт экен деп ойлоп, анын коомдогу баркын кетирет. Ушундай учурларда МСКК мал ээлерине колдон келишинче түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп, ошол маалда жагдайга карата эң туура кабыл алынган чечим болгонун айтуусу керек. Кээде оңой чечим болбойт.
МСККлөр жергиликтүү мал ээлеринин билимин, малдарга мамилесин жана иш-жүзүндө эмне жасай алаарын билүү үчүн МСККнүн коомдук чогулуштарына катышып турганга аракет кылышы керек болот. Коом менен жакшы мамиле куруу, сурамжылоо, байкоо жана угуу аркылуу, МСКК эң көп кездешкен ылаңдарды билип жана аларды эл кандай түшүнөөрүн, кантип дарыларын билип алышы зарыл. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө коомдун катышуусу жана элдин ишенимине кирүү үчүн, жолугушууларга кеткен убакыттар ошого арзыйт. Ишенимге киргенден кийин, МСКК мал ээлерине ылаңдарды дарылоонун, көзөмөлдөөнүн жана алдын алуунун маанилүү түшүнүктөрүн үйрөтө алат (дары саюуну да!!).

Иш натыйжалуу болуусу үчүн МСКК коом менен жакшы мамиледе болуусу керек.