Ылаңдап жаткан малга жакшылап кам көрүү

4.4 Ылаңдап ЖАТКАН МАЛГА жакшылап кам көрүү Диагнозуна жана дарылоо түрүнө карабастан, ылаңдап жаткан бардык мал үчүн жасала турган нерселер бар. Муну "кам көрүү" деп аташат. Дарылоо менен катар эле жакшы кам көрүлгөндө, дээрлик бардык мал тез жана толук айыгат.

жакшы кам көрүүгө:

- жакшы тоют - жетиштүү таза суу - жакшы баш калкалоочу жай - коргоо кирет Ылаңдаган малга жогорку сапаттагы тоют жана суу берүү керек. Ылаңдаган мал дайыма таза, кургак, көлөкө жана корголгон шартта багылышы зарыл. Аларды эч качан күнгө, шамалга же чылага калтырбоо шарт. Ылаңдабаган башка мал кол салып, жаракат келтирбеши үчүн алардан коргогула.

Image undefined

Ылаңдаган мал жакшы кам көрүүгө муктаж: Аларды жакшы тоют, таза суу, жана жакшы баш калкалоочу жай менен камсыздоо керек.

Малдын дене табы көтөрүлүп жатса, дароо дарылоо керек. Болбосо, дене табы өтө жогорулап, мал өлүп калышы же бала салышы мүмкүн.

Кылдат текшерип, дене табынын себебин аныктагыла. Андан соң, мүмкүн болушунча, ошол себепке каршы, колдон келишинче туура дарылоо керек.

Дене табын түшүрүү үчүн муздак сууну куйгула.Муздак сууну ысып жаткан малга куюп жиберсе, бул анын эс алышына жардам берет.
Малды көлөкөдө кармагыла.
Ичкенге муздак суу бергиле. Сууну оозуна такап же куюп ичиргенге аракет кылгыла.
Дене табы жогору болуп жаткан мал суу ичсе өлүп калат деп ишенгендер бар. Бул туура эмес!

Эне чочко туут маалында өзүнүн дене табын башкара албайт, ысык аба ырайында анын дене табы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондой учурда муздак сууну үстүнө куюп жиберүү керек. Эгерде ал дагы жардам бербесе, муздак суу менен клизма кылуу керек. Бул аны өлүмдөн сактап калат. Учу курч эмес түтүктү, түз ичеги аркылуу акырын киргизип, муздак сууну куйгула. Эгерде муздак суу болбосо, жеткиликтүү эң муздак булактын же кудуктун суусун колдонгула. Төмөндөгү дарылар да дене табын түшүрөт:

АСПИРИН: Мал үчүн аспирин табылса көрсөтмө боюнча колдонгула. Жок болсо, адамдар иччү аспирин деле жарайт. Таблеткаларды жанчып, сууга аралыштырып оозуна куйгула. Кепшөөчүлөр же жылкыларга ийнеси жок шприц менен оозунун арт жагына куйганга оңой болот. Же мойну ичке бөтөлкөгө дарыны куюп, малдын тиши жок жагынан бөтөлкөнү салып, малдын башын көтөрүп куюп жибергиле. Чочколорго мындай кылбагыла, анткени алар шприцти, бөтөлкөнү же өзүңөрдү да тиштеп алышы мүмкүн. Мышыктарга аспирин колдонбогула, анткени алар ууланып калат. Дозалар тууралуу маалымат китептин аяк жагында көрсөтүлгөн.

ДИПИРОН 50%: Муну “ноин” деп да коюшат. Аны венага, булчуңга же теринин астына сайса болот. 1мл /50 кг тирүү салмакка ар бир 8 саат сайын табы түшкөнгө чейин колдонгула.

ФЛУНИКСИН МЕГЛУМИН: Банаминдин бренд аталышы. Аны венага же булчуңга сайса болот. 1 мл/50 кг салмакка, бир күндө бир жолу, табы кайтканга чейин колдонсо болот. Ошондой эле ооз аркылуу берилүүчү пастасы жана майдасы да бар. Бул дары кымбат, бирок өтө натыйжалуу.