Дем алуу тутуму

12.0 ДЕМ АЛУУ ТУТУМУ

Киришүү Мал дем алганда анын оозуна жана мурдуна аба кирет. Кычкылтек жашоо үчүн абдан маанилүү болгон абанын курамындагы газдын бир түрү. Организм тоюттун курамындагы азыктан кубат алат, бирок бул процесс кычкылтектин катышуусусуз мүмкүн эмес.

Дем алуу тутуму мурундан өпкөгө өтүүнү камсыздайт, ал аркылуу кычкылтек жана башка газдар денеге кирет. Кычкылтек өпкөгө жеткенден кийин ал кызыл кан клеткаларынын (эритроциттер) ичинде жүрөт. Кызыл кан клеткалары кычкылтекти дененин бардык бөлүктөрүнө ташыйт, алар кычкылтекти көмүр кычкыл газын (“калдык” газдар) өндүрүү үчүн колдонушат. Андан тышкары, “таштанды” газдар эритроциттер тарабынан кайра өпкөгө ташылат. Мал дем чыгарганда денеден “таштанды” газдар чыгарылат.

Дем алуу тутумунун функциясы:

-организмди таза аба (кычкылтек) менен камсыз кылат;

- организмден иштелген абаны (көмүр кычкыл газын) чыгарат.

Ысык мезгилде организм дем алуу органдарынын жардамы менен муздайт. Жада калса мал, мисалы, иштеген бука же чочко да көп тердебейт, анткени денеден жылуу абаны чыгарууда өзүн муздатууга мүмкүн болот. Ошондуктан аба ырайы ысык болгондо же дене табы көтөрүлгөндө мал тезирээк дем алат же оозун ачып дем ала баштайт. Дем алуу тутумунун кайсы гана бөлүгү болбосун, мурундан өпкөгө чейин ар кандай ылаңдарга чалдыгышы мүмкүн. Бул бөлүмдө малдын дем алуу органдарынын эң кеңири тараган ылаңдары айтылат.

Дем алуу органдарынын жалпы ылаңдары:

-тамак инфекциялары;

- өпкө инфекциялары;

- өнөкөт өпкө ылаңы;

- уулануу;

-аллергиялык реакциялар.

Белгилери:

- бат-бат дем алуу - дем алуунун оорлошу - ооз менен мурундан суу агышы - жөтөлүү жана чүчкүрүү - тамактын шишиши - ашказандын шишүүсү - ысытма I. Аралыктан малды байкасаң, ылаңдабаган мал кыйналбай дем алат. Бирок төмөндөгү белгилер болсо, анда малда дем алуу органдарынын ылаңдары болушу мүмкүн.

1. Бат-бат дем алуу (ысыктан, оорудан же корккондон)

2. Дем алуунун оорлошу Таноонун кеңейүүсү Акактап дем алуу Моюнду алдыга созуп дем алуу Чочуп секирип же дем алганда, кабырга булчуңдун ашыкча кыймылдашы.

Image undefined

Малдын кабыргаларынын үстүнөн кеткен булчуңдар (дем алуу органдарынын өнөкөт көйгөйлөрүнө байланыштуу).

Image undefined
Image undefined

кабыргасын бойлой сызык кеткен жылкы 3. мурун менен көздөн суу агуу.

4. Жөтөлүү жана чүчкүрүү.

5. Ичтин көбүүсү – малдын көп түрү (өзгөчө уй жана буйвол) дем алуусу оорлошкондо ичи бир аз көөп калат. Бул ашказандын ооруганынан эмес, тез-тез дем алганда аба өпкөгө эле эмес, ашказанга дагы кирет. Ошонун айынан көп фермерлер чыныгы оорунун себеби өпкөдө же тамакта болгонун билбестен малдын ичи көөп атат деп арызданышат.

6. тамактын шишүүсү.

малды жанынан, аябай көңүл коюп карап, ысытмасын да текшерүү керек.