Ичеги ылаңдары
11. 5. Ичеги ылаңдары Кепшөөчү жана кепшебеген малдын ичеги-карын ылаңдарын чогуу кароого болот.
Бодо малдын ич ылаңдарынын себептери:
- мителер - кир тоют жана суу;
- рационду кескин өзгөртүү.
Диарея көптөгөн себептердин негизинде келип чыккан комплекстүү көйгөй. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө малдын ич өткөк ылаңдарынын эң көп таралган себеби ички мителер. Мите курттар боорго, ошондой эле, ашказандын жана ичегилердин былжыр челине зыян келтириши мүмкүн.
Ич өткөктөн келип чыккан ылаңдар:
курч ич өткөк ->суунун жетишсиздиги;
өнөкөт ич өткөк ->жетишсиз тоюттануу.
Ич өткөктүн негизги коркунучу организмде суунун жетишсиздигин пайда кылуу болуп эсептелет. Өнөкөт ич өткөк негизинен туура эмес тоюттануудан пайда болот. Денеден ашыкча суу чыгарылып, дененин клеткалары жакшы иштебей, кан жакшы айланбай калганда дегидратация пайда болот. Катуу ич өткөк менен ылаңдаган ар бир малдын (анын ичинде адамдарда) суюктуктун жетишсиздигин текшерип, суюктуктарды көп берүү керек, 55-бетти карагыла. Өнөкөт ич өткөк менен ылаңдаган мал таза суу менен камсыз болушу керек.
Ич өткөктү дарылоо (Жалпы дарылоо)
1. Дарылоодо маанилүү ыкма суюктук менен камсыз кылуу болуп саналат. Көптөгөн малга жетиштүү суу берүү менен гана жардам берсе болот.
2. Мителерге каршы дары.
3. Каолин же ушул сыяктуу дарылар ич өткөктү басаңдатат.
4. Антибиотиктер (эгерде малдын дене табы да жогоруласа).
Курч ич өткөк Жалпы маалымат: Малдын ич өткөк ылаңынын себептери:

- тоют рационду капыстан өзгөртүү;
- жемдеги же суудагы бактериялар жана вирустар;
- жакшы сиңбеген тоюттарды берүү;
- уулуу же коркунучтуу өсүмдүктөр менен тоюттандыруу;
- кээ бир мите курттар(коксидиоз);
- сүттү, күчтүү тоюттарды же уузду ашыкча ичкенден (чанда болот);
-көбүнчө энелери жайытка кетип, күндүзү үйдө калтырылган жаш улактар жана козулар (себеби, алар суусап, ачка болгондо кир суу ичишет же эскирген тоюттарды жешет);
- чочко бузулган жемди жегенден кийин ичи өтүшү мүмкүн.
Белгилери: Малдын ичи өтүп, дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Кээде (бирок дайыма эмес) диарея кан аралаш болот. Мал ылаңдап, тоюттан баш тартышы мүмкүн.
Диагнозу: МСКК диарея тоюттун өзгөрүшүнө байланыштуубу же инфекциялык диареябы, аныкташы керек. Бул анамнезге негизделет (жеген тоютуна):
Дене табы көтөрүлгөнбү же малда ылаңдын белгилери барбы.
Эгерде мал ылаңдап, дене табы көтөрүлсө, ич өткөккө бактериялар же вирустар себепкер болушу мүмкүн. Өзгөчө жаңы туулган же өтө жаш мал (мисалы, торопойлор, музоолор, козулар, улактар, кулундар) ич өткөктөн улам үшүп, шалдырап калат, мунун себеби көбүнчө бактерия же вирус (же экөө тең) болот.
Эгерде малдын тезегинде кандын калдыктары бар болсо, анда ылаңдын себеби – кокцидиоз болушу толук мүмкүн. Бул айрыкча жаш бодо малга, жаш кой-эчкиге, тоок жана коёнго тиешелүү, 297-бетти карагыла.
Эгерде мал ылаңдап, бирок дене табы көтөрүлбөсө, ич өткөк тоюттануу режимин өзгөртүүдөн же аш болумдуу тоюттарды ашыкча жегенден келип чыгат.
Дарылоо:
Суюктук (105-бетти карагыла). Суюктукту ичирүү менен эң оор абалда калган жаш малды да сактап калса болот. Мал кайрадан нормалдуу заара кыла баштаганга чейин, сууну тез-тез жана аз өлчөмдө берүү жакшы.
Каолин жана ушул сыяктуу дарылар ич өтүүнү токтотууга жардам берет.
Антибиотиктер. Бир эле учурда дене табы жогору жана ич өткөк болгон малга антибиотиктерди колдонуу керек. Сульфамидин натыйжалуу, арзан жана жеткиликтүү дары болуп саналат (ошондой эле кокцидиоз менен күрөшүүгө жардам берет.)
Абайлагыла! Малга антибиотиктерди оозу аркылуу ичиргенде ашказандагы пайдалуу микроорганизмдер өлүп, тоют сиңирүүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан антибиотиктерди кепшөөчү малдын ичи катуу ооруп, дене табы көтөрүлгөндө гана берүү керек. 189-бетти карагыла.
Кокцидиозго каршы дарылар. 298-бетти карагыла.
Көзөмөлдөө чаралары / Алдын алуу: Эң негизгиси – санитардык шарттардын сакталышы. Мал ичүүчү таза суу менен камсыз болушу керек. Тоют да таза болушу шарт, жерден тоюттандырууга болбойт.

Өнөкөт ич өткөктүк Жалпы маалымат: Өнөкөт ич өткөктүн эң кеңири тараган себеби - мите курттардан болгон инфекция.
Белгилери: Малдын ич өткөнү байкалат, мындай абал узакка чейин созулуусу да мүмкүн. Айрым учурда ич өтүү күн сайын болсо, кээде эпизоддук абал болуп калат.
Диагнозу: Дартын аныктоо иштери, адатта, белгилерине жана анамнезге негизделет. Анамнезди алууда малдын мителерге каршы акыркы жолу качан жана канча убакыт аралыгында дарыланып турганын текшерүү керек. Ошондой эле ич өткөктүн канча убакытка созулгандыгын сурагыла. Эгерде ич өткөк бир нече айга созулса, балким, ички органдарга олуттуу зыян келтирилгендир. Бул учурда мал айыгып кетпейт, эч кандай дарылоо жардам бербейт. Бул жөнүндө малдын ээсине эскертип, эмне үчүн эртерээк кайрылбаганын сурап билүү зарыл (башка малды тез арада мите курттардан дарылоо зарыл экенин скерткиле).
Дарылоо: Суу эң маанилүү дары болуп саналат. Дарылоо бул аймакта эң көп кездешкен мите курттардын өзгөчө түрүнө, малдын түрүнө жана жашына жараша болот. Зыянкечтерге каршы күрөшүү боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн 9-бөлүмдү карагыла.
Көзөмөлдөө чаралары/Алдын алуу: Ички мите курттар боюнча бөлүмдү карагыла. Эң негизгисин эстен чыгарбоо керек: Дарылоодон көрө алдын алуу жакшы.
Кан аралаш ич өтүү/ Дизентерия Аныктама боюнча кан аралаш ич өткөк дизентерия деп аталат.
Өнөкөт дизентериянын козгочулары (патогенези) көбүнчө мителер болот.
Белгилери жана диагнозу: Ылаңдын анамнезинен мал кан аралашкан өнөкөт ич өткөк менен ооруганын илүүгө болот. Көпчүлүк учурда мите курттарга каршы дарылоо иштери жүргүзүлбөгөндөн дизентерия болот.
Дарылоо: Малды жашына жана багуу шартына жараша жалпы белгилүү мителерге каршы дарылоо керек.
Курч дизентериянын себептери төмөнкүлөр:
- мителер (айрыкча кокцидиялар);
- бактериялар жана вирустар (бузулган тоют);
- уулар же уулуу өсүмдүктөр.
Белгилери: Малдын ичи өтүп, кан да аралаш чыгат. Дене табы көтөрүлөт, мал алсыз болуп, титирейт жана тоюттан баш тартат. Ичи өтүп, ичегиге окшош кара кан чыкса, анда бул өтө олуттуу.
Диагнозу: Диагноз ылаңдын белгилерине жана кылдаттык менен топтолгон анамнезге негизделет. Малдын кандайдыр бир уу же уулуу өсүмдүк жегендигин аныктагыла. Ошондой эле дене табын, тезегин текшергиле.
Дарылоо: Антибиотиктер колдонулган оор түрүн кошпогондо, курч ич өткөктүн башка түрлөрүн дарылоого окшош. Жаш мал жабыркаса, кокцидиозго каршы дарыларды колдонууну унутпагыла. Ошондой эле суюктук жана каолин бергиле.
Көзөмөлдөө чаралары/Алдын алуу: Тазалык маанилүү! Чабандар жаан-чачындуу мезгилде өзгөчө сак болушу керек. Малдын саламаттыгына көңүл буруп, зыяндуу өсүмдүктөр болгон жерлерге малды жайбоо керек.
Кызыл же кара түстөгү тезек тоют сиңирүү тутумунда кан агууну көрсөтүп турат. Мунун көптөгөн себептери бар, анын ичинде уулуу заттар жана күчтүү тоюттар. Ич өткөк кан менен коштолсо, малдын абалы эң оор деп эсептелет.
Малдын кан аралаш тезеги кара түстө болсо, шказанда же ичке ичегинин башында кан агып жаткан болот. Эгерде тезек кызыл түстө болсо, анда кан кеткен жер түз ичегиге жакыныраак, балким жоон ичегиде болот.
Эгерде ашказандын же ичегилердин керегесинде жараат болсо, ал ашказан жарасы деп аталат. Жаралардан кан кетиши мүмкүн. Мите курттар жараат келтириши мүмкүн, бирок анда, адатта, ич өткөк болот.
Белгилери/диагнозу: Малдын тезегинде кандын болушу.
Дарылоо: Малга сиңирүүдө оорчулук жаратпаган, жеңил сиңүүчү тоюттарды (мисалы, жумшак көк чөп) бергиле.
Көзөмөлдөө чаралары/Алдын алуу: Бардык малды өз убагында мите курттарга каршы дарылап туруу керек.
Энтеротоксемия/6 айлык ылаң Энтеротоксемия – Clostridium perfringens (Clostridium enteritis) бактериясы пайда кылган жугуштуу ылаң. Көбүнчө кой, эчки, чочко жана жылкылар жабыркайт. Жаш мал эң көп жабыркайт. Бул бактериялар жер кыртышында, кыкта жана кепшөөчү малдын ичеги-карынында жашап, адатта, көйгөй жаратпаган токсиндерди (ууларды) чыгарышат. Бирок мал аш болумдуу тоютту көп жегенде (сүттө, бай жайыттарда же ар кандай дан эгиндеринде), бактериялар тез көбөйүп, көп токсин чыгара баштайт. Токсиндер канга кирип, мал катуу ылаңдап калат.
Белгилери: Көбүнчө белгилери пайда боло электе эле мал өлөт. Кээде тез дем алуу, булчуңдардын тырышып жыйрылышы, ошондой эле дене табынын көтөрүлүшү, ич өтүү (кээде кандуу) же шишик пайда болот. Өлүм абдан тез келиши мүмкүн. Өлгөн малды союп кароодо ичегилердин кээ бир жерлеринде кызарган суюктук толуп калганын көрүүгө болот. Бөйрөк жумшарып, чирип калышы мүмкүн.
Диагноз: Диагноз, адатта, оорунун белгилерине жана анамнезге негизделет. Кээ бир өлкөлөрдө диагнозду тактоо үчүн атайын лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Көбүнчө жем көп жегенден болгонун катталган жазуулардан көрсө болот. Күчтүү тоют берилген асыл тукум малдарда бул көйгөй көп кездешет. Чочколор туулгандан кийин алгачкы жумаларында ылаңдап калышат. 2–10 айлык жаш козулар да, айрыкча көк чөп чыга баштаган мезгилде ылаңга чалдыгат. Ушундан улам “6 айлык ылаң” деп аталып калган, анткени ал жылына эки жолу кайталанат.
Дарылоо /Көзөмөлдөө / чаралары: Ылаңдаган малды дарылоо кыйын. Көп учурда кандай чара колдонсоң да мал өлөт. Чочколорго 1 мл пенициллинди күнүнө 1 жолу 3 күн ичиришет. Ылаңдын жеңил түрү бар малды дарылоодо магний сульфаты жана ашказан стимулятору жетиштүү. Эмдөө жеткиликтүү болбосо, көзөмөлдөө кыйын. Көп өлкөлөрдө бооз малды (айрыкча эчкилерди) жана 1 айлык малды эмдөө жеткиликтүү. Эмдөө көбүнчө эки жолу кайталанат (вакцинанын сыртындагы жоболорду аткаргыла).Эчкилер көп сүт өндүрүү үчүн берилген рацион менен тоюттандырганда, алардын улактары бул ылаңга көбүрөөк кабылышы мүмкүн.
Ири мүйүздү малдын чумасы Бул өтө жугуштуу вирус козгогон ылаң. Бул дүйнөдөгү эң коркунучтуу ылаңдардын бири болуп саналат, анткени өлүмдүн деңгээли жогору. Көбүнчө бодо малдарды, буйволдорду, чочколорду жана башка туяктуу жаныбарларды жабыркатат. Кээ бир өлкөлөрдө көп жылдар бою ылаң эмдөө менен көзөмөлдөнүп келген. Бирок эмдөө токтотулгандан кийин ылаң кайра кайталанган.
Вирус ылаңдаган малдын тезеги, шилекейи жана байланыш аркылуу жайылып кетет. Ылаң бир нече дене тутумдарына, анын ичинен негизинен тоют сиңирүү тутумуна таасир этет.
Белгилери: Ылаңдагандан кийин 3-15 күндүн ичинде пайда боло баштайт (б.а. инкубациялык мезгил 3-15 күн). Белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, көз жана мурундан суюктуктун агып чыгуусу, тоютка табиттин жоктугу, андан кийин ич өтүү, суусуздануу, дем алуунун кыйындашы кирет жана көп учурда өлүм менен аяктайт. Эриндерде, мурунда, ооздо жана тилде майда кызыл жаралар пайда болуп, алар инфекцияга чалдыгышы мүмкүн (жана жагымсыз жыт алып келет).

Диагнозу:
Өлгөн малды союп караганда карын кызарып, бетинде көптөгөн жарааттар (жаралар) бар экенин көрөбүз. Ошондой эле жаралар, жагымсыз жыт ооз көңдөйүндө, кызыл өңгөчтө жана кындын ичинде болушу мүмкүн. Боор менен көк боордун шишиги кездешет.
Дарылоо/Көзөмөлдөө/чаралары: Ылаңдаган малды дарылоо мүмкүн эмес. Дээрлик баардык ылаңдуу мал өлөт. Эгерде мал айыгып кетсе, анда өмүр бою иммунитет пайда болот. Ылаң катталган аймактарда 6 айлык жаш малды дайыма эмдөө керек. Вакцина өмүр бою иммунитетти калыптандырууга жардам берет. Эмдөө жасалбаган аймактарда малдын антителолору энеден музоого ууз сүтү аркылуу өтпөйт. Андыктан мындай жаш малды 6 айга чейин башка малдар менен бирге эмдөө керек.
Күйдүргү Күйдүргү (Сибирь жарасы) – дээрлик бардык сүт эмүүчүлөр ылаңдаган курч жугуштуу ылаң. Козгогучу – Bacillus anthracis бактериясы. Инфекциянын натыйжасында көбүнчө бодо малдар, буйволдор, кой-эчкилер өлөт. Ал эми чочко жана жылкылар ылаңдап, бирок көпчүлүк учурда өлбөйт. Малдын инфекциясы топурак аркылуу, кан же сөөк (мисалы, кан уну) сыяктуу ылаңдаган малдан алынган азыктар аркылуу жугат. Ылаңдаган малдын каны топуракка түшөөрү менен топурак Сибирь жарасынын бактерияларынын споралары менен булганып, анда жылдар бою жашай алат. Сибирь жарасы коомдук саламаттыкты сактоонун көйгөйлүү маселелеринин бири болуп саналат. Ал ылаңдаган малдын эти, каны же жүнү аркылуу адамга оңой эле жугат. 95-бетти карагыла.
Белгилери: Кээде мал ушунчалык тез өлүмгө дуушар болуп, белгилери көрүнбөйт. Бирок өлгөн малдын мурдунан, оозунан же түз ичегисинен кара кан агып чыгышы мүмкүн. Эгерде жаныбар өлө элек болсо, анда дене табы көтөрүлүп, дем алуусу оорлоп, тамагы шишип, оозунан же тамагынын тегерегинен кара кан чыгышы мүмкүн. Чочколордун кекиртеги эч кандай себепсиз шишип, андан кийин алар сакайып кетишсе, Сибирь жарасына шектенүү керек. Сибирь жарасын пастреллездон айырмалоо кээде кыйын.

Сибирь жарасы уйларда мурдунан кан агуу жана кан аралаш ич өтүү менен коштолот Диагноз: Белгилерине негизделип коюлат. Ошондой эле жука кандын мазогун алып мазокту бир нече тамчы жаңы көк метилен менен боёп, жакшы микроскоптун астында карагыла (микроскоптун жарыгы жакшы болушу керек). Ошондо МСКК капсулалар менен Bacillus бактерияларын көрө алат.
Эскертүү! Кан сыртка чыккандан кийин Сибирь жарасынын споралары өрчүйт. Бул споралар менен адам дем алса, өпкөсүндө Сибирь жарасы пайда болушу мүмкүн. Ылаңдаган малдын этин же канын кармаган адамдар да Сибирь жарасын жугузуп алуусу ыктымал. Эгерде малдан Сибирь жарасын шектенсеңер, анда малды сойбогула, анткени жерди түбөлүккө булгап, өзүңөргө да жуктуруп алуу коркунучу бар.
Дарылоо: Эгерде малдын дем алуусу кыйын болуп жатса, пневмония сыяктуу тетрациклинди колдонгула. Кекиртеги шишиген чочкону тетрациклин же пенициллин менен дарылоо керек.
Алдын алуу: Көптөгөн өлкөлөрдө вакциналар жеткиликтүү. Вакцинаны кантип туура сактоо жана колдонуу боюнча нускамаларды жакшылап окуу керек.
Эскертүү! Сибирь жарасы жайылып жатканда эмдөө жүргүзүү МСКК үчүн коопту. Эмдөө учурунда ылаңдын инкубациялык мезгилиндеги мал баары бирылаңдап өлүшү мүмкүн. Ошондо малдын ээси, малы эмдөөдөн өлдү деп ишенип, төлөп берүүнү талап кылышы мүмкүн. Ошондуктан малды ылаң болбогон учурларда эмдөөгө аракет кылгыла. Бирок кээ бир фермерлер эпидемия чыккандан кийин эмдөөгө шашылып калышат.
Чочко ылаңы Бул ылаң чочколордун вирустук ылаңы, аны Чочко Холерасы деп да аташат. Бул өтө коркунучтуу, өтө жугуштуу ылаң. Бул ылаң бүт денени жабыркатат, ич өткөктүн себеби да болгондуктан, бул бөлүмдө каралат.
Белгилери: Дене табынын жогорулашы менен башталат, андан кийин ич өтүү жана алсыздык менен коштолот. Чочколордун көзүнөн жана мурдунан кан аыгышы мүмкүн; арткы буттары алсыз болуп калат. Ылаңдаган чочколордун көбү бир жуманын ичинде өлөт, бирок айрымдары айыгып кетиши мүмкүн.

Ылаңдаган ургаачы чочко (дене табынын жогорулашынан улам оозун ачып дем алууда).
Диагнозу: Алдын ала диагноз анамнезге жана белгилерине негизделет жана өлгөндөн кийинки алынган үлгүлөрдүн экспертизалык жыйынтыгы менен тастыкталат. Өлгөндөн кийинки текшерүүдө жоон жана ичке ичегилердин кошулган жеринде майда жаралар табылат. Адатта,,ылаңдын анамнези аймакта чочколордун көбү барган сайын катуу ылаңдап жатканын көрсөтүп турат.
Дарылоо: Жок.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө чаралары: Вакцинанын бар-жогун ветеринарлардан же Айыл чарба министрлигинен тактагыла. Көпчүлүк өлкөлөрдө бул ылаң дароо райондук ветеринария кызматына билдирилет. Бардык ылаңдаган чочколорду катаал изоляцияга алуу зарыл. Сырттан келген адамдар аларга жакындабашы керек, анткени бул ылаң тамак-аш, кийим-кече, ал тургай канаттуулардан да жугушу мүмкүн.
Боор ылаңы Боор ылаңы олуттуу ылаң, анткени ал көбүнчө башка ылаңдар менен бирге пайда болот. Бирок аны тоют сиңирүү жолунун бир бөлүгү катары кароого болот.
Белгилери: Боордун курч ылаңынан жапа чеккен мал катуу ооруп, тоюттанбай калат. Бул ылаң малга же жылкыга караганда адамдарда жана иттерде көп кездешет. Малдын боор ылаңы, адатта, өнөкөт болуп жыйынтыгы боордун туруктуу жабыркоосуна алып келиши мүмкүн. Боордун өнөкөт ылаңынын жалпы себептери боор фасциоласы, жетиле элекчоң жумуртка курттар же уулу чөп болот. Боор ылаңы менен ылаңдаган малдын тамагы шишип калышы да мүмкүн.
Диагнозу: Боор ылаңы бар мал сарык" да болуп, көздүн агы жана тиштин бүйлөлөрү сары тартып калат. Ич өтүшү да мүмкүн. Өлгөн малдын боору катуу болуп, оңой эле майда бөлүктөргө бөлүнөт.
Дарылоо: Боордун жабыркоосун калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бирок жабыркоо канчалык зыян кылганын билүү кыйын. МСКК малдын фасциолозун (ошол аймкта көп кездешсе) жана башка мите ылаңдарын дарылашы керек. Фасциолозду дарылоо үчүн колдонулган кээ бир дарылар боорго таасир этиши мүмкүн (айрыкча хлортетрациклин). Силердин аймакта фасциолозго каршы кандай дары-дармектер бар экенин билип, боорго таасир бербегендерин колдонгула.
Көзөмөлдөө чаралары/алдын алуу: Мите курттарга каршы дарылоону үзгүлтүксүз жүргүзүп тургула.
Дене тутумдары жана аларда кездешүүчү ылаңдар