Теридеги мителер

8.0 ТЕРИДЕГИ МИТЕЛЕР

Теринин сыртында же ичинде кезиккен мителерди “эктомителер” же “сырткы” мителер деп аташат. Чымындар, чымындын курттары жана биттер курт-кумурскалар деп аталат, алар чоңойгондо алты буттуу болушат. Кенелер жана котур кенелери, арахноиддер деп аталат жана чоңойгондо сегиз буттуу болушат. Кымындай өсүмдүк сымал микро организм болгон, жумуру курттарды пайда кылган эктомителер фунги деп аталат. Көпчүлүк эктомителер көзгө көрүнөт. Бирок кээ бир фунгилер, кичинекей котур кенелер сыяктууларды микроскоп менен гана көрүүгө болот.

Теринин сыртындагы маанилүү мителерге кенелер, биттер, чымындар жана бүргөлөр кирет. Теринин ичиндеги мителерге фунги, кене, курттардын түрлөрү кирет.

Үй жаныбарларынын коркунучтуу ооруларынын көбү кенелер аркылуу тарайт. Ошондуктан кенелер боюнча тема биринчи жазылган. Бул бөлүмдө кенелерди жок кылуу үчүн химикаттарды кандай колдонуу керектиги камтылат. Кенелерди көзөмөлдө кармоо принциптерин башка мителерди көзөмөлдөө үчүн да колдонсо болот.