Малды тоюттандыруу боюнча сунуштар жана пикирлер

7.3 Малды тоюттандыруу боюнча сунуштар жана пикирлер 1. Тең салмактуу тоюттарда углеводдор жана белоктордун булактары болот.

2. Жогорку сапаттагы тоюттар бооз жана сүт эмизип жаткан, ошондой эле өсүп жаткан мал үчүн сакталуусу керек. Бул малдын күнүмдүк тоютунда өзгөчө белок көбүрөөк болуусу шарт.

3. Бордолуп жаткан малга, жумушка чегилбеген чоң өгүз менен буйволго, ошондой эле саалбаган же тууганы калган бооз малга, анча сапатуу эмес тоют берилсе, чоң көйгөй жаралбайт.

4. Малдын тоютун кескин өзгөртпөгүлө. Мисалы, саман же чөп жеп жүргөн малды көк чөпкө дароо өткөрүп жиберсе, ичи өтүп же көөп кетет.

5. Бардык малга, жайытта жүргөн малга да таза суу керек. Тоюттун алдында суу берүү, ичтин көөп кетүүсүн алдын ала алат.

6. Жетиштүү суу, энергия жана белок кабыл алып жаткан малга минералдар жана витаминдердин таасири эң жакшы болот. Малды жакшы тоюттандырбаса, антибиотиктер, ошондой эле витамин же минералдарды саюу, алардын саламаттыгын жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртпайт. Андан көрө, кубаттуу жана белогу жетиштүү тоюттарды берүү натыйжалуураак болот, ал эми витаминдер менен минералдарды ооз аркылуу бергенге аракет кылгыла.

7. Өзгөчө сүттөн чыгып жаткан жаш малдын тоютунда көбүрөөк белок болуусу керек. Соянын кунжарасы же белокко бай чөптөрдү берүү керек.

Image undefined
Image undefined
Image undefined