26.1 Пестициддерди чачуу Суюк пестицидди майда спрей же туман кылып чачыратуу үчүн атайын жабдык колдонулат.
Артыкчылыктары: Жылкылар үчүн көбүрөөк сунушталат, анткени алар чөмүлтүү ыкмасында көп жаракат алышат. Чачыратуу сууга чөмүлтүүгө караганда жеңил, баалуу малдарга, бооз уйларга, чоң желиндүү уйларга жана алсыз малга сунушталат. Керектеле турган жабдуулардын баасы чөмүлтүү ваннага караганда арзаныраак болгондуктан, азыраак көлөмдөгү пестициддер колдонулгандыктан, аз сандагы малды дарылоодо чачуу ыкмасы кыйла үнөмдүү болот.

Кемчиликтери: Чачыратуу ар бир малга убакытты талап кылгандыктан, аны көп мал үйүрлөрүнө колдонуу кыйын. Мындан тышкары, чачуу иш чарасында малдын айрым жерлерине дары тийбей калуусу мүмкүн. Бодо мал менен жылкыны толук ным кылуу үчүн болжол менен он литр дарыны чачуу керек болот.