Тоют

7.0 Тоют 1. Түрдүү мал түрдүү тоютту талап кылат; бир эле мал жашына жараша ар башка тоюттарды талап кылат.

Мисалы: Жетилип келе жаткан музоо, сүт берип жаткан уй жана чоң бука үч башка тоютту талап кылат.

2. Ар башка тоют малды ар түрдүү заттар менен камсыз кылат. Тоюттар маанилүү азыктарды камсыз кылганына жараша ар түрдүү топторго бөлүнөт.

3. Малдын саламаттыгы жана кунардуулугу жакшы болушу үчүн ар кандай тоюттардын түрүнөн жетиштүү өлчөмдөгү заттар керек болот.

Тоюттун жалгыз түрү денеге керектүү бардык заттар менен камсыз кыла албайт.

Эрежеге баш ийбеген бир учур бар, ал - жаңы туулган мал өзүнө керектүү бардык азыктарды энесинин сүтүнөн ала алат.

Кайталоо: Азык - бул тоют камсыз кылган зат. Тоют - мал жеген бардык заттардын аралашмасы.

Азык жөнүндө кененирээк маалымат Азыктын беш түрү бар, алардын ар бири малдын денесинде өзүнчө кызмат аткарат. Эгерде денеде кайсыл бир азык жетишсиз болсо, бул азыктын жетишсиздиги деп аталат.

1. Белок: Денени өстүрүүчү тоюттар Белок денени өстүрүү жана сүт өндүрүү үчүн керектелет.

Тоютунда көбүрөөк белок керек болгон мал:

- сүт берип жаткан мал;

- бооз, ургаачы мал;

-жаш, өсүп келе жаткан, өзгөчө, сүттөн чыккан мал.

Image undefined

Курамы белок бар тоюттар:

- көк чөп, жумшак кезинде (өсүп, урук чачканга чейин);

- көк чөптөн жасалган сенажда;

- дан жана дандан чыккан кошумча тоюттар (жогорку сапаттагы күрүч кебеги);

- алкоголдук өндүрүмдөрдүн калдыгы, кошумча тоюттар.

Курамында белок жогору болгон тоюттар:

- сүт жана сүт азыктары;

- буурчактар, жасмык жана алардын азыктары (соянын уну);

- уруктун майлуу кунжарасы (горчица же рапстын данынын кунжарасы);

- атайын “буурчактуу” тоюттар (кара беде жана беде).

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Белоктун жетишсиздиги:

(жаш малда көп кездешет)

- ылаңдаган жаш мал арык жана көбүнчө курсагы, башы чоң жана буттары ичке болот;

- жай өсөт жана жүнү уйпаланган болот;

- саан уй мүмкүнчүлүгүнөн аз сүт берип калат же музоосу кичинекей, алсыз туулат.

Image undefined

Белоктун жетишсиздигин дарылоо Белокко бай тоют менен баккыла!

Белоктун жетишсиздигинин алдын алгыла Белоктун жетишсиздиги өнүккөнгө чейин эле жаш, сүт өндүргөн (эмизген малга) жана бооз малга белокко бай тоюттарды бергиле.

Эскертүү: Кымбат тоюттарды баалагыла! Белокко бай тоюттар кымбатыраак болот. Бул тоюттарды көбүрөөк керек болгон мал үчүн сактап койгула (мис. жаш, бооз жана сүт берип жаткан мал үчүн).

Углеводдор жана майлар: кубат берген тоюттар Кубат – күнүмдүк басып жүрүү жана чайноо сыяктуу кыймылдарга; ошондой эле иштегенге, өсүүгө, сүт берүүгө жана өзүн жылуу кармоого керек. Мал өзүнө керектүүдөн ашыкча кубаттуу тоют жесе, ашыкча кубат майга айланат.

Углеводдор көпчүлүк малдын жалпы тоюттунун чоң бөлүгүн, 75-80 % түзөт.

Image undefined

Өзгөчө кубат керек болгон мал:

- саан мал;

- өсүп жаткан мал;

- суук жерде турган мал;

- жумушка салынган мал

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

“Кубат” негизинен буларда кездешет:

- дан (буудай, улпак, жүгөрү жана арпа);

- күрүч жана күрүчтүн кебегинде;

- кургак жана жаңы мөмөлөрдө;

- картошкада;

- патока жана кант өнүмүнөн чыккан калдыктарда;

- малдын майынан калган азыктарда;

- алкоголь өндүрүшүнөн калган азыктарда;

- жер-жемиштер жана алардын калдыктарында;

- жумшак көк чөптө;

- көк кезинде чабылган чөптө. Эскертүү: Эски, кургак чөптө жана саманда кубаттуулук аз. Чөп жана саман сыяктуу катуу тоюттагы кубатты чөп жеген мал гана сиңире алат.

Алдын алуу: Жаш, бооз, суук жерде турган жана сүт берип жаткан малды арыктатпай, кубаттуу тоют бергиле.

Эскертүү: Торопойлорун эмизип жаткан маалда кошумча кубаттуу тоют жебеген эне чочко балдарын сүттөн чыгарганга чейин өтө арыктап кетет. Болбосо мындай чочколор торопойлорун сүттөн чыгаргандан кийин бир нече айга чейин кысыр калып калышы мүмкүн.

Image undefined
Image undefined

Кубаттуулук жетишпегендиктин белгилери - арык;

- сүт өндүрүмү аз;

- жумушка чегерилген мал алсыз болот.

Эскертүү: Кубат жана белоктун жетишсиздиги көбүнчө чогуу кездешет, андай учурда малдан эки жетишпестикти көрөбүз.

Image undefined

Кубаттын жетишсиздигин чечүүнүн жолу Кубаттуулугу жогору тоюттарды көбүрөөк берүү.

Минералдар Минералдар сөөктөрдүн жана тиштердин бекем болушу үчүн, организмдин жакшы иштөөсү жана сүт өндүрүү үчүн зарыл. Бир аз көлөмдөгү кадимки туз организмдин туура иштөөсү үчүн бардык малга керек.

Минералдарга өзгөчө муктаж болгон мал:

- жаш, өсүп жаткан жана эмизип жаткан мал;

- сүт берип жаткан ургаачы мал.

Image undefined
Image undefined

Минералдын булактары:

- сүт;

- туз;

- майдаланган сөөктөр, жумуртканын кабыгы, деңиз ракушкалары - патока;

- катуу тоюттар, топурак жана акиташ;

- үй жаныбарлары үчүн атайын даярдалган аралашмалар.

Белгилүү бир минералдар жетишпеген жерден өндүрүлгөн тоютту жеген мал башка булактардан минерал албаса, ошол минералдардын таңкыстыгы жаралат.

Мал бир эле булактан бир түр эле тоют жесе, же бир эле жерде жайылса таңкыстык жаралат.

Мисалы, сүт берип жаткан чочко дандардын калдыктарын эле жесе, кальций жетишсиз болот. Ал алсыз болуп, көбүнчө, арткы буттары алсырап, кийин такыр тура албай калат.

Минералдардын жетишсиздигинин белгилери:

- мал туздуу нерселердин баарын жалап жана чайнап калат;

- эски сөөктөрдү кемирип калат;

- жаш малдын кабыргаларында дөмпөктөр пайда болот же буттары кыйшайып калат;

- жаш, сүт эмизип жаткан чочко эч кандай ылаңдын белгиси жок эле өлүп калуусу мүмкүн (йоддун жетишсиздиги);

- чочколор ит сыяктуу отуруп, тура албай калуусу мүмкүн (кальцийдин жетишсиздиги);

- сүт берип жаткан уйлар, өзгөчө, өтө сүттүү уйлар ордунан тура албай калышат (кальцийдин жетишсиздиги);

- тукумсуздук.

Эскертүү: Бардык жаныбарларга туз керек, бирок ашыкча туз зыян алып келет. Малга эч качан тузду кыйнап бербегиле. Туздан уулануунун алдын алуу үчүн, дайыма таза суу жеткиликтүү болсун.

Минерал жетишсиздигин жоюу жана алдын алуу Жергиликтүү топуракта кайсыл минералдар жетиштүү эмес экендигин изилдегиле. Тропикалык топурактарда, көбүнчө, фосфор жетишпейт.

Оңой жеткиликтүү болгон минерал булактарын: майдаланган сөөктү, кабыктарды жана күлдү колдонгула. Буларды табуу оңой, баасы да кымбат эмес.

Ар түрдүү тоют бергиле же жер которуп жайгыла.

Малга туз бергиле, бирок суу да кенен болсун (өзгөчө чочколорго).

Негизинен, мал өзүнө керектүү гана көлөмдөгү тузду жейт.

Эгерде йоддун таңсыктыгы көйгөйү туулса, анда аз өлчөмдөгү йодду тузга аралаштырып койгула.

Ишеничтүү бирөө эле сунуштабаса, кымбат минерал аралашмаларына акча коротпогула. Сатуучулар минерал аралашмаларын зарылчылык жок учурларда деле сата беришет.

Image undefined

Витаминдер өзгөчө керек болгон мал - жаш, бооз жана сүт берип жаткан мал.

Витаминдердин таңсыктыгын дарылоо Мал жей албай эле калбаса, жаңы көк чөп эң арзан витамин болот.

Тажрыйбасы аз МСКК, адатта, ооруган малга зарыл болбогон витамин саят. Малдын ээси талап кылгандыктан улам да ушундай витамин саят.

Витамин жетишпегендиктин белгилериОрганизмге кайсы витамин жетишпей жатканына жана ылаңдаган малдын кайсы түрүнө витамин жетишпей жатканына жараша белгилери да ар башкача болот (311-бетти карагыла, ал жерде негизги витаминдердин таңсыктыгынын түрлөрү тизмектелген).

4. Витаминдер - коргоочу тоюттар Аз өлчөмдөгү витаминдер дененин өсүшү, тукумдоо жана дене туура иштеши үчүн керек. Витаминдер - ылаңдардан коргоо жана жарааттардын айыгуусу үчүн зарыл заттар.

Image undefined
Image undefined

Витаминдердин булагы:

- жаңы көк чөп;

- жаңы мөмөлөрдө жана жашылчаларда;

- белоктор аз көлөмдө камсыз кылат.

Суу – эң маанилүү азык Таза, жетиштүү көлөмдөгү суу дененин бардык функциялары үчүн маанилүү КӨБҮРӨӨК суу керек болгон мал:

Ылаңдаган, өзгөчө ичи өтүп же кусуп жаткан мал;

- сүт берип жаткан мал;

- жумушка чегерилген мал;

- ысык жана/же кургак климатта жашаган жаныбарлар үчүн.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Суунун булактары Бардык тоюттарда суу болот, өзгөчө жаңы көк чөптө. Кээ бир мал ошол көлөмдөгү суу менен жашап кетет, бирок ылаңдабай жана жакшы өндүрүм бериши үчүн бул жетишсиз.

Баардык малга бир күндө таза сууну, жок дегенде, төрт жолу берүү керек. Сууну бергенде, каалашынча иче алгандай убакыт берүү туура. Сууну түгөтүп койсо, кайра дагы алдына коюу керек.

Эң жакшысы, ар дайым таза суу малга жеткиликтүү болсун.

Image undefined

Суунун жетишсиздиги Суюктук жетишсиздигинин белгилери:

- суюктук аз болсо, малдын заарасы аз же түсү күңүрт болот;

- туз жеп, бирок суу жетишпей калган малда, өзгөчө чочколордо тузга уулануунун белгилери байкалат (невралогоиялык белгилер), керек болсо өлүп дагы калат.

Суунун, суюктуктун денеде өтө жетишсиздиги боюнча 49,191,267-беттерди карагыла

Image undefined

Туздан ууланган чочконун титиреп жана калчылдап жатканы (суу жетишпей калган).

Суунун жетишсиздигин жою Бир аз суу жетишсиз болсо, күн-түн бою таза суу менен камсыз кылгыла. Суу аябай жетишсиз болгондогу суусузданууну дарылоо боюнча, 268-269-беттерди карагыла.Байкагыла: Өтө ысып жаткан мал салкындамайынча суу ичпей коюшу мүмкүн. Малды тынч, салкын жерде эс алдыргыла, мүмкүн болсо, муздак сууну башынан ылдый куюп жибергиле. Андан кийин сууну кайра да берип көргүлө.

Image undefined
Image undefined