Жугуштуу ылаңдардын жайылуусун көзөмөлдөө
6.7 ЖУГУШТУУ ЫЛАҢДАРДЫН ЖАЙЫЛУУСУН көзөмөлдөө "Көзөмөл" - бул ылаң башталып, бирок андан ары жайылуусунун алдын алууга байланыштуу иш-чара. Өтө жугуштуу ылаңдар тез жайылгандыктан, көзөмөлдөө кыйынга турат. Көпчүлүк мамлекеттерде малдын ылаңдарын көзөмөлдөө боюнча мыйзамдар бар. Жайылууну көзөмөлдөө үчүн, адатта, төмөндөгүдөй кадамдарды кылышат:
| Ылаңдаган мал…… | Ылаңдаган малды өзүнчө бөлүү |
|---|---|
| ……Таза мал | Инфекциялык ылаңдарды жуктурбоо үчүн ылаңдаган малды таза малдан бөлүшөт. Бул изоляция деп аталат. |
| Ылаңдаган мал менен болгон байланыштан болушунча качкыла. Таза малга ылаң жугузбоо үчүн ылаңдаган мал менен иштеп келген кишилерди жолотпогула. Жаңы малды сатып алганда, жок дегенде, эки жума өзүнчө кармагыла, өзүңөрдүн таза малга кошоордон мурда саламаттыгын текшергиле. |
Ылаң кантип жугуп жатканын аныктоо Натыйжалуу көзөмөл чараларын ишке ашыруу үчүн, ылаңдын кандай жол менен жайылып жатканын аныктоо зарыл болот. Мисалы, оору булганган суудан же уулуу өсүмдүктөн жугуп жатабы? Жугуштуу ылаң менен ылаңдаган мал менен байланыш болгонбу? “Векторлор” деп аталган чымын же курт-кумурскалар тарабынан жукканбы? Ылаң кандай башталганын, көйгөйдү эмне козгогонун аныктоо үчүн кээде атайын “эпидемиялогиялык” даярдыктан өткөн адис тарабынан туура изилдениши керек.
Тиешелүү жерлер карантинге алынсын Белгилүү бир жугуштуу ылаң жайылып кеткенде мамлекет ошол аймакка “карантин” деп жарыялашы мүмкүн, бул эч бир мал сыртка чыкпай жана сырттан кирбей турганын билдирет.
| Эмдөө Малга натыйжалуу вакциналарды колдонгула. Вакциналар жеткиликтүү жана баасы дагы кымбат болбошу керек. | |
|---|---|
| Өлгөн малды жок кылуунун туура жолу | |
| Өлгөн малдын баары көмүлүүсү же өрттөлүүсү керек. |
Имараттарды, короолорду жана акырларды дезинфекция кылгыла Эгер ылаң кайсы бир инфекциядан башталган болсо, сарайлар, короолор, акырлар жакшы тазаланып, дезинфекцияланып, анан бир айдан үч айга чейин бош турушу керек.

Ылаңдаган же жугуштуу ылаң менен ооруган малды жок кылуу Кээ бир мамлекеттерде мал белгилүү бир ылаңды жуктуруп алганда аны өлтүрүп, өрттөп же көмүп салууну талап кылышат же малды текшертип ылаң чыккандарын өлтүрөт. Кээ бир мамлекеттерде бул ыкма салтка жана диний ишенимге байланыштуу ишке ашпайт.

Саламаттык күбөлүгүн талап кылуу Чек арада мал башка жакка чыгаарда бардык мамлекеттер текшерүүнү талап кылышат. Мал доктурлар же адистер малды текшерип, ден соолугу жакшы деп күбөлүк беришет. Ал күбөлүксүз мал чыгарылбайт.
Коркунучтуу ылаңдар боюнча маалымат берүүнү күчөткүлө Көпчүлүк мамлекеттер белгилүү бир ылаңдар чыкканда дароо чара көрүү үчүн түздөн-түз аймактык ветеринарга билдирүүнү талап кылат. Булар, көбүнчө, жугуштуу, өлүмгө дуушар кылуучу, көп чыгым алып келүүчү оорулар. Буларга гемморагиялык септицемия, шарп, уйдун чумасы, африкалык чочко ылаңы, чочконун кызамык жана тооктун ньюкасл ылаңдары кирет.
Эпидемияны табуу - "ЫЛАҢГА БАЙКОО САЛУУ"
Мамлекет олуттуу ылаңдар боюнча маалымат берүү тутумун орнотот, ал тутум “ылаңдарды байкоо” деп аталып, төмөндөгү суроолорго жооп берет:
Кайсы мал жана канчоосу жабыр тартты?

Кайсы аймакта ылаң жугуу коркунучу жогору?
Канча мал өлдү?
Ылаңдаган малдын саны көбөйүп жатабы же азайып жатабы? Сезондук ылаңбы же мезгил-мезгили менен кайталанып турабы?
Бул маалыматтардын негизинде ветеринардык коопсуздукду караган уюмдары көйгөйдүн көлөмүн, ресурстарды жана ылаңды көзөмөлдөө аракеттерин, тобокелчиликтин деңгээлин аныктай алышат.