Вакцина колдонуунун негизги эрежелери
6.5.1 Вакцина колдонуунун негизги эрежелери Вакциналар ар кандай ылаңдарга каршы, ар кандай мөөнөттөгү иммунитетти камсыз кылат. Ар дайым көрсөтмөлөрдү так аткарып жана берилген сактык чараларын кармангыла. Төмөнкү жалпы принциптерди унутпагыла:
1. Вакциналарды ишеничтүү булактан алуу керек. Сапаты начар вакциналар өлүмгө алып келүүсү ыктымал жана туура эмес колдонулган вакциналар натыйжалуулугун жоготот. Вакциналар зыян келтирсе же эффективдүү болбосо, фермерлер МСККга да, вакцинага да ишенимин жоготот.
2. Вакцина ылаңды дарылоо үчүн эмес, алдын алуу үчүн колдонулат. Мал ылаңдап калгандан кийин, аны ошол ылаңга каршы эмдөө өтө кеч болуп калат. Ылаңдаган малды эмдегенде иммунитет пайда болуусу өтө сейрек кездешет, тескерисинче, ылаңды күчөтүшү мүмкүн.
3. Негизинен, ылаңдаган малды эмдөөгө болбойт.
4. Бооз малды эмдөө боюнча өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө көңүл бургула, себеби кээ бир вакциналар бала салдырып коюусу мүмкүн.
5. Көпчүлүк вакциналар берилгенден бир-эки жумадан кийин коргонууну камсыз кылат. Эгерде малдын организминде вакцина сайылганга чейин эле микроорганизм бар болсо, же эмдөөдөн кийин бир же эки жуманын ичинде ылаң жукса, мал ооруп калуусу мүмкүн. Кээ бир вакциналардын коргоонууну жакшы камсыз кылуусу үчүн, үч-төрт жума аралыгында эки жолу сайылуусу шарт. Ошентип, мал экинчи эмдөөдөн кийин дагы бир нече жума корголбойт. Фермерлер МСККнү бул боюнча күнөөлөбөшү үчүн, малдын ээлерине так түшүндүрүү керек.
Көпчүлүк вакциналар 0дөн 8o C чейин сакталуусу керек. Кээ бир вакциналар көбүрөөк убакытка (мис.1 айдан ашык) сактала турган болсо, анда тоңдурулуусу керек. Бөлөк вакциналар бир эле жолу тоңдурулса жарабай калат. Кээ бир вакциналар тоңсо эч нерсе болбойт, бирок жылып калса, күчүн жоготот.
| Вакцинаны туура сактоо үчүн нускамасындагы көрсөтмөлөрдү ар дайым так аткаргыла. |
Вакцина жасалгандан баштап колдонулганга чейин, туура температурада кармоону “МУЗДАК ЧЫНЖЫРЧА” деп аташат.

Көпчүлүк вакциналардын муздак сактоо чынжырчасы бир эле жолу үзүлсө, жарабай калат же натыйжалуулугу азайат. Муздатууну талап кылбаган бир нече вакцина бар. Аларды “ысыкка туруктуу” вакциналар деп аташат. Мисалы, бодо малдын чума ылаңынын жаңы жасалган вакцинасы 30 күнгө чейин ысыкка туруктуу.
Вакциналарга зыян келтире турган беш жагдай
| 1. ЖЫЛУУЛУК | |
|---|---|
| Көпчүлүк вакциналар “жылуулукка сезгич” болот, аларды муздак чынжырчада туура сактоо керек. Муздаткычта 0дөн 8градуска чейинки температурада сакталуусу шарт, муздатылган же муздак таңгактары менен термос менен ташылып, шприцке сордургандан кийин дароо колдонуу абзел. Вакцина толтурулган шприц тез колдонулбаса, аны колдонгонго чейин муздак таңгакка салып туруу керек. | |
| 2. ТОҢДУРУУ | |
| Төмөнкү температураны сезгич вакциналар тоңдурулганда таасирин жоготот. Кокусунан тоңуп калгандыктан вакцинанын көп дозалары текке кетет. Термометрди муздаткычтын ичинде кармап, күн сайын текшерип тургула. Башка вакциналар узак мөөнөткө сактала турган болсо, аларды тоңдуруу керек. Өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүн тактык менен аткаргыла. | |
| 3. КҮН НУРУ | |
| Вакцинасы бар идишти же шприцтерди эч качан күн нурунун астында калтырбагыла. Талаада иштегенде вакцина салынган термосту ачканда, шприцтерди көлөкөдө толтургула. | |
| 4. БУЛГОО | |
| Вакцинаны даярдоодо, аралаштырууда же идиштен чыгарууда дайыма стерилдүү ийнелерди жана шприцтерди колдонгула. Колдонулган ийнени эч качан вакцинанын идишине салбагыла, анткени бул вакцинаны булгап, ийне сайылган жерди оорутуп же ириңдетиши мүмкүн. |
Эгерде вакцина булганганынан күмөн санап жатсаңар, колдонбогула.
| 5. ДЕЗИНФЕКЦИЯЛООЧУ ЖАНА | |
|---|---|
| ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАР | |
| Дезинфекциялоочу же тазалоочу каражаттар вакцинаны натыйжасыз кылып коюшу мүмкүн. Ошондуктан вакцинаны дезинфекциялоочу же тазалоочу каражаттар менен булгабоо керек. Мисалы, дезинфекциялоочу же жуучу каражаттын калдыктары калган шприцтерди же ийнелерди эмдөө үчүн колдонбогула. Ийнелерди жана шприцтерди кайра стерилизациялоодо дезинфекциялоочу каражаттарды колдонбогула. Стерилдөө үчүн суу менен гана жакшылап жууп, андан соң таза сууга кеминде 15 мүнөт кайнаткыла. |
| 1. Сапаттуу тоют, таза суу, ыңгайлуу сарай | |
|---|---|
| Ушул нерселер малды инфекцияларга каршы турууга жөндөмдүү, дени сак кылат. | |
| 2. Тазалык жана жайыт алмаштыруу | |
| Булар тоют сыяктуу эле маанилүү. Микробдор жана мителердин жумурткалары эски, ным кыкта жана караңгы, суу, кир жерлерде көпкө чейин өлбөй жашай алышат. Саламаттыкка байланыштуу көп көйгөйлөр таза, кургак, күн жетиштүү тийген жайды камсыз кылуу менен эле чечилет. Тазалыкты көзөмөлдөө боюнча төмөнкү чаралар да ылаңдардын алдын алууга жардам берет. | |
| Акырларды күн жакшы тийген, бийик жерге жасагыла. | |
| Акырларды жана жайыт жерлерди алмаштырып туруш керек жана, жок дегенде, бир ай колдонбош керек же ал жерге убактылуу өсүмдүк айдап койсо болот. Ошондо жер бош калып, күндүн нуру тийгенде, топурактагы кичинекей мителер кургап өлөт. | |
| Жаңы тууган малды баласы менен бир нече ай бөлөк мал кармалбай бош турган, “таза” жерге койгула, анткени жаш мал ылаңды тез кабыл алат. | |
| Тоютту жана сууну таза кармагыла.Тоют салынган акыр кир болсо, мал микробдорду жана мителердин жумурткаларын кошо жеп алат. Ошондуктан, тоютту жерге же мал тебелеп же жатып ала турган акырларларга салбагыла. Тоютту жана сууну таза сактай турган акырларда колдонгула, малдын акырга чыгышын жана жатышын алдын алгыла. | |
| Сарайларды тез-тез самын суу менен жууп кургатып тургула. Малдын алдына салынган материалдарды да тез-тез тазалап, алмаштырып туруу керек. Эгер сарай бош калса, аны тазалап туруп, 1-3 айдан кийин кайра башка мал киргизсе болот. |
| Убактылуу имараттарды тез-тез жылдырып тургула. Мындай убактылуу имараттардын же короолордун жакшы артыкчылыгы бар. Анткени имаратты же короону жаңы жерге жылдырып, эски жерди күнгө кургатканада микроб менен мителердин жумурткалары өлөт. | Мобилдүү тооккана |
|---|---|
| Дезинфекциялоочу заттарды туура колдонгула. Кээ бир адамдар фенол же хлор сыяктуу дезинфектанттарды имараттын ичиндеги, короодогу жана акырлардагы микробдорду жок кылуу үчүн дайыма колдонот. Алгач, жайды шыпырып, органикалык заттардан тазалап, анан дезинфекция кылганда, таасири жакшыраак болот. Кээ бир дезинфектанттар уулуу болгондуктан адамдарга жана малга зыян келбеши үчүн коопсуздук чараларын сактайбыз. Дезинфекцияланган акырларды же идиштерди колдонордо суу менен бир сыйра чайкап койгула. | |
| 3. Аймакта болгон маанилүү ылаңдар үчүн тастыкталган жакшы вакциналарды колдонгула. | |
| Мителерге каршы үзгүлтүксүз дарылап туруу керек. Курттарга каршы алдын алуу, көзөмөлдөө жана дарылоо программасы малдын саламаттыгы жана өндүрүмдүүлүгү үчүн абдан маанилүү. | |
| 5. Курт-кумурскалар, кенелер жана үлүлдөр сыяктуу ылаң таратуучу ортомчуларды жоюу үчүн, туура химикаттарды жана дарыларды колдонгула. |