ПАТОЛОГО АНАТОМИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР
Патолого анатомиялык изилдөөлөр, муну “некропсия” деп дагы аташат – бул мал өлгөндөн кийин аны союп изилдөө. Анализ жүргүзүүнүн максаты – өлүмдүн себебин аныктоо. Союу учурунда лабораторияга үлгүлөр алынышы мүмкүн.
Абайлаңыз: Баарынан мурда, мал (адамдарга жугушу мүмкүн болгон) зооноздук ылаңдан өлүшү мүмкүн экенин унутпагыла. Өлгөн малды сойгондо, өзгөчө бруцеллез же кутурма деп шектенгенде, колго резина кол каптарды (же желим баштыктарды) кийгиле.

Эгерде Сибирь жарасын деп шектенсеңер (мисалы, мал капыстан өлүп, оозунан кара кан чыкса), өлгөн малды сойбогула! Анын ордуна малдын өлүгүн кеминде 1 метр тереңдикке көмгүлө.
Сибирь жарасы болгон кан абага чыкса, топуракта такыр кетпей турган спораларды пайда кылат. Топурактагы Сибирь жарасынын споралары келечекте адамдарга жана башка жаныбарларга коркунуч жаратат.
Өлгөн малды изилдөө (канаттуулардан башка бардык малдар үчүн):
Толук анамнез алгыла.
Малдын сыртын кылдаттык менен текшергиле (мисалы, жарааттар, ич өтүү, тышкы мителер).
Өлгөн малды изилдөөгө даярдоо:
Малды оң капталына жаткыргыла.
Малдын терисин курсагынын ортосунан төш сөөгүнөн тартып чурайына чейин тилгиле. Ички органдарды кесип албоо үчүн кылдат болгула. Терини этияттык менен сыйрыгыла (бул үчүн бычак керек болот).
Алдыңкы сол бутту денеге тартып турган терисин жана булчуңдарды кесип, алдыңкы шыйракты кабыргалардан алыс, артка карай жаткыруу керек.
Жамбаш жана жамбаш менен бириккен жерин кесип, ошондой эле арткы бутту артка жаткыруу керек.
Малдын сыйрылган терисин, ошондой эле алдыңкы жана арткы сол буттарын колдонуп, “текче” жасагыла. Бул "текче" изилдөөдө органдарды жана ткандарды жайгаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.
Этияттык менен курсак булчуңдарын төш сөөгүнөн чурайга чейин тилүү керек, бирок ичегини же ашказанды кесип алуудан этият болгула.
Кабыргалардын ортосуна бычак салып, омурткага жакын жерден төш сөөгүнө чейин тилип, андан кийин кабыргаларды төш сөөгү менен байланыштырган кемирчекти бойлой ажыратуу керек.
Кабыргаларды бири-биринен ажыратып, аларды өйдө жана артка түртүп, омурткага жакын сындыргыла.
Малдын ички органдарын текшерүү:
Алгач көк боорду текшергиле. Эгерде чоңоюп, жумшак, кан уюп кочкул кызыл түстө болсо, мал капыстан өлгөн болсо, анда Сибирь жарасы болушу мүмкүн. Союуну дароо токтоткула. Кан менен кошо малды көмгүлө. Лабораторияга анализ жөнөткүлө. Өзүңөр антибиотик (мисалы, пенициллин же тетрациклин) ичип баштагыла.
Ички органдарды кармап турган ткандарды тилип, кылдаттык менен алып салгыла. Бул органдарды теринин үстүнө койгула. Карынды жарып албоо керек.
Кызыл өңгөчтү байлап, байланган жердин өйдө жагынан кескиле.
Түз ичегини жамбаш сөөктөрүнө жакын жерден түйүп, түйүндүн ылдый жагынан кескиле.
Ашказан менен ичегилерди алып салып, бир капталына жаткыргыла.
Боорду, бөйрөктү жана шишиген баардык лимфа бездерин алып салгыла.
Ошондой эле урук бездерин же энелик бездерди, жатынды жана табарсыкты карагыла.
Боордун өткө жакын жерлерин текшергиле. Боорду тилкелерге кесип, катуу экенин байкагыла (таза боор катуу эмес, аны манжалар менен оңой эле майдаласа болот.)
Бул органдардын баарында кан уюган жерлер барбы, аныктоо керек (геморрагия).
Диафрагманы, жүрөктү жана өпкөлөрдү алып текшергиле. Трахеяны жана негизги бронхолорду тилип, карагыла. Бронхолордо курттар барбы?
Кандайдыр бир органдын же лимфа безинин анормалдуу көрүнгөн үлгүлөрүн кесип алып, лабораторияга жөнөтсө болот. Төмөн жактыкарагыла.
Кадимки өпкө кызгылт түстө болот, жабыркаган өпкө кара түстө (боордун түсү сыяктуу) болот. Кичинекей кесинди кесип сууга салып, өпкөнү текшергиле. Таза өпкө калкып калат, ал эми жабыркаган өпкө чөгөт.
Көк мээ ылаңы (ценуроз) үчүн баш сөөктү ачып, кисталарды издегиле.
Кутурма ылаңында баш сөөгүн ачып, мээсин алуу керек. Сак болгула жана колго резина колкап же желим баштык кийгиле. Эгерде лабораторияга жакын болсо, мээнин жарымын музга салып, лабораторияга жөнөтүү керек, ал эми экинчи жарымын 10%дык формалинге салып лабараторияга жөнөтүү керек.
Карынды, ашказанды, ичегилерди кесип, курт жокпу, текшергиле:
Кээде курттар жумурда же ичегиде кичинекей жиптин бөлүкчөлөрү сыяктуу болуп көрүнөт. Эгер жакшылап караса, жумурдун бетинен көрүүгө болот.
Ошондой эле жумурдан кырып алып, айнекке коюп, суу менен жууп, курт бар-жогун текшерүүгө болот.
Тоют сиңирүү тутумунун ичинде же сыртында кан болсо,,байкоо жүргүзүү туура болот.
Муундар шишиген болсо, кесип, ачып текшерүү керек. Ичинде ириң же суюктук бар же жок экенин кароо зарыл.
Ылаңдан өлгөн малды көмүү керек.
Бардык шаймандарды таза жууп, дезинфекциялоочу каражат менен тазалагыла.
Колуңарды жакшылап жана кылдаттык менен жуугула.
Бардык терс белгилер жана анамнез кылдаттык менен жазылып алынышы абзел.
Өлгөн канаттууларды союп текшерүү Канаттууну чалкасынан жаткыргыла жана канаттарын бир аз жайып төш жагындагы жүнүн алып салгыла.
Төш сөөгүнүн жанындагы курсак керегесин кесип, ачып карап көргүлө.
Кабыргаларды ылдый кескиле.
Көкүрөк сөөгүн алып салгыла.
Ички органдарды өйдө көздөй тартып алып салгыла.
Тамак сиңирүү тутумун бөтөгө менен бирге бекем кармап, бөтөгөнүн жогору жагынан кесүү керек.
Жүрөк, өпкө, боор жана бөйрөктү текшергиле.
Кызыл өңгөчтү, кекиртекти жана ооз көңдөйүн кесип ачып көргүлө.
Тамак сиңирүү тутумун кесип, мителердин жана кан уюган жерлер бар-жогун байкагыла.
Чоңойгон лимфа бездерин же башка аномалдуу көрүнүштөрдү этияттык менен карап чыккыла.
Колуңарды жана шаймандарды жууп, жогоруда жазылгандай кылып лабораторияга кабарлагыла.
кызыл өңгөч жемсөө боор Канаттуулардын тоют сиңирүү трактысы Бөтөгө ичегилер




уйку бези түз ичеги цека ТКАНЬ ҮЛГҮЛӨРҮ Кичинекей тканды (1 см чарчы гана) алып, аны музга салып лабораторияга жөнөткүлө. Эгерде бул мүмкүн болбосо, калыңдыгы 1 смден ашпаган үлгүнү 10%дык формалинге салып жөнөтсө болот. Үлгүлөр чирип кетпеши үчүн формалин жетиштүү көлөмдө болушу керек. Ошондуктан формалин улгүдөн 10 эсе көп болушу керек. Формалин бөтөлкөлөрү бекем жабылышы шарт, болбосо алар агып кетет. Ар бир үлгү менен чогуу протокол жазылып, кошо жөнөтүлүш керек.
ЗААРАНЫН ҮЛГҮСҮ
Гематурия заарадагы канды билдирет.
Гемоглобинурия заарадагы гемоглобинди билдирет (түсү).
Гематурия да, гемоглобинурия да заараны кызыл түскө боёйт. Бирок экөөнү туура айырмалоо абдан маанилүү. Төмөнкү лабораториялык текшерүү центрифуганы же башка нерсени талап кылбайт. Сизге жөн гана эски дарынын бөтөлкөсү же чай куйган стакан керек болот.
Заарадагы гематурия жана гемоглобинурияны чөкмө ыкмасын колдонуп текшерүү

Кан аралашкан заара куюлган айнек идиш


Жок дегенде 1 саат кыймылдатбай коюп кою керек Гематурия Кызыл түстүн көбү айнек идиштин түбүнө чөгүп кетет. Заара чөкмөнүн үстүндө болот.
Зааранын бул түрү заара чыгаруу тутумундагы жарааттан же шишиктен келип чыгат. Бул жаралар заара бөлүп чыгаруу тутумундагы таштардан же рактан (мисалы, папоротникти жегенден) пайда болот. Микроскоп менен караса түбүндөгү чөкмөнүн ичинде кызыл кан клеткалары (эритроциттер) көрүнөт.
Гемоглобинурия Кан аралаш заара куюлган стакан мурункудай эле турат. Идиштин түбүнө кызылтүс чөкпөйт. Зааранын бул түрү бабезиоздон же кызыл түстөгү өсүмдүктөрдү жегенден келип чыгат. Микроскоп менен караса, кызыл кан клеткалары көрүнбөйт

ТЕЗЕКТИН ҮЛГҮЛӨРҮ
Тезек менен чыккан көптөгөн түрлүү мителер жумурткаларды таштайт. Малдын тезегин ар кандай ыкмалар менен текшерип, денесинде жашаган мителердин так түрүн айтууга болот. Бул "капрология анализи" деп аталат. Тезекти текшерүүнүн көпчүлүк түрлөрү атайын жабдууларды, анын ичинде микроскопту талап кылат.
Тезекти изилдөө качан зарыл?
Малда ички мителердин белгилери байкалган учурда тезектин үлгүсү талап кылынбайт. Бирок мал, жок дегенде, 3 жума мурун мите курттарга каршы дарыланган болсо дагы ичи токтобой жатса, анда текшерүү керек.
Эгерде текшерүүнүн жыйынтыгы дагы деле мителерди көрсөтүп жатса, эмне үчүн мындай болуп жатканын ойлонуп көр. Туура дары берилдиби? Дарынын дозасы жетиштүү болгонбу? Дары берилип жаткан учурунда төгүлдүбү? Дары колдонуудан кийин бөтөлкөдө калып калганбы?
Тезекти текшерүүнүн түрлөрү Тезекти текшерүүнүн көптөгөн түрлөрү бар, бирок алардын айрымдарын гана МСКК кыла алат. Бул китепте тезекти текшерүүнүн 3 гана түрү кыскача каралат:
Түз көрүү Флотациялык Седиментациялык Тезекти текшерүүгө үлгүлөрдү алуу Мителердин айрым түрлөрүн тезекти текшерүүнүн айрым түрлөрү менен жакшы көрүүгө болот. Тезекти текшерүүнүн бардык түрлөрү үчүн жаңы үлгү зарыл. Эгерде үлгү эски жана кургак болсо, натыйжалар так болбойт. Негизи малдын тезеги чыккандан кийин 12 сааттын ичинде текшерүү керек (эгер тезектин үлгүсү муздаткычка салынса, анда аны узагыраак сактоого болот).
Мителердин ар бир түрү үчүн тезекти текшерүүнүн эң жакшы түрү төмөндө берилген:
- Трематоддор Седиментация ыкмасы - Нематоддор (жумуру курттар) Калкытуу ыкмасы - Цестодоздор (жалпак курттар) Ыкма жалпак курттун түрүнө жараша өзгөрөт - Кокцидиоздор Калкытуу ыкмасы