Дем алуу органдарынын ылаңдарына диагноз кою

12.2 Дем алуу органдарынын ылаңдарына диагноз коюу:

Дем алуу органдары ылаңдаган малды дарылоодо мурда болгон ылаңдарын билүү аябай маанилүү. Негизинен:

дем алуу жагынан өнөкөт ылаңдары бар малдар оңойу менен айыкпайт – аларды айыктыруу да көбүнчө кымбат болот.

өнөкөт дем алуу ылаңдарына караганда күтүлбөгөн жерден дем алуу органдары катуу ылаңдаган учурларды оңойураак айыктырса болот.

Анамнезин кара. Өнөкөт ылаңбы же жокпу?

Малды жакшылап текшерип кароо керек, дене табын текшергенди унутпа.

Төмөндөгү таблицаны колдонуп дарылоонун туура түрүн аныктоо Дем алуу органдарынын ылаңдарынын белгилери -Тез тез дем алуу.

-Дем алуунун оорлошу - Мурундан жана көздөн суу агуу - Жөтөлүү жана чүчкүрүү.

- Тамактын шишүүсү.

1. АНАМНЕЗИН кароо – өнөкөтпү же жөнөкөйбү??

Жөнөкөй (4 күндөн аз)

2. дене табын текшерүү Өнөкөт (4 күндөн көп)

2. дене табын текшерүү Жөнөкөй ысытма менен диагноз Бронхит/ пневмания Г.С.

Сибир жарасы Дарылоо:

Тетрацикциклин менен Жөнөкөй ысытма болбосо диагноз уулануу алергия Дарылоо:

Магний сульфаты антигистамин/ стероиддер антибиотиктер Өнөкөт, ысытма жок диагноз боордун шишиши/ башка курттар Өпкө курту Эмфизема тубеуркулез Дарылоо:

Курттун дарылары (айыктыруу оор болот)

Өнөкөт ысытма менен диагноз эски пневмания тубуркулез тамактын ириңдеши Дарылоо:

тетрациклин (айыктыруу кыйын болот!)

Негизги Принциптер:

Дем алуу органдарынын ылаңдарын козгогон көптөгөн себептер бар. Бирок тажрыйбалуу фермерлер кээ бир алдын алуу иштерин кылып, малды ылаңдатпай алып кала алышат:

Image undefined

Малды өтө ысык же өтө суук температурадан коргоо. Ылаңдаган малды болушунча жакшы шартта кароо зарыл. Ысыкта көлөкө жерге кармап, сууну каалашынча ичкидей кылуу керек, ал эми суукта жылуу, шамалдан далдоо жерде кармоо керек. Катаал аба ырайы малды алсыратып, демейде зыян келтире албаган микробдор аларды ылаңдатып коет.

2. Суук аба ырайы болгонуна карабай малга таза аба камсыз кылуу керек. Малдарды шамалдан тосуу керек, бирок сарайдын бардык эшик терезелери жабык болбошу керек.

3. Ылаң жайылбаш үчүн ылаңдаган, жөтөлгөн малдарды таза малдардан бөлүү керек.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Курттарга каршы дарылап туруу керек. Өпкө курттары жана жетиле элек чоң курттар көп учурда өпкөгө зыян алып келет, зыяндуу микробдор дем алуу органдарына ылаң жуктуршат.

Малды жакшы тоюттандыруу зарыл. Туура тоюттанбагандыктан жана ичинде курттары бар, алсыз малдар дем алуу ылаңдарына көп кабылат.

Көп кездешкен ылаңдарга каршы эмдөөлөрдү жүргүзүп туруу зарыл