. 1 Анамнез

3. 1 Анамнез (ТАРЫХЫН БИЛҮҮ)

Малды текшерээрден мурун, баккан кишиден сурап, аны кунт коюп угуу керек. Бул өтө маанилүү, анткени ал көп белгилерин байкашы мүмкүн. “Ооба”, “жок” деп, кыска жоопту талап кылган суроолорду эле эмес, кенен түшүндүрмө бере турган суроолорду да бергиле. Түшүнүксүз жоопту тактоо үчүн бир суроону ар башка жол менен сурагыла.

Кээ бир маанилүү суроолор:

"Эмне үчүн мени чакырдыңыз? Сиздин оюңузча, мал эмне болуп жатат?"

"Канча убакыттан бери ылаңдап жатат? Жакшыраак болуп баратабы же начарлап жатабы?"

"Белгилерин сүрөттөп бериңизчи".

"Малды дарыладыңызбы? Эмне менен? Канча убакыт? Жардам бердиби?

"Мурда кандай дары бердиңер эле же кандай эмдөө алды эле?"

Анамнез (уландысы)

"Бул саан малбы? Качан тууду эле? Демейдегидей эле сүт берип жатабы?"

"Боозбу же уруктандырылганбы? Качан?

Бооз болуп калганын сиз билбей калышыңыз мүмкүнбү? Куудуруп коё турган бош жүргөн малдар барбы же мал өзү бош жүрөбү?"

"Бул жумушка чегерилген малбы? Кандай жумуш аткарат? Азыр жумушка тартылып жатабы?"

"Ылаңдаган малыңыз канча жашта?" Эгерде жашы белгисиз болсо:

- "канча жыл араба тартты же "канча жолу тууду?” деп сурагыла.

(көбүнчө, мүйүздөгү ар бир “шакекче” бирден туутту билдирет)

- Же: малдын тишин карагыла.

"Сизде башка мал барбы? Алар жакшыбы? Башкалары мындай болуп ылаңдаган жокпу? Айылдагы мал ылаңдап жатабы? Аларды эмне менен дарылашты? Айыгыштыбы?"

"Бүгүн канча тоют жеди? Демейде канча жейт? Жакшы жеп жатабы? Качан жебей калды?"

"Канча суу ичип жатат? Сууну кайсыл жактан ичет? Жакшы эле ичип жатабы? Качандан баштап ичпей калды?"

"Бүгүнкү заарасын көрдүңүзбү? Күндөгүдөй көлөмдөбү? Өңү кандай эле?"

"Тезеги кандай? Катуу? Жумшак? Суюк? Кан аралаш? Башкача бир нерсе байкалдыбы?"

"Малды ким карайт? Башка бирөө карады беле? "Бир нерсе өзгөрдү беле жакын арада?"

"Мал кайсы жакта жатат? Акырда, бошонуп кеттиби, бош жүрөбү?"

"Бул малды бакканыңызга канча болду? Жаңы эле сатып алдыңызбы? Кайсыл жактан? Кожоюндун үйүнөнбү? Базарданбы? Базардагы ушул сыяктуу ооруган башка малды байкадыңыз беле?

Image undefined

“Мал алыс жактан алынып келиндиби? Жолдо көп мал менен кошо тыгылып келдиби? Канчоо бир машинада келди? Малдар жакын арада катаал аба ырайына же башка стресске туш болдубу?”