Туяктар жана аларга кам көрүү
14.13 Туяктар жана аларга кам көрүү Туякты өзгөчө тери клеткалары түзөт.



Эгерде жаракаттын же ылаңдын (мисалы, шарп) натыйжасында туяктын таажысындагы клеткалар жабыркаса, туяк деформацияланып же жарылып кетиши ыктымал. Ошондой эле аксактыкка алып келиши мүмкүн. 236-бетти карагыла.
таажы



Жайытта жүргөн малдын туягы өзгөчө кам көрүүгө муктаж эмес. Мал жайылганда туяктар бирдей жешилип, табигый узундугун жана формасын сактап калат. Ал эми жумшак жерде жүргөндө же байланганда малдын туяктары өсүп, жабыркайт. Туяктын учу чоңоюп, өйдө ийилгенде, малдын туяк мууну туура эмес бурчка ийилгендиктен, жабыркоого алып келет. Туякты туура кесүү, көптөгөн мүмкүн болуучу туяктын аксак көйгөйлөрүнүн алдын алат.
Туяк кесүү Туяктуу кесүү үчүн бычак, араа, атайын туяккесүүчү шаймандар колдонулат.






Кой-эчкилердин туяк кескичи Ар түрдүү туяктарды кесүү үчүн бычактар Туяктар жерге тегиз тие тургандай кыска, туура жана мал эркин кыймылдай алгандай формада кесилиши керек. Иш учурунда малды туура матоо зарыл, антпесе ал үркүп кетип, жаракат алышы мүмкүн. Жылкыларды турган жеринен туягын кесип тазалоого үйрөтүүгө болот. Ал эми бодо малды, буйволду жыкканга туура келет. Жоош эчкилер менен койлорду туяктарын кесип жатканда шыйрагын көтөрүп матаса болот.




Аттын алдыңкы туягын кесүү учурундагы абал Туура кесилген аттын туягы ( астынан көрүнүшү)
Туяктарды кесүү боюнча негизги сунуштар




Эчкинин алдыңкы туягын кесип жаткандагы абал Иштөө учурундагы абал, текенин арткы буту




Туяк кесүү Туяк кесүү эчкилер же койлор эчкилер же койлор






Туяк кесүү эчкилер же койлор Эчкинин, койдун, уйдун, ламанын же альпактын жакшы кесилгентуяктарынын формасы (астынан көрүнүшү)
Туяктын чириги – кой-эчкинин туяктарын жабыркатуучу оор жугуштуу ылаң (кээде бодо малда жана буйволдордо да кездешет). Ылаңды козгоочу болуп саналган эки: F. necrophorus жана B. nodosus патогендик бактериялары. Бул бактериялар туяктардын ортосунан баштап инфекция кылат. Андан кийин туяк “чирип” баштайт жана бул туяктар түбүнөн сыйрылып кеткенге чейин уланат.
Белгилери:
Мал ордунан тура албай калган, аксактын оор түрү.
Мал тоюттанбагандыктан абалы начарлайт жана арыктайт.
Туяктын четиндеги жана ортосундагы теринин кызарып, шишиши.
Туяктын ортосундагы жаралар, сасык жыттанган ириңдин болуусу.
Туяктын керегесинин ажырашы, туяктын түшүшү.
Диагноз: Диагноз анемнездин жана белгилердин негизинде коюлат.
Дарылоо:
Туякты кесип, жараатты дарылоо зарыл. Кээде туякты канай баштаганга чейин кесүүнү улантуу туура болот. Ириңдеген жараатты толугу менен ачып, өлүү ткандарды алып салуу керек.
Ачык жараны антисептикке малынган кебез менен жаап таңып коюу шарт.
Оор инфекциялар менен күрөшүү үчүн антибиотик саюу зарыл (көбүнчө, пенициллин-стрептомицин).
Малды таза жана кургак жерде кармоо керек.
Таңгычты ным же кир болгон сайын алмаштыруу туура болот.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө чаралары:
Малдын жабыркаган туяктарын 10% формалин менен ванна жасап дарылоо керек.
Малды таза жана кургак жерде кармагыла.
Малдын туяктарын кесип туруу шарт.
Кара аксак ылаңы катталган чарбалардан мал сатып албоо керек.



Организмдин тутумдары жана аны менен байланышкан ветеринардык көйгөйлөр