Малдын мүйүзүн кесүүнүн ыкмалары

14.12 Малдын мүйүзүн кесүүнүн ыкмалары

Image undefined

Кээ бир адамдар мал мүйүзү менен адамдарга же башка жаныбарларга зыян келтирбөөсү үчүн жана акырга көбүрөөк мал батышы үчүн, мүйүзү болбошун туура көрүшөт. Катуу мүйүздү түзгөн клеткаларды жок кылуу менен мүйүздүн өсүшүн токтотсо болот. Бул клеткалар мүйүздүн айланасындагы териде болот. Мүйүздөрдү өстүрбөө иш-чараны “мүйүздү жок кылуу” деп аташат. Көбүнчө малдын мүйүздөрүн жаш кезинде алып салуу оңой жана жаракат азыраак болот. Иш туура жасалса, мүйүздөр кайра өспөйт. Алгач тажрыйбасы бар адам көрсөтүп берсе жакшы болот.

Жетилген мал: 6 айдан чоң малдын мүйүздөрүн, сынган мүйүздү аралагандай зым араа менен (сынса да, сынбаса дан кесип салуу керек. Ошондой эле атайын "мүйүздү кесүүчү жабдууну" (эгер бар болсо) же арааны колдонсоңор болот.

Image undefined
Image undefined

Мүйүздү кесүүчү аспап Мүйүздү кесүү үчүн араа Жаш малдарга: Кесүү же ысык темир менен күйгүзүү ыкмасын же экөөнү айкалыштырып колдонсо болот. Өтө жаш (1 жумага жетпеген) малдын мүйүзүн өстүрбөө үчүн каустикалык соданы сүйкөө жолун колдонууга болот.

Image undefined

Ысык темирди колдонуу Бул ыкма эки айга чейинки малга колдонулат. Эчкилерге өтө кылдаттык менен жасалышы керек, анткени көбүрөөк кактап басып койсо мээни зыянга учуратышы мүмкүн. Эгерде мүйүз күйгүзгүч жетиштүү кармалбаса, мүйүз кайра чоңоюп "чолок" мүйүз болуп калышы мүмкүн (б.а. мүйүздүн деформациясы, мүйүздүн өсүшүнүн артта калышы). Бул ыкманы колдонуп жүргөн адам, тажрыйбасынын негизинде, канча убакыт басып кармап туруу керектигин жакшы билип калат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Электр кубаты менен ысытып мүйүздү күйгүзгөн атайын аппараттар бар. МСКК жыгач тутканы темир цилиндрге бекитип, ошого окшош нерсени жасап алса алат. Цилиндрдин учу кызарганга чейин ысытып, андан кийин жаңы чыгып келе жаткан мүйүзчөнү (б.а., мүйүздүн түбүнүн айланасындагы анын өсүшүнө көмөктөшүүчү тери клеткалары) күйгүзөт. Ысык темирди мүйүзгө бир нече секунда гана басып, аны бир аз бурайт.

Темир цилиндрди чокко ысытуу Мүйүздүн тегерегиндеги терини күйгүзүү. Күйгүзүлгөн жердин орду.

Күйгүзгөндөн кийин малды бир нече күн көңүл коюп карап коюш керек, мал башын уруп канатып албасын.

Кесүү Бул ыкма жаш малга да колдонулат.

Чыгып келе жаткан мүйүз "мүйүз бүчүрү"- деп аталат, аны курч бычак же цилиндр формасындагы бычак менен кесип алат. Эгерде мүйүздөрдү жана 1/2 см болгон бүчүрүн жакшылап алып салса, кайра өспөйт.

Бүчүр ойгуч Канды токтотуу үчүн терини ысык темир менен басуу, кан кетип жаткан тамырларды пинцет менен чымчуу же марганцовка колдонуу керек.

Каустикалык соданы колдонуу Каустикалык сода ткандарды өлтүрүүчү химиялык зат. Ал паста түрүндө келет же катуу түрүндө карандаш сыяктуу болот. Өсүп келе жаткан мүйүздүн айланасына сүйкөгөндө клеткалар өлүп, натыйжада мүйүз өсүүсүн токтотуп, түшүп калат.

Музоолор жаш болуш керек (бир жумага жакын).

Жаңы өскөн мүйүздүн айланасындагы түктү кыркып салуу керек (мүйүздүжакшы көрүү үчүн).

Андан кийин каустикалык соданы жыгачтын учу менен мүйүзчыгып келе жаткан жерге сүйкөп, жакшылап басып, айландырып шыбоо керек. Ошондой эле атайын гель да колдонсо болот.

Кичине чункур пайда болуп, кан токтогонго чейин каустикалык соданы колдонууну уланткыла.

Каустикалык соданы көп өлчөмдө колдонбогула, анткени ал агып, териге же көзгө зыян келтириши мүмкүн.

Жыгачты катуу баспагыла, тери айрылып ткандар ашыкча көп жабыркап калышы ыктымал.

Image undefined
Image undefined
Image undefined