Сынган мүйүздөр
14.11 сынган мүйүздөр Көпчүлүк малдын нормалдуу мүйүздөрү бир аз көңдөй болот. Мүйүздүн жогорку 1/3 бөлүгү катуу; ал эми мүйүздөрдүн төмөнкү 2/3 бөлүгү көбүрөөк көңдөй болуп, ал жерден кан тамырлар өтөт. Сүзүшүүнүн натыйжасында же мүйүзү бир нерсеге илинип чыгам деп атып, малдар мүйүздөрүн сындырып алат. Эгерде сырткы катуу катмары гана жабыркаса же мүйүздүн учу сынса, эч нерсе болбойт. Бирок, мүйүз 2/3 бөлүгүнөн ылдый сынган болсо, эки олуттуу көйгөй болушу мүмкүн, экөө тең тез дарылоону талап кылат:
Токтобой кан агышы (кансыроо) мүмкүн.
Мүйүздөгү тешик түз эле малдын башынын ички тарабына (б.а. анын көңдөйүнө) кирет. Эгерде курттап кетсе, мал өлүп калышы толук ыктымал.
Сынган мүйүздөрдү дарылоо:
Эгерде мүйүздүн учу сынса, аны жылмакай кылып өгөөлөп койсо болот.
Сырткы катуу кабыгы ажырап түшүп калса, кандын агуусун токтотуу керек. Кан агып жаткан жерди басып туруу же марганцовка кошулган сууга малынган кебезди коюу зарыл. Кебезди кан токтогонго чейин калтыруу керек. Андан кийин курттоого каршы иш-чараларын жүргүзүү туура болот.
Эгерде сынык ылдыйкы 2/3 бөлүгүндө болсо, мүйүз айыгышы үчүн түбүнөн алып салуу керек.
Эгерде силерде атайын “зым араа” же мүйүз кескич болсо, ошол менен мүйүздү кесип салгыла. Эгерде атайын шаймандар жок болсо, анда кадимки арааны (майда тиштүү арааны) колдонсоңор болот.
Мүйүздүн түбүндөгү түктөрдү кыркып салгыла жана антисептик менен тазалагыла.
Мүйүздүн түбүнө 5-10 мл жансыздандыруучу дары сайгыла.
Мүйүздүн тегерегиндеги терини кескиле.
Зым араанын бир бөлүгүн (трос араа) теринин кесилген жерине салып, зымдын туткасынан тартып кесип баштагыла.
Токтоосуз кескиле, болбосо зым же араа тыгылып, сынып калышы мүмкүн.
Кесип бүтүп калганда тери айрылып кетпеши үчүн жардамчы бирөө мүйүздү кармап туруусу керек.
Канды токтотуу үчүн марганцовка колдонгула, ысык темирди бир нече секунда баскыла же кан агып жаткан тамырларды пинцет же кыпчуур менен чымчып кармагыла.
Чымындар жумуртка таштабашы үчүн баш сөөктөгү ачык көңдөйдү жука кебез менен жаап койгула. Кебез катмары абанын өтүшүнө жана жарааттын кургоосуна мүмкүндүк бере тургандай жука болушу керек. Жараатты айыктыруу жана кургатуу үчүн генцианвиолет (эгерде бар болсо) жакшы жардам берет.
Куртоого каршы майларды, майдаланган дары же спрейди колдонгула.
3–4 күндөн кийин кебезди алып, жараатты текшергиле. Эгерде инфекциянын белгилери байкалса (мисалы, ириң), жабыркаган жерди жакшылап дарылап, антибиотиктерди колдонгула.
Тешикти жаңы кебез менен жаап, генцианвиолет (эгер бар болсо) жана курттап кетүүнүн алдын алуучу каражатты сүйкөгүлө.