Карт тактар

14.10 Карт тактар Малдын терисиндеги карттанган тактар жана жаралар айрым бир ылаңдардан улам пайда болот.

Сөөлдөр Сөөлдөр - вирус козгогон, көбүнчө жаш малдардын терисинде пайда болгон кургак, кабыктуу дөмпөктөр. Көбүнчө бодо малда, жылкыда, итте, кээде коёндо кездешет.

Көпчүлүк мал чоңойгон сайын сөөлдүн вирусуна туруштук берип, сөөлдөр өзүнөн өзү жоголуп калат. Кээде организмде иммунитет төмөндөп калганда, малда кайрадан сөөлдөр пайда боло баштайт. Иммунитет кайра пайда болгондо, сөөлдөр жок болот.

Бодо мал: Сөөлдөр көбүнчө баш, моюн, ийин, кулак, кээде ашказан же жондо пайда болот. Ошондой эле жаш букалардын жыныс мүчөсүндө жана кунаажындардын кынында пайда болуп, уруктанууга тоскоолдук кылат.

Жылкылар: Сөөл, адатта, мурунда жана эринде кездешет жана бир нече жумадан кийин жоголуп кетет.

Иттер: Иттерде сөөлдүн эки түрү бар. Бир түрү ооз көңдөйүндө пайда болуп, көбүнчө инфекция кылат. Экинчи түрү теринин бетинде болуп, бодо малдын сөөлүнө окшош болот.

Дарылоо/Сөөлдөрдү көзөмөлдөө: Бул ылаң өзүнөн-өзү кетет. Дарылоо талап кылынбайт. Сөөлү бар малды үйүрдөн бөлөк кармап, ылаңды көзөмөлдөө керек.

Чечек Чечек – бул териде бүдүрчөлөр пайда болуп, акырында карт кылган ылаңдарды мүнөздөө үчүн колдонулган термин. Ылаң козгогучу - вирус, алып жүрүүчүлөрү - ылаңдаган мал, кээде курт-кумурскалар болушат.

Бодо малдын чечеги: Чечектин эки түрү бодо малды жабыркатат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Бир түрү экинчисине караганда көйгөйлүүрөөк, бирок экөө тең желинде жана үрптө карттарды пайда кылат. Бул карттар оорутуп, саанды абдан кыйындатат. Бирок дарысыз эле 1 же 2 ай ичинде айыгат. Адамдарга малды саап жаткан учурда ачык жараттардын тийгенде жугат. Адамдар да өз алдынча айыгып кетет.

Image undefined

Теридеги дөмпөктөрдү жана тоют сиңирүү, дем алуу, жыныс тутумдарындагы карт бүртүкчөлөрдү окшош вирустар козгойт. Бул ылаң “нодулярдык дерматит”деп аталат. Жаралар түшүп, анын асты инфекцияга чалдыгат (кийинчерээк айыгып кетет).

Кой жана эчкинин чечеги: Бул эки окшош ылаң вирустар тарабынан козголот. Эчкилерде ылаңдын белгилери койлордукуна караганда жеңил болот.

Белгилери: Көздүн кабактары шишип кетет; мурундун таноосунан ириң жана былжыр чыгат. Мурунда, кулакта жана дененин түгү жана жүнү жок жерлеринде карттанган жаралар пайда болот. Карттарды алып салганда “жылдыз” формасындагы так калат.

Дарылоо: Эч кандай дары жок, болгону малга жакшы кам көрүү керек. Көпчүлүк мал өз алдынча айыгып кетет.

Алдын алуу жана көзөмөлдөө чаралары: Кээ бир өлкөлөрдө эмдөөлөр жеткиликтүү.

Чочко чечеги: Чочколордун терисинде карт, жара пайда кылган жеңил ылаң. Кийинчерээк карттар түшүп, чочколордо “так” калып калат. Көпчүлүк чочколор атайын дарылоосуз эле оңой айыгып кетишет.

Алдын алуу жана көзөмөлдөө чаралары: Бул ылаңдын жайылышын алдын алуу үчүн биттер менен күрөшүү маанилүү.

Дифтерия (жугуштуу эктима)

Бул окшош ылаң, бирок негизинен ооздун айланасында жаралардын пайда болушу менен мүнөздөлөт. Малдын тоюттануу жөндөмүнө таасир этиши мүмкүн.

Чакалай Бул жугуштуу тери ылаңы, фунгилер тарабынан козголот, кургак, карттанган жараларды пайда кылат. 23-бетти карагыла.

Image undefined
Image undefined
Image undefined