Шишиктер жана неоплазмалар

14.8 шишиктер жана неоплазмалар (ириңдүү шишиктер, чуркулар, серомалар же кисталар, гематомалар, рак ылаңдары)

Кээде малдын капталында, киндигине жакын жерде, булчуңдарда түзүлүшү боюнча майда тегерек же чоң бүдүрчөлөр пайда болот. Мындай бүдүрчөлөрдүн жана дөмпөкчөлөрдүн пайда болушунун себептери көбүнчө айырмалоо кыйын болгон төмөнкү факторлор болушу мүмкүн:

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Ириңдүү шишик (Абсцесс) - Абсцесс ириңдеп кеткен жараат. Көбүнчө кичинекей жараат инфекциянын натыйжасында пайда болот. Жараат өтө кичинекей болгондуктан, ириңдегенге чейин билинбей калышы мүмкүн. Көбүнчө эчкилердин үйүрлөрү жабыркайт. Мындай учурлар катталган үйүрдөн эчки сатып алуудан баш тартуу сунушталат.

Тегерекчелер эчкилердин ириңдеген жерлерин көрсөтүп турат.

Чурку - булчуңда пайда болгон тешик аркылуудененин бир бөлүгү бененин башка бөлүгүнө чыгып калганда колдонулган термин.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Мисалы, малдын капталына бир нерсе катуу тийсе, булчуңдары айрылып кетиши мүмкүн. Андан кийин айрылган жер аркылуу ичтеги орган сыртка чыгып, теринин астында дөмпөк пайда болот.

Киндиктин тегеретесинде пайда болгон чурку өтө көп кездешет. Негизинен, мал туулгандан кийин киндикке болгон муктаждык жоголуп, булчуңдар киндиктин тегерегин жабат. Бирок кээде кичинекей тешик калып, ичеги ошол тешиктен чыгып калат. Бул “киндик чуркусу” депаталат.

Киндик чуркусу

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Чурку эркек малдын умасында да пайда болот, бул жумуртка чуркусу деп аталат. Башкача айтканда, ички органдар дененин керегесиндеги тешик аркылуу жумуртка көңдөйүнө чыгып калат. Бул бычуу учурунда, айрыкча чочколордо өтө кооптуу. Ветеринар операция учурунда жумурткага чыгып калган ички органдарын жаңылып кесип алуусу мүмкүн. Ошол себептен бычуу учурунда урук жумурткасын дайыма жакшылап сезип кармоо керек.

Чуркулар коркунучтуу анткени ичеги же ашказан тешикке тыгылып калса, жабыркап, ал тургай малдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.

3. Серомалар же кисталар: Серома же киста ириң шишиги сыяктуу, бирок алардын ичинде ириң эмес суюк суюктук болот.

4. Гематома - гематома ириңдүү шишикке окшош, бирок ал ириң эмес, канга толгон. Көбүнчө кан тамырдын жабыркоосунун жана жарылуусунун натыйжасында пайда болот.

Рактын пайда болуусу- Рак организмдеги клеткалар анормалдуу түрдө көбөйө баштаганда пайда болгон татаал ылаң. Кээде бул клеткалар бир жерде көбөйүп, териде же булчуңдарда чоң дөмпөкчө пайда болот. Бул ткандардагы дөмпөктөр "шишиктер" деп аталат. Рактын көпчүлүк түрлөрү үчүн операциядан башка (хирургиялык жол менен алып салгандан) натыйжалуу дарылоо жолу жок. Кээде рак клеткалары бүт денеге жайылып, акыры өлүмгө алып келет.

Бодо малдын лейкозу – бүт денеге жайылып жаткан бодо малдын рагынын мисалы. Козгогучу – лимфа бездеринде өсүп, алардын чоңоюшуна алып келген вирус. Бул чоңойгон лимфа бездерин теринин астынан көрүүгө жана сезүүгө болот. Бул дарттын дарысы жок.

Иттердеги Венерикалык шишиктер рактын дагы бир мисалы болуп саналат. Негизинен жыныстык катнаш аркылуу жугат. Шишик кичинекей көлөмдөн башталат, ал акырында чоң кызыл массага айланат. Кээ бир өлкөлөрдө мындай шишиктерди хирургиялык жол менен алып салышат.

Шишиктерди иликтөө жана дарылоо Кылдаттык менен анамнезин талдагыла. Эгерде малда дөмпөктөр бар болсо, анда чуркуну дөмпөктөрдүн башка себептеринен айырмалоо үчүн анамнез кылгыла. Эгерде мал жыгылып же бир нерсеге урунса, бирок жарааты жок болсо, анда чурку болушу мүмкүн.

Малды карап көрүп шишиктин айланасындагы булчуңдардын айрылган жерин кылдаттык менен карагыла. Дөмпөктү кысууга аракет кылгыла (б.а. дөмпөктү кайра ичти көздөй түрткүлө). Эгерде кысылганда дөмпөк кичирейсе же булчуңда тешик пайда болсо, анда бул чурку болушу мүмкүн.

Табын аныктоо (сезгенүүнү): Дөмпөйгөн жерди кайра ичине киргизүү мүмкүн болбосо, кылдаттык менен кармалап көрүп ошол жердин температурасын аныктоо керек(б.а., сезгенүүнү). Эгер ысык болсо, бул ириң болушу ыктымал (бирок бул эски ириңдерге тиешелүү эмес, алардын көбү ысык болбойт).

Ийне сайууга даярданыңыз: Дөмпөйгөн жердеги түктү кырып салгыла. Андан кийин ошол жерди самын менен таза жууп, дезинфекциялоочу эритме менен тазалагыла.

Дөмпөйгөн жердеги суюктукту аныктоо үчүн стерилдүү ийнени дөмпөккө сайгыла: Эгерде ийненин башынан суу сымал тунук суюктук чыкса, анда бул киста же жарганга даяр боло элек шишик (анткени ириң боло элек). Кан чыкса, гематома болушу мүмкүн, ал көбүнчө убакыттын өтүшү менен жок болуп кетет, жарууну талап кылбайт.

3–4 күн бою ысык компресстерди колдонуу: Бул абцесстин башталышы болсо, ысык компресстер жардам берип, ириң "бышып" жетилет, б.а. ириң пайда болот. 3 же 4 күндөн кийин ийненин жардамы менен суюктукту кайра текшергиле.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Эгерде ириң болсо, шишикти жаргыла: Дөмпөйгөн жерден ириңди чыгаргандан кийин, бул ириң шишиги деп божомолдоого болот. Ириң шишиги суюктук жакшы чыгыш үчүн, эң төмөн жагынан болушунча кенен кесилип ачылышы керек. Суюктук канчалык жакшы акса ошончолук бат айыгат. Жансыздандыруучу дарыны колдонуунун кереги жок, болушунча тез кесип жиберүү эле керек. Ириңдин баарын чыгаруу үчүн ириңдин айланасын баскыла. Андан кийин ириңдеген жердин ичин таза суу же антисептикалык эритме менен жакшылап жууп салгыла.

Тазалоо үчүн кесилген шишикти ачык калтыргыла: Шишик ачылгандан кийин аны ачык калтырып, бир нече күн ириңди агызгыла. Бир нече күн бою ириңди тазалоо үчүн таза суу менен жууп же антисептик менен дарылоо керек. Эгерде ириңдүү көңдөй эрте жабыла баштаса, анда антисептик менен нымдалган жука чүпүрөктү же кебез марлини ичине салып коюу керек. Бул кесилген жерди ачык кармап жана суюктукту агызып турат.

Курттардан же чымындардан коргоо. Спрейди, майларды же майда дары колдонгула.

Кээде кичинекей жара териде, эриндерде, бүйлөлөрдө, тилде же жыныстык органдарда пайда болушу мүмкүн. Бул көйгөйлөр боюнча башка жерлерде да камтылган, бирок төмөндө да айтылат.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

ЫйлаАкчалар – теридеги суюктукка толгон кичинекей ыйлакчалар. Ыйлакчалар күйүктө, курт-кумурскалар чакканда, аллергияда, шарп жана чечек сыяктуу жугуштуу ылаңдарда пайда болушу мүмкүн.

Жара теринин бетиндеги тайыз же терең тешик болуп саналат. Ыйлакчалар жарылгандан кийин ордунда жара пайда болот. Терең жаралар, адатта, өнөкөт болуп, айыгууга көп убакыт талап кылынат.

Бүйлөлөрдөгү ыйлакчалар жара болуп кетиши мүмкүн.

Ыйлаакчаларды жана жараларды дарылоодо негизгиси инфекцияны болтурбоо үчүн таза кармоо керек. Жараларды ачык калтыруу айыгууга жакшы жардам берет. Бирок кир шартта же чымындар көп жерлерде инфекцияны болтурбоо үчүн жараны бинт менен жабуу (мүмкүн болсо) максатка ылайык.

Эгерде жара инфекцияга чалдыгып, ириңдесе инфекция болгон жараат катары дарыланышы керек, 219-бетти карагыла.