Күйүктөр

14.7 КҮЙүК Күйүк ысыктан, өрттөн, жарылуудан, электр тогунан, кээде химиялык заттардан келип чыгышы мүмкүн. Үстүрт күйүк (б.а., теринин бетин гана жабыркаткан) адатта, олуттуу көйгөй эмес. Бирок терең күйүк менен теринин бүт катмары, тери астындагы ткань, ал тургай кээде булчуңдар менен сөөктөр да жабыркайт. Терең күйүктөн улам инфекция кирип денедеги суюктук азайыпп ал тургай өлүм да болушу мүмкүн. Көпчүлүк күйүктөрдө, жабыркаган жер айыгып бара жатканда, инфекция кирбеши үчүн жабыркаган жерди таза кармоо керек.

Күйүктө дароо төмөнкү чараларды көргүлө:

Дароо муздак суу менен жабыркаган жерди жуугула. Химиялык күйүктү көп өлчөмдөгү муздак суу менен чайкоо өтө маанилүү.

Жабыркаган жерди микробго каршы дезинфектант эритмеси менен жууп салгыла.

Кир шартта жараатка антибиотик майын сүйкөп, мүмкүн болсо, жараатты таза кармоо үчүн таңып коюу керек. Таза шартта жараатты таңбай, таза абанын таасиринде ачык кармаса, тез айыгат.

Зарыл болсо, инфекцияны болтурбоо үчүн малга антибиотик сайгыла.

Малга жакшы кам көрүү үчүн жогорку сапаттагы тоют, таза суу менен камсыз кылып, таза жана кургак жайда, башка малдан алыс багуу керек.

Жок дегенде, эки күндө бир жолу жарааттан инфекциянын белгилерине текшергиле. Эгерде белгилер бар болсо, жарааттын ириңдегенин текшерүү үчүн бир нече жаранын карттарын кылдаттык менен алып салгыла. Эгерде ириң болсо, жараатты жакшылап тазалап, антибиотик крем сүйкөп, малга антибиотик сайгыла