Өнөкөт жараларды дарылоо
14.5 ӨНӨКөт ЖАРАЛАРДЫ ДАРЫЛОО Жаранын айланасындагы түктү кырып тазалагыла. Бардык өлүү ткандарды, ириңди жана курттарды алып салгыла (дезинфекциялоочу каражаттар жана антисептиктердин жардамы менен).
Курттарды алып салуу. Жарада курт же чымындын курттары бар болсо жараатты айыктыруу кыйын. Аларды жок кылуу үчүн фенол же камфораны (нафталин шариктери) майдалап суу менен аралаштырып курттап кеткен жерге куйгула. Нафталиндин шариктери сууда жакшы ээрибесе да, алар натыйжалуу жана көп жерлерде жеткиликтүү. Хлороформ, керосин, спирт жана скипидар да жарайт.
Таза тазалап жана суюктук аккыдай кылуу керек: Жараатты аарчып же ысык компресс коюу зарыл. Шишикти азайтуу, ткандарды жумшартуу, эски, өлүү, жараксыз ткандарды алып салуу, жакшы дренажды камсыз кылуу жана жараны ачык калтыруу үчүн бир нече күн компресс колдонуу керек. Эгерде жарааттан ириң агып жатса, анда антисептикке чыланган чүпүрөктү салып, жараны бир нече күнгө ачык калтырып, агып кетүүсүн күткүлө.
Өнөкөт жараатты эч качан тикпегиле. Жараны ачык калтырып, анан айыктыруу туура болот.
Суюктук токтогондон кийин инфекцияны болтурбоо үчүн май, майда же спрей түрүндөгү антибиотиктерди колдонгула.
Курттоого каршы каражат (май, майда же спрей түрүндө) сүйкөгүлө.
Эгерде жараат инфекция болсо, узакка таасир берген пенициллин антибиотигин сайгыла.
Малды жакшы кароо керек. Буга малды башка малдан алыс, таза, кургак жерде кармоо, жогорку сапаттагы тоют жана таза суу менен камсыз кылуу кирет. Эгерде малдын бир жери катуу ооруса, ага ооруну басуучу дарыларды бергиле.
Жараатын айланасы калың карттанып, сезгенип, кызарып турса, инфекция болушу мүмкүн. Муну текшерүү үчүн карттын бир бөлүгүн ачып, жараатты бир аз басып көргүлө (бирок сак болгула, малдын денеси ооругандыктан силерди жабыркатып койбосун). Эгерде астынан ириң агып чыкса, аны кылдаттык менен толук чыгарып, жараатты жакшылап тазалагыла. Эгер агызууга бир нече күн керектей сезилсе, жараатты ачык калтыруу үчүн антисептикке чыланган чүпүрөктү салгыла. Жараат жакшы кургагандан кийин антибиотик крем сүйкөгүлө. Жараат жакшы айыкмайынча күн сайын текшерип, тазалап тургула.
Жаныбарды тиштегенде, качан жаракат алганына жараша, курч же өнөкөт жарааттарды дарылоо режимин сактагыла. Тиштелген жарааттар катуу оорутаарын жана инфекция оңой жугаарын унутпагыла.