Тигүү кадамдары
14.3.1. Тигүү кадамдары:
1. Кан агып жаткан кан тамырларын басып же чымчып, канды токтоткула. Эгерде кан аккан тамыр чоң болсо, канды токтотуу үчүн аны бекем тигип коюуну ойлонгула.
2. Ылайыктуу ийнени тандагыла (кесүүчү же конус формасындагы ийне жана ылайыктуу өлчөмдөгү). Тилип тиккен ийне калың терилер үчүн жеңилирээк болот.
3. Туура келген тигүүчү жиптин түрүн жана өлчөмүн тандагыла. Кээ бир жерлерде тигүү материалы катары табигый жергиликтүү була (мисалы, жылкынын кылы) ийгиликтүү колдонулат.
4. Жипти (ийнени, ийне кармагычтарды) дезинфекциялоочу каражатка же спиртке 20 мүнөттөн кем эмес убакытка чылап койгула.
Жараатты жана анын айланасын кылдат кырып, тазалагыла. Адегенде самын менен сууну колдонгула, андан кийин кычыштырбаган антисептикти колдонгула. Жарадан бардык нерселерди алып салууну унутпагыла.
Жансыздандыруучу дарыны кандай колдонууну ойлонуштургула. Эгерде жараатты көп жолу илип тигиш керек болсо, жансыздандыруучу дары малдын же малды тигип жатканда кармап турган кишилердин жаракат алуу тобокелчилигин азайтат (мисалы, бутту же башты тигип жатканда). Жансыздандыруучу дары колдонуу боюнча 217-бетти карагыла.
Тигиштин ылайыктуу түрүн колдонгула(кийинки бөлүмдү карагыла).
Жараатты тигип алгандан кийин, төмөнкүлөрдү аткаргыла:
Жараатты кандан тазалап, кургаткыла.
Жараатты коргоо үчүн антибиотик жана чымын чиркейлерге каршы май, порошок же спрейди колдонгула.
Антибиотикти, мисалы, узакка таасир берген пенициллинди сайгыла.
Мүмкүн болсо жараатты таза кармоо үчүн таңып койгула.
Малдын ээсине малды таза жана кургак жерде кармоону айткыла.
Эгерде жараат айыккан болсо, жиптерди алып салгыла.
Жараат айыга элек болсо, аны жакшылап тазалагыла. Эгерде инфекцияны байкасаңар, суюктукту агызуу үчүн бир нече тигишти алып салгыла. Мындай учурда антибиотик сайуу керек болот.
Олуттуу инфекция пайда болуп же кичине инфекция күчөп кетсе, жиптин баарын алып, жараатты ачып, суюктукту агызып, жараатты “ачык жара” сыяктуу айыгууга калтырып, күн сайын тазалап, таңып тургула, антибиотик да саюу керек.
Жөнөкөй түйүндүү тигиш: Тигүүнүн бул түрү, адатта, тери жана булчуңдардын үстүнө салынуучу тигиш. Бул эң ишенимдүү, бирок тигиштердин башка түрлөрүнө караганда көбүрөөк убакыт талап кылат.



Ийнени жарааттын четиндеги ткандын бир тарабына (эгер бар болсо ийне кармагычтарды колдонгула) сайгыла.
Ийнени жарааттын экинчи тарабындагы ткандын четиндеги катмары аркылуу өткөргүлө.
Жарааттын четтерин толук бириктирүү үчүн лигатураны жетишээрлик деңгээлде бекем тарткыла (бирок ал "бырыш" болуп калбоосу керек).
Нейлон жипти колдонууда тигиш бекем болуусу үчүн, жок эле дегенде, үч түйүн байлоону унутпагыла.
Тигилген түйүндөрдүн ортосундагы аралык майда жаныбарларда болжол менен 5 мм, ири жаныбарларда 10 мм болушу керек.
Жөнөкөй үзгүлтүксүз тигүү: Бул тигүүнүн түрү булчуңдарга жана териге жакшы. Бул түйүндүү тигиштер сыяктуу ишеничтүү эмес, бирок тезирээк жасалат.



Ийнени жарааттын четиндеги эттин бир тарабына киргизгиле (ийне кармагычтар менен, эгерде бар болсо).
Ийнени жарааттын башка тарабындагы ткань катмарынан өткөргүлө.
Бул ишти жарааттын аягына жеткенче түйбөй уланткыла. Жарааттын четтерин бириктирүү үчүн тигишти катуу тарткыла (бирок ал "бырыш" болуп калбасын).
Тигиштин ортосундагы аралык майда малда болжол менен 5 мм, ири малда 10 мм болушу керек.
Жарааттын аягында тигиш сызыгын текшергиле. Алар жарааттын капталдарын бириктирүү үчүн, жалпак жана жылмакай жатышы үчүн жетиштүү бекем болушу керек. Болбосо, тигиштерди бекемдегиле же бошоткула.
Түйүндү бекем байлагыла. Нейлон жип колдонсоңор, жок дегенде үч жолу түйгүлө, анткени ал сыйдаң келип, оңой эле бошоп кетет.
Матрас тигиши: Бул бодо мал жана буйволдор сыяктуу калың терилүү малга ылайыктуу болгон, ишеничтүү жана тез аткарылуучу тигиш.



Жараатын четиндеги ткандын бир капталына ийне сайгыла.
Ийнени жарааттын башка тарабындагы ткандын катмары аркылуу өткөргүлө.
Ийнени кайра ошол эле тараптагы ткандын катмарынан өткөргүлө.
Ошондой эле ийнени жарааттын башка тарабындагы катмардан өткөргүлө.
Жипти теринин четтери толук бириккиче тарткыла.
Түйүндү бекем (нейлон жипти, жок дегенде, үч жолу) байлагыла.
Бул ишти жарааттын аягына чейин кайталагыла.
Тигүү же майда операцияларды жасоо учурунда малдын кыйналуусун азайтуу үчүн жансыздандыруучу дары колдонулат. Көбүнчө ал теринин астына сайылат. Жансыздандыруучу дары жансыздандыруу менен малдын ооруну аз сезүүсүн же такыр сезбей калуусун камсыз кылат. Натыйжада, малдын кыймылдашы же ийне менен иштөөдө реакциясы азыраак болуп, ишти натыйжалуу жана коопсуз аткарууга мүмкүндүк берет. Ошого карабастан жансыздандыруучу дарыны саюу оору менен коштолот. Ошондуктан, майда жарааттарды көбүнчө тигет, ириңдүү жараларды жансыздандыруучу дары колдонбой жаруу керек.
Жансыздандыруучу дарылардын бир нече түрлөрү бар, анын ичинде лидокаин, новокаин, лигнокаин жана бувакаин. Алар, адатта, 2% эритме түрүндө сатылат. Эгерде алар жогорку концентрациялуу болсо, анда аларды болжол менен 2%га чейин дистирленген суу менен аралаштыргыла.
Иш кадамдары:
Терини самын жана антисептик менен тазалагыла.
Ийне сайылуучу жердеги теринин түгүн (же жарааттын айланасында) кырккыла же кыргыла жана жараатты кылдат тазалагыла (мурунку тигүү бөлүмүндө айтылгандай).
Узундугу беш сантиметр (эки дюйм) жана диаметри 18 же 20 калибрдеги ийнени колдонгула. Малды матап жатканда этият болгула жана ийне сайылганда ал ооруга реакция кылышы мүмкүн деп айланадагылардын баарына эскерткиле.
Жарааттын четинен баштап ийнени 2,5 см тереңдикте (бир дюйм) теринин астындагы тканга түз сайгыла. Андан кийин жансыздандыруучу дарыны куя баштагыла, ошол эле учурда ийнени акырындык менен тарткыла, жансыздандыруучу дарынын бир бөлүгү жараатты бойлой куюлсун. Тигилүүчү жарааттын бардык четин бойлото дары толук сайылуусу керек. Ар бир 2 сантиметрге (1 дюйм) эки куб сантиметрге жакын жансыздандыруучу дары талап кылынат.
Ийнени чыгаргандан кийин, ушундай эле жол менен кайра киргиле, бирок бул жолу жансыздандыруучу дары өз таасирин тийгизип баштаган жерге (мал ооруну азыраак сезүүсү үчүн) сайгыла. Жансыздандыруучу дарыны жарааттын четин бойлой саюуну уланткыла.
Бир нече мүнөт күтө тургула жана териге ийне сайып текшергиле (бирок мал эч кимге зыян келтирбеши үчүн сак болгула!). Мал каршылык көрсөтпөй калганда (б.а. жарааттын чети эч нерсе сезбей калса), тигүүнү баштоого болот.

Тигүү учурунда тигилүүчү жерди жансыздандыруу үчүн жарааттын четине жансыздандыруучу дары сайгыла.
78–79 беттерди карагыла. Биринчи жардам.