Азыктын жетишсиздигинен келип чыккан аксактык

АКСАК

Кээде мал жакшы баса албай калат. Бул жалпы абал "аксактык" болуп саналат. Эгерде мал такыр кыймылдай албаса, бул абал "шал" деп аталат.

Аксактык курч же өнөкөт болушу мүмкүн. Кандай болбосун, биринчи кезекте сыныктын бар-жогун текшерүү керек.

Сыныктар, аксактык Сынык – сөөк сынган учур. Сынык көбүнчө этти, анын ичинде, кан тамырларды жана нервдерди кошо жабыркатат. Жыгылганда же бир нерсе менен кагылышып же бир нерсеге урунганда сөөк сынуусу мүмкүн.

Сыныктарды үч түргө бөлүүгө болот:

1. Жөнөкөй сынык: Сөөк бир жеринен сынган, териде жараат жок болот..

Image undefined
Image undefined

2. Татаал сынык: Сөөк бир нече жеринен сынган, бирок терисинде эч кандай жараат жок болот.

3. Ачык сынык: Сөөктүн ачылып калуусуна алып келген теридеги жараат, сынык менен коштолот (жөнөкөй же татаал) жана инфекция алып келүүсү мүмкүн.

Сыныкты изилдөө: Сыныкка шек болгон учурда, малга же аны кармап турган адамдарга дагы зыян келтирбөө үчүн аны этияттык менен кармагыла. Кээде мал катуу коркуп же оорудан стресске дуушар болушу мүмкүн жана сынык бүткөнгө чейин тынчыбайт. Сыныкты жакшылап текшергиле. Жарааттарды, кан агууну жана муундар жабыркабаганын текшерүү шарт. Дагы башка жаракаттар бар-жогун аныктоо үчүн малды кылдаттык менен толук карап чыккыла.

Кээ бир сыныктарды рентгендин жардамысыз аныктоо кыйынга турат. Рентген - бул атайын аппарат менен тартылган сөөктөрдүн сүрөтү. Бирок рентген аппараты жок болсо да, төмөнкү белгилер сыныктарды аныктоого жардам берет:

Image undefined

Катуу ооруткандын натыйжасында мал аксап, жабыркаган бутунун салмагын көтөрүп, ордунан тура албайт жана жабыркаган жерди кармаганда катуу реакция кылат;

Сөөктүн деформациясы же анормалдуу көрүнүшү;

Орду шишийт;

Жабыркаган жерди кармап кыймылдатканда сынган сөөктүн учтары бири-бирине тийип, кычыраган үн чыгат.

Сыныкты жалпы дарылоо

Image undefined

Сынган учтарын бири-бирине жакын коюп, кыймылсыз кылып койсо, көпчүлүк сыныктар айыгат. Бирок муундагы инфекция жана муундун жабыркоосу айыгууну кыйындатышы мүмкүн. Сынган жерди дарылоо үчүн төмөнкүдөй кадамдар жасалуусу керек:

Image undefined

“Жаратты дарылоо"(эгер бар болсо). Ачык сыныктар олуттуу сөөк инфекцияларын болтурбоо үчүн өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Жараат кылдат жуулуп жана тазаланышы шарт. Антибиотик кремин жаранын үстүнө сыйпоо керек. Жараат чымындардан корголушу зарыл. Инфекциянын алдын алуу үчүн пенициллиндин сайылышы абзел.

Image undefined

Сынган сөөктөрдү "ордуна келтирүү". Кандайдыр бир сыныкта ажыраган сөөктөрдүн учтары туура түзүлүшүн сактап жана мүмкүн болушунча бири-бирине жакын болуусу керек. Бул сыныкты"ордуна келтирүү" деп аталат. Кээде сөөктөрдү ордуна келтирүү кыйын, анткени булчуңдар жыйрылып, сөөктөрдүн түзөлүүсүнө тоскоол болот. Сөөктөрдү ордуна келтирүү үчүн бир нече күчтүү адамдар талап кылынышы мүмкүн.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

3.Сынган сөөктөрдү “шак-шактоо” керек. Сөөктөр ордуна коюлгандан кийин, “кыймылдатпоо” (б.а. айыгып жатканда кыймылдатпаш) үчүн шак-шак керек. Бул "шакшактоо" же "сыныкты оңдоо" деп аталат. Сөөктөр кыймылдабашы үчүн "сыныкты кыймылдатпоонун" бир нече жолдору бар. Оңой ыкмаларынын бири – (бамбук сыяктуу) жыгачтардан жасалган шынаалар. Жыгачтан жасалган шынаалар гипске караганда арзаныраак, жеткиликтүү жана жеңил. Аларды оңой эле жасаса болот, бирок нымдуу болгондо (гипс сыяктуу) бузулат. Жыгач шынааны да оңой алып салууга, сынык менен байланышкан жараларды текшерүү жана дарылоо үчүн алмаштырууга болот. Шынааны колдонгондо астына бинт төшөлүшү керек жана анын учтары шынаанын четтеринен чыгып турушу шарт. Өзгөчө жараат бар болсо, курттоону алдын алуу үчүн бинтке суюк инсектицид чачуу же, инсектициддин майдасын колдонуу зарыл.

Image undefined

Жыгачтан же бамбуктан Жарааттарды алдын алуу үчүн Муундарды кошуп шак-шакты жасалган шак-шак гипстөө керек. Курттоого каршы үстү жана алды жагына колдонгула, бинтке инсектицид колдонгула шынаанын алдындагы бинт шынадан ашып туруш керек 4. "Ылаңдаган малга кам көрүү": 234-бетти карагыла. Дайыма шынааны текшерүү, ылаңдаган малды мезгил-мезгили менен оодарып туруу, жогорку сапаттагы тоют, таза суу менен камсыз кылуу жана көбүрөөк жаракат же стресс болбошу үчүн, башка малдардан алыс кармоо керек болот.

Сөөгү сынган малга камкордук көрсөтүү:

Биринчи жардам боюнча жалпы маалымат алуу үчүн 78-бетти карагыла. Мындан тышкары, төмөндөгү көрсөтмөлөр кайсы бир сынык болгондо колдонулат.

Убакыт талап кылынат. Негизинен, шынаа майда жандыктарда бир айдан кем эмес, ири бодо малда эки айдан кем эмес болушу керек. Бирок талап кылынган убакыт төмөнкү факторлорго жараша олуттуу түрдө өзгөрүшү мүмкүн:

Малдын жашы: Жаш мал кары малга караганда бат айыгат.

Малдын көлөмү: Майда мал чоң малга караганда тез айыгат. Чоң мал ордунан тура албаса жана кыймылсыз катуу жерде узак убакыт бою жатып калса, булчуңдары катуу жабыркашы мүмкүн.

Малдын кыял-жоругу: Азоо малга караганда жоош малды дарылоо жана багуу жеңилирээк.

Сыныктын түрү: Жөнөкөй сыныктар ачык же татаал сыныктарга караганда тез айыгат.

Сыныктын жайгашкан жери: Чоң сөөктөрдүн сынышы же буттун чоңдугу дарылоодо майда сөөктөргө караганда көбүрөөк убакытты талап кылат. Муун камтыган сөөктөгү сыныктар айыгууга көп убакыт талап кылат, ал эми муундун туруктуу бузулушуна байланыштуу мал артритке кабылышы мүмкүн.

Сыныкты туура ордуна коюу мүмкүнчүлүгү. Бири бирине жакшы туш келбеген сыныктардын айыгуусу узагыраак болот.

Сөөктү кыймылсыз кылуу шарты: Кыймылдабаган сыныктарды айыктыруу үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат.

Кан менен камсыз кылуу: Кан менен жакшы камсыз болбогон сыныктарга салыштырмалуу, кан менен жакшы камсыз болгон сыныктар тезирээк айыгат.

Инфекция: Инфекция болгон сөөк, жанчылган эт же муун, айыгууну кечеңдетет же айыктырбайт.

Сыныкты дарылоодон мурун жогоруда аталган жагдайлардын бардыгын эске алуу керек. Бир нече жагдайлар болгон учурда айыктыруу мөөнөтү бир топ узарып, ал тургай айыкпашы да мүмкүн. Мындай болсо, малдын ээси малды союуну ойлонуш керек.

Малды жумшак жерде кармагыла, бир күндө бир нече жолу бир капталынан экинчисине оодаргыла, бул терини жоорудан сактайт. Ошондой эле сынган жерде кан айланышын жакшыртып, айыгууну тездетет. Мал (өзгөчө чоң, оор мал) ордунан тура албаса, жумшак жерде кармоо керек. Болбосо, өз денесинин басымы булчуңдарга туруктуу зыян кылышы мүмкүн.

Малды тургузуу: Мүмкүн болсо, малды күнүнө, жок дегенде, бир жолу ордунан тургузуу керек. Андан кийин мал жабыркабаган буттары менен бир канча убакытка өзүн көтөрө алат. Бул малдын кан айлануусуна жана булчуңдарына жардам берет.

Жакшы тоют, суу, калканыч жай жана башка малдардан коргоону камсыз кылуу: Сыныктан айыгып жаткан малга жогорку сапаттагы тоют, таза суу жана ысыктан, ашыкча күндөн же сууктан жакшы калкалоо керек. Алар башка малдан да коргоого муктаж, анткени башка мал ага зыян келтириши мүмкүн.

Чымын чычып, инфекция болуп же жыттанып баштабаганын байкагыла/жыттагыла: Жараатта курт же инфекция жокпу, күн сайын текшерип тургула. Алдын алуу чарасы катары жараны таңуу керек жана жарааттын өзүнө (эгерде бар болсо) курттарга каршы натыйжалуу майда дары же суюк түрүндө чачуу же сүртүү шарт. Бинт менен шынаа кан айлануунун бузулушун алдын алуу үчүн туура колдонулушу абзел. Ачык сыныктары бар малга пенициллин сыяктуу антибиотиктер сайылышы туура болот.

Ошого карабастан, эгерде мал тоют жебей калса, дене табы көтөрүлүп, жагымсыз жыт чыкса (б.а. сынган жеринен сасык жыт чыкса) же адаттан тыш ооруп жаткандай сезилсе, шынааны дароо алып салуу керек. Андан кийин сынган жерде инфекция, курт жокпу, кан айлануусу кандай деп текшергиле. Бинт өтө катуу байланып же күрөө тамырды кысып калса кандын айлануусу начар болот. Ошондой эле шынаанын астына салынган төшөлмө жетишерлик болбогондон да келип чыгышы мүмкүн. Сөөк сынган маалда кээде эт менен кошо сөөккө кан жеткирген тамырлар биротоло жабыркап калат. Кан тамыр биротоло жабыркаса, сынык такыр айыкпай калышы ыктымал.

Муундардын чыгып кетүүсү Кээде сөөктөр сынбайт, бирок чыгып кетет. Бул "чыгып кетүү" деп аталат. Эгерде муунду кармап турган булчуңдар жана тарамыштар да жабыркап калса (б.а. жөн эле чоюлуп кетпесе), анда абал оор болушу мүмкүн.

Муундардын чыгып кетүүсүн дарылоо: Биринчиден, муунду кайра туура абалга алып келүүгө аракет кылгыла. (Сөөктөрдү кыймылдатып жатканда кыртылдаган үн чыкса, сынык бар дегенди билдирет). Анда малга сыныктай камкордук кылуу керек:

Буттун өйдө жагындагы муундар жабыркаганда, малды эс алдырып, кам көрүү керек.

Буттун ылдыйкы муундары үчүн сөөктөргө шынаа койсо кармап турат.

Сөөгү сынган малга жакшы кароо зарыл.

Image undefined

Айкын сыныктары жок аксак Жарааттардан улам болгон аксактык:

Аксактык буттун дээрлик бардык жериндеги жарааттан улам болушу мүмкүн. Жарааттын абалына жараша, аны тигүү боюнча 213–214-беттерди карагыла.

Image undefined

Дарылоо: Бардык жарааттарды кылдат тазалап, курттарды жок кылуу керек. Май же спрей жарааттардын курттап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн колдонулушу шарт.

Image undefined

Жараатта инфекция болсо, (айрыкча, селейме коркунучу бар болсо) анда антибиотик сайылуусу абзел.

Image undefined

Туяктын айланасындагы жараатардан же ириңден улам аксоо Аксактыктын эң көп тараган себептеринин бири — туяктын же туяктын жанындагы жарааттын болуусу же ал жерлердин ириңдеп кетүүсү (туяк тери тутумунун бир бөлүгү, бирок бул жерде башка аксак көйгөйлөрү каралууда).

Туяктарды текшерүү Жылкынын, эчкинин жана койдун туяктарын көбүнчө турган абалда бутун көтөрүп карап көрүүгө болот. Уйдун/буйволдун бутун жерден көтөрүү үчүн, ар бир бутту аркан менен байлап же малды толук матоо керек.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Мал маталгандан кийин туякты жакшылап тазалап, ар кайсы жеринен басып текшерүү керек (б.а. ооруган жерди басканда мал бутун дароо тартып алат).

Андан кийин, туяктан ириң же көгөргөн жерлерин билдирген майда кара тактарды издегиле, өзгөчө ооруган жерлерди. Бул тактарды ​​толугу менен ачылгыча, туяк кескен бычак менен кылдат кесип, тазалоо керек. Эгерде ириң чыкса, демек, бул жерде абсцесс бар. Эгерде кан чыкса, бул жерде гематома.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Абсцессти же жараны билдирген кара так Жылкынын туягы Уй, эчки, кой, лама, алпактын туягы

Image undefined

Жылкынын туягынын асты жагында, "бакай" деп аталган жумшак, үч бурчтуу бөлүк бар. Эгерде ал жерден ириң чыкса, бакайынын ичинде инфекция бар. Дарылоонун чоо-жайын билүү үчүн кийинки бетти карагыла. Малды кургак, таза жерде кармагыла.

Image undefined
Image undefined

Ача туяктуу жаныбарлардын салаларынын ортосун бир нерсе жабыркатпаганын (мисалы, жыгач) кылдат текшерүү туура болот.

Image undefined
Image undefined

Туюк туяктарда жараат жокпу, текшериш керек.

Image undefined
Image undefined

Туякта жарака же бөлүнүү жок экендиги текшерилиши зарыл. Оор жарака болсо, бул аксактыкка алып келиши мүмкүн жана сейрек учурларда инфекцияга айлануусу да ыктымал.

Дарылоо:

Ириң же ылаңдаган жүрөкчөсү: Эң негизги дарылоо – ириңди агызуу үчүн, туякты же бакайды жакшылап тегиздеп кесүү керек. Мүмкүн болсо, малдын бутун англия тузуна (эгер бар болсо) же дезинфекциялоочу каражатка чылап койсо болот. Малды кургак, таза жерде кармагыла. Эгерде көйгөй 2-3 күндүн ичинде жакшыра баштабаса, малга көп убакытка чейин таасир берген пенициллинди сайгыла.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Ириң болушунча чыгышы үчүн инфекция кирген бакайды кесүү керек Ириң чыгуу үчүн ириң болгон малдын бутун англия тузуна Жаранын бетин ачуу керек же суюлтулган дезинфектантка малгыла Кан уюу: Эң негизги дарылоо – эс алдыруу. Мал дарыланып жатканда таштуу, катуу жерден алыс кармагыла. Эгерде малдын бир жери ооруса,ооруну басаңдатуучу дарыларды берүүгө болот.

Жаралар: Жараларды тазалап, курттарды алып салуу керек жана курттарга каршы дарылар колдонулат. Эгерде инфекциянын белгилери бар болсо, анда антибиотик сайылышы керек (мисалы, пенициллин). Эгерде туяктын сырты жабыркаса, ага олуттуу мамиле кылуу туура болот, анткени ал жерде туруктуу жабыркоо болсо, туяктын деформациясына же жарылышына алып келиши мүмкүн. Инфекциянын алдын алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшагыла жана мүмкүн болушунча тезирээк айыгуусуна түрткү бергиле.

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Жарака кеткен туяк: Жарака кеткен туякты алгач кадимки формага келтирип тегиздегиле. Андан кийин жарака узун болуп калбаш үчүн, анын үстү жагына горизонталдуу оюк салгыла. Ошондой эле, жарака жерге тийбеши үчүн жараканын түбүнө “V” формасын койгула.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Жараканын ылдыйкы жагын жерге тийбегендей кылып "V" формасында өгөөлөгүлө.

Чоюлуп жана түйүлүп калуудан келип чыккан аксактык Булчуң, тарамыш же муун буралып же өтө чоюлганда же өтө көп кыймылдаганда, ооруп, шишип аксатышы мүмкүн. Муну биз түйүлүү же чоюлуу дейбиз.

Муундун чоюлуп калуусун дарылоо: Негизги дарылоо – малды эс алдыруу. Ошондой эле, ооруну басуучу дарыларды берсе болот. Линименттерди да колдонсо болот (төмөндөгү дары бөлүмүн карагыла) жана жабыркаган жерди муздак сууга малса, (мисалы, аккан сууга) жакшы натыйжа берет. Малды жумшак жерге кармоо керек.

Артриттен болгон аксактык Карыган өгүздөрдүн, уйлардын, буйволдордун муундары ооруп, шишиген учурларын көп эле көрсө болот. Бул ылаң артрит деп аталат жана көпчүлүк айыл тургундары аны жакшы билишет. Артриттин негизги эки түрү бар:

Инфекциялык артрит Инфекциялык эмес артрит (ошондой эле дегенеративдик артрит деп аталат).

Инфекциялык артрит көбүнчө жаңы туулган малдарда, киндикке инфекция киргендин натыйжасында болот. Ошондуктан бул "киндиктин ылаңы" деп аталат. 53, 56-беттерди карагыла.

Инфекциялык эмес артрит же дегенеративдик артрит, карыган малда байкалат. Муундардагы кемирчектер ушаланып баштайт жана табигый жылмакайлыкты камсыздай албай калат. Натыйжада, муундары шишип мал аксап калат. Жаш мал дагы муундарынан жаракат алгандыктан же ашыкча иштөөдөн жана чыңалуудан улам дегенеративдик артрит болушу мүмкүн. Семиз же оор малдын муундарына көбүрөөк күч келгендиктен артриттен жабыркайт. Ушундай эле бутунун түзүлүшү кыйшык малдардын муундарына да көбүрөөк күч келгендиктен, жашыраак кезинде эле артритке кабылышат. Бетон сыяктуу катуу жерде дайыма турган мал артритке кабылышы мүмкүн. Акырында артрит менен ылаңдаган мал баса албай, булчуңдар бошоп калат.

Дарылоо: Бул ылаңдын дарысы жок. Белгилерине жараша, ооруну басаңдатуучу дарыларды берсе болот.

Алдын алуу:

Муундарды жабыркаткан ар кандай жараатты туура дарылоо, артритти алдын алууга жардам берет.

Малды дайыма бетондун үстүнө кармабагыла. Малды ашыкча жумушка салбагыла.

Буттары начар кыйшык малдарды сатып албагыла жана ошондой малдан тукум албагыла. Бул көйгөй тукумуна да өтүшү мүмкүн.

Image undefined

Дененин түзүлүшү

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Бут түзүлүшү жакшы Начар бут түзүлүшү Начар буттун түзүлүшү

Image undefined
Image undefined
Image undefined

(Арткы буттары да бурчтуу) (Арткы буттары өтө түз)

Жалпы түзүлүшү жакшы Бут түзүлүшү туура бут түзүлүшү начар

Image undefined
Image undefined

Аркасы алсыз жамбашөтө жантайыңкы Ийндери өтөкууш Арткы буттары алсыз Ичтин кубаттуулугу жок Салаңдаган жели

Image undefined
Image undefined

Бут түзүлүшү жакшы Буттун түзүлүшү начар (арткы буттары алсыз)

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Бут түзүлүшү жакшы Буттун түзүлүшү начар (туяктары ичин ​​көздөй карайт)

Буттун түзүлүшү начар (туяктар сыртты карап калган)

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Жакшы бут түзүлүшү Буттун түзүлүшү начар (туяктары көрсөтүп турат)

Буттун түзүлүшү начар (туяктары ичин​​ көздөй карайт)

Image undefined
Image undefined
Image undefined

Туура буттун жана туяктын түзүлүшү Буттун түзүлүшү туура эмес (өтө жантайыңкы)

Туура эмес бут түзүлүшү (өтө тике Жылкылардын сөөк скелет тутумунда көп кездешкен башка кемчиликтер:

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

АЗЫК ЗАТТАРДЫН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН АКСАКТЫК

Эгерде көп сөөктөр жана муундар кыйшык же кемтик болсо, анда малдын тоютунда азыктык жетишпестик бар. Минералдын жетишпестиктери тууралуу маалымат алуу үчүн 306-310-беттерди карагыла. Жалпысынан кальций, фосфор жана D витамининин жетишсиздиги аксактыкты жаратат.

Кальций жетишсиздиги абдан сейрек кездешет. Аны күлүк аттардан, бодо малдан көрүүгө болот, ошондой эле арбын жем менен бордоп семиртилген жаш койлордо, дан жана минералдык кошумчаларсыз гана тоюттандырылып жаткан саан уйларда кездешет. (Тууттан кийинки парез боюнча 148, 270-беттерди карагыла.)

Фосфордун жетишсиздиги көп кездешет анткени көп жерлерде (топуракта) фосфор жетишсиз болот. 309-бетти карагыла.

Витамин D организмге кальций менен фосфорду жакшы колдонуу үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан D витамининин жетишсиздиги фосфордун жетишсиздиги менен да байланыштуу болушу мүмкүн же сарайдын ичинен сыртка чыгарылбай багылган малдарда кездешет.

Жаш, өсүп жаткан малдардын сөөктөрүнө байланыштуу эң кеңири таралган жетишпестик “Итий” деп аталат. Бул фосфордун жана D витамининин жетишсиздигинен келип чыгат. Жаш малдын тизелери шишип, аксап калат. Ошондой эле алардын кабыргаларында бүдүрчөлөр пайда болот. Аркалары ийилип, кыймылдагысы келбей калат.

Остеомаляция Остеомаляция "жумшак сөөктөр" дегенди билдирет, бул, адатта, жетилген малда фосфор/витаминдер дайыма жетишсиз болгондон улам болот. Бооз жана саан уйлар бул ылаңдан жабыркап, аксап, муундары катуу болуп калат. Бул ылаң тукумсуздука да алып келиши мүмкүн.

Дарылоо: Рахит жана остеомаляцияга шектелген учурларда минералдык кошулмаларды (мисалы, сөөк уну) берүү туура болот, 306-308-беттерди карагыла. Малга күндүн нуру тийип турушун камсыздоо керек (же мүмкүн болсо, ага витамин D бергиле). Итий же остеомаляцияны кан тамырга кальций же фосфор берүү менен дарылабагыла. Тескерисинче, минералдарды тоютка кошуп камсыз кылгыла.

СӨӨКТҮН ИНФЕКЦИЯЛАРЫ

Сөөктүн инфекциясы “остеомиелит" деп аталат. Сөөк инфекциясы малда же жылкыда көп кездешпейт, алар көбүнчө жаракаттардан, өзгөчө “ачык” сыныктан кийин болуусу мүмкүн. Остеомиелит курч нерсе менен тешилген жаракаттан кийин да пайда болушу мүмкүн.

Белгилери:

Жабыркаган жерлер ысып, шишип, ооруйт Дене табы жогору болот Ириң чыгуусу мүмкүн Эскертүү: Малда чириген сөөктөн (мисалы, эски сыныктан) улам өнөкөт ириң чыгышы мүмкүн. Анамнезди алууда малдын ириңинин агып жаткан жеринде жаракаты бар-жогун (ал бир нече ай мурун болсо да) сурагыла.

Дарылоо: Пенициллин сайып, териге кирген бөтөн нерсени сөзсүз алып салгыла. Пенициллин ошондой эле селеймеден коргоого жардам берет. Чириген сөөктөн улам эски ириң акса, өлгөн сөөктү да алып салуу керек, антпесе ириң токтобойт.

Организмдин тутумдары жана аны менен байланышкан ветеринардык көйгөйлөр