Фунги (чакалай)
8.9 Фунги (чакалай)
Чакалай бул чач жана териге таасир берген ылаң. Бул ылаң дүйнөнүн бүт жеринде бар. Муну бир клеткалуу фунгус деген организм козгойт. Өзгөчө нымдуу, караңгы жерде кармалган жаш мал көбүрөөк жабыркайт. Малды кургак, таза, күн тийген жерге алып чыкканда, оору өзү эле жоголот. Адамдарда дагы чакалай болуусу мүмкүн, ошондуктан чакалай болгон мал менен иштеп жатканда этият болуу керек.
Белгилери: Тегерек, түктөрдү түшүргөн шакекчелер көбүнчө баш жана моюн жактарда пайда болот. Бул жерлер кургап, кытырап, бозоруп калат. Кээде кычыштырып, мал кашынат.

Диагноз: Байкалган белгилерине жараша коюлат. Түктөрдөн жана кабырчыктан бир аз алып, ошол түктөрдү изилдөө үчүн, суюлтулган калий гидроксид эритмеси куюлган микроскоптун идишине койгула. Түктөр менен кабырчыктарды таза бөтөлкөгө салып, фунгустарды аныктоо үчүн лабораторияга жөнөтсө болот.
Дарылоо: Инфекция бир малдан экинчиге оңой жугат. Ошондой эле мал кашынган акырлардан, суунун идиштеринен дагы жугат.
Инфекция болгон жерлерге түз (жерине) колдонулган дарылоого төмөнкүлөр кирет:
Йоддун тундурмасын эки күндүн биринде, жети же он төрт күн сүйкөгүлө. Көзгө же башка сезимтал ткандарга тийгизбегиле.
Салидол (вазелин) менен аралаштырылган жез сульфатынын майдасын кошуу керек. Бир жолу сүйкөгөндөн кийин, 24 саат күтүп, анан дары терини күйгүзүп салбоосу үчүн толук тазалап алып салгыла.
Тиабендазол пастасы: Бир же эки жолу, аралыгын бир нече күндөн кылып колдонсо болот.
Жергиликтүү базарда жеткиликтүү грибокторго каршы мазь же кремдерди колдонсо болот (мис.адамдар үчүн даярдалган, Тинактин).
Системалык дарылоого төмөнкүлөр кирет:
Натрий йоду булчуңга сайылат же Фулвицин (гризеофулвин) болустары берилет.
Алдын алуу, көзөмөлдөө: Таза жана кургак короо, күндүн нуру, туура тоюттануу, мунун баары чакалайдан алдын алууга жардам берет.