Сүлүктөр
8.8 Сүлүктөр Сүлүктөр бөлөк мителерден айырмаланат. Үй жаныбарларына таасир берген сүлүктөрдүн эки чоң түрлөрү бар:
Мурунда жана тамакта жашап мителик кылган сүлүктөр.
Териге жабышып, кан соруп анан түшүп калган сүлүктөр.
Белгилери, диагнозу: урундун сүлүктөрү кээ бир учурларда олуттуу көйгөйлөрдү (кээде адамдарга да таасир берет) козгойт. Мал суу ичип жатканда, кичинекей сүлүктөр оозго кирет. Ошол сүлүктөр мурундун ички катмарына жабышып, кан соруп чоңоюп башташат. Алар кычыштырат жана канатат. Жыйынтыгында, мал аз тоюттанат, өсүүсү жана кунардуулугу төмөндөйт.
Малдын мурдунда мителеген сүлүктөрдү жок кылуу: Дарылоо жеткиликтүү нерселерге көз каранды болот. Жергиликтүү каражаттар дагы жакшы натыйжа берет.
Кээ бир фермерлер малга бир күн бою суу бербейт. Эртеси сугарып жатканда сүлүк да суу ичкени башын чыгарат. Ошол маалда фермер сүлүктү кармап тартып чыгат. Сүлүктөр сыйгалак болгондуктан, чүпүрөк же кычкач менен кармоо керек.
Дагы бир дарылоо жолу: сүлүк курттар менен ылаңдаган алга мурунга куюлуучу эритмелерди колдонуу. Тамекиден жасалган никотин эритмеси, хлороформ/ спирт эритмеси же башка дагы эритмелерди колдонсо болот.
Малды туура (мүмкүн болсо тосмодо) байлагыла.
Мурунга куюлган суюктук чыгып кетпөөсү үчүн малдын башын түз кармап тургула, (эгер мурун ылдый карап турса, эритме агып кетет; эгер мурун өйдөнү карап турса, анда эритме тамакка түшүп, жутуп алат).
Шприцке 20-30 мл эритмени (кичинекей малга 5 мл) сордуруп, сүлүк болгон таноосуна аттыргыла.
Малдын башын бир-эки мүнөт түз кармап тургула.
Эгерде экинчи таноосунда да сүлүк болсо, ал жагын да ошондой эле жол менен дарылагыла.
Кээде сүлүк дароо түшүп, көрүнөт. Бирок көбүнчө сүлүк көрүнбөйт. Эритме аны өлтүрүп, ал тамакты көздөй жылып, мал аны жутуп алат.