Чымындар боюнча белгилүү бир көйгөйлөр
8.7.1 Чымындар боюнча белгилүү бир көйгөйлөр • Нымсакчылар ылаңдарды, анын ичинде койлорго көк тилди жугузат.
• Нымсакчылар нымдуу жерде кездешет. Алар саздак жерлерде көбөйүп, салкын климатта көбүрөөк кездешет.
• Нымсакчы кичинекей (узундугу 1-3 мм болот).
• Кара чымындар (узундугу 5 мм болот) агын сууда көбөйүшөт.
• Чиркейлер көлмө сууда жупташат. Көзөмөлдөө кыйынга турат. Чымындар жупташкан нымдуу жерлерди кургатуу керек.
• Малды саздак жерлерден, өзгөчө курт-кумурскалар азыктанган, эртең менен жана кечки маалда алыс кармагыла.
• Курт-кумурскаларга каршы каражаттар көбүнчө жылдын белгилүү бир мезгилинде күн сайын колдонулат.
• Бөлөк инсектициддерди жергиликтүү адистин кеңеши менен колдонсо болот.
• Мүйүздүү чымындар Америкада жана Түндүк Африкада, буйвол чымындары Азияда жана Австралияда кездешет.
• Алар чакканда малды дүүлүктүрөт.
• Алар кыкта көбөйөт, көбүнчө малдын денесинде жашашат. Миңдеген чымындар бир малда жашай алышат.
• Инсектицидди колдонуу үчүн, мал сөйкөнүп дарыланууга ыңгайлашылган жайлар жакшы көзөмөлдү камсыз кылат.
• Үй чымындары дүйнө жүзү боюнча кездешет, ал эми бадал чымындары Австралияда кездешет.
• Алар малды жүдөтөт, ылаңдарды таратат.
• Аларга каршы күрөшүү чаралары катары кыкты туура пайдалануу жана чымын кармагычтарды колдонуу керек. Эгерде кык жайылып, тез кургап турса, үй чымындарынын саны азаят.
• Алар үй чымындарына окшош, бирок каната чагат, малды катуу дүүлүктүрөт.
• Алар менен күрөшүү үчүн тезекти жана чирип жаткан нерселерди жок кылуу керек. Тазалык жакшы болсо, инсектициддердин кереги жок.
• Туруктуу чымындардай чагып, оорутуп, жарааттарды пайда кылат.
• Эгерде көп санда болсо, мал кан жоготуудан алсырап калуусу мүмкүн.
• Алар трипаносомозду жайылтат.
• Көзөмөлдөө өтө кыйын, анткени алар малдын үстүндө аз гана убакыт болот. Репелленттерди колдонуу жардам берет, бирок тез-тез колдонуу керек болот.
• Булар канаты жок чымындар. Алар койдун жүнүндөгү чоң биттерге окшош. Алар чакканда жана кан соргондо, койлор кашынып, жүндөрүнө зыян келтиришет.
• Дарыга малуу жана чачуу аркылуу алардан кутулса болот.
Цеце чымындары чагат жана кан менен азыктанышат. Ушул жол менен трипаносомозду жуктурат. 275-бетти карагыла.
Булар менен күрөшүү оңой эмес. Бул чымындар жашаган жерде бодо мал багыш үчүн алар менен күрөшүүнүн кымбат чаралары талап кылынат. Чымындар болгон жерде трипаносомозду болтурбоо үчүн, жакын жердеги адистерден цеце чымындарга чымын кармагыч жасоо жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн тактагыла. Булардын жаңы түрлөрүндө,аз өлчөмдөгү инсектициддер болот жана аны жасоо кыйын эмес.

цеце чымыны