Чымындар
8.7 Чымындар Бир нече себептерден улам чымындар малдын саламаттыгы үчүн зыяндуу:
- чымындар малды жүдөтүп, тоюттанууга жана эс алууга тоскоолдук жаратат;
- малды чымындар көп чакса, алсырап калат;
- чымындар жарааттарга жана көзгө инфекция алып келет;
- кээ бир чымындар малга куртка айлана турган жумурткаларын таштайт. Курттар малдын этин жеп, ткандарга чоң зыян келтирет;
- чаккан чымындар, мисалы трипаносомозду алып жүргөн Африкадагы цеце чымыны, кан аркылуу жуккан ылаңдарды жайылтат.
Чымындын жашоо циклыи Бардык чымындардын ургаачысы жетилгенде жупташып, анан жумурткаларын таштайт. Жумурткалардан курттар чыгат. Курттар куурчакчаларга андан кийин жетилген чымындарга айланат. Бул толук жашоо цикли, чымындардын түрлөрүнө жараша бир жумага созулуусу мүмкүн, ал эми айрым учурда бир жылга чейин созулат.

Белгилери, диагнозу: Жетилген чымындарды оңой эле байкоого болот. Чымындар тынчын алып жаткан мал, алардын чагуусунан, ызылдаганынан жана дүүлүктүрүүсүнөн качууга аракет кылып, тез-тез жер которуп жана тобу менен чуркап жөнөшөт. Айрым бир чымындардын курттары малдын саламаттыгына көйгөй жаратат. Кылдат байкоо жүргүзсөк, алардын курттарын көрө алабыз.
Дарылоо, көзөмөлдөө: Чымындарды толук көзөмөлдөө кыйын. Бирок түрдүү жолдор менен чымындардын санын жана ылаңдын курчуп кетүү тобокелчилигин азайтууга болот.
Курттар өсө турган жерлерди жок кылгыла.
Малдын тезегин жайытка чачып салгыла, ошондо кургап калат. Чымындын жумурткалары кургак кыкта өсө албайт.
Кээ бир өрдөктөр курт-кумурскаларды жешет, тооктор кенелерди жейт. Өрдөк, тоокторду бодо малдардын жанында кармаса чымын жана кенелерди жок кылганга жардам берет.
Курттар көбөйө турган, чирип жаткан нерселерди, кыкты жана компостун үстүн жаап койгула же жок кылгыла.
Кенелерге каршы колдонулган дарылар сыяктуу эле, инсектициддерди, чымындарга каршы каражаттарды этияттык менен колдонгула. 26-бөлүм, 108-беттеги инсектицид тиркемесин карагыла.
Түз колдонуу. Инсектициддерди малга түз чачыраткыла же куйгула, же болбосо инсектицидди бар биркаларды колдонгула. Пиретриндер чымындарга каршы натыйжалуу каражат.
Мал сүйкөнүп дарыланууга ыңгайлашылган жайлардагы каптардын ичине майда инсектицид же майы сиңирилип жасалат. Кумафосту май же майдаланган түрдө колдонсо болот.
Майдаланган дарыны мүшөккө салгыла же мүшөктү май аралашмасына малгыла. Андан кийин мүшөктү бакка же устунга айландырып байлап койгула же эки устундун ортосуна байлап койгула. Мал өзү ага кашынып, чымындарды көзөмөлдөгөндү үйрөнүп алат. Бир нече жумадан кийин, кайра алмаштырууга туура келүүсү мүмкүн.
Инсектицид салынып, мал сөйкөнүп дарыланууга ыңгайлашылган жайлардан уй өтүп бара жатат
