Биттер

8.5 БИТ

Биттердин оозунун жайланышы жана тамактануу методуна жараша чагуучу бит же соргуч бит деп бөлүшөт. Эки түрү тең үй жаныбарларына көйгөй жаратат. Жаш жана азык жетпеген малга жабышат. Малдын бир түрүнө жайылган биттер башка түрлөргө негизинен жайылбайт. Бит чачтын арасында жашайт. Алар чагат же кан сорот. Бул малдын тынчын алат. Биттеген мал кашынып, тырманганга көп убакыт кетирет. Бул чачты жана жүндү жабыркатат. Биттин сирке деп аталган ак жумурткаларын, чачты же жүндү ачып териге жакын жерлерден көрсө болот.

Чочколордо соргуч биттер баштын, моюндун жана буттардын айланасында кездешет. Алар чочконун жанын жай алдырбай көп убакыт кашындырат. Чочко арыктап, ден соолугу начарлайт.

Буйволдордо сиркелер жүндө жашайт. Бирок жаш жана начар тоюттанган буйволдордон башкаларга көп деле көйгөй жаратпайт.

Койлордо жүн калың болгондуктан биттер өтө жайылып кетсе, жүнгө зыян келтирет.

Чаккан биттер тооктордун салмак кошуусун төмөндөтөт же жумуртка берүүсүн азайтат.

Төөлөрдө, ламаларда жана алпактарда биттер кычышууну жана какачты пайда кылат.

Image undefined

Чаккан бит Жашоо цикли: Жетилген бит көбүнчө малда жашайт. Алар бир малдан экинчи малга түз байланыш болгондо же бит жуккан шаймандар аркылуу жайылат. Негизинен, жетилген бит малдын денесинде болбосо, бир жумадан ашык жашай албайт.

Белгилери, диагнозу: Кычышуу, тырмануу жана теринин, жүндүн, чачтын жабыркоосу көрүнөт.

Дарылоо, көзөмөлдөө: Малган, чачыраткан, же куйган көп дарылар натыйжалуу болуусу мүмкүн. Ивермек дарысы соргуч биттерди жакшы кетирет, бирок чаккан биттерге таасир бербейт. Бит өтө жайылып кеткен учурда, 10-21 күндөн кийин сиркелерден чыккан биттерди жок кылуу үчүн кайра дагы кайталоо керек болот.

Битке каршы дарылап жатканда, бардык малды чогуу дарылоо маанилүү. Болбосо дарылангандарга дарыланбаган малдан кайра эле жуга берет.

Жетилген кенелер абдан кичинекей жана сегиз буттуу болот. Кенени микроскопсуз же лупасыз көрүү кыйын. Малда кене “котур” деген ылаңды козгойт. Котур - койдо, эчкиде, буйволдо, уйда, чочкодо, коёндо, төөдө, ламада жана алпактарда көп кездешкен тери ылаңы.

Адамдарды гана чаккан кененин да өзүнчө түрлөрү бар, алар кичинекей балдарда көп кездешкен “котур” ылаңын козгойт. Кээ бир учурларда котур менен ылаңдаган малды караган адамдарга малдын кенелери жайылып кетет. Бул убактылуу кычышууну жана ыңгайсыздыкты жаратат, анткени малдын кенелери адамдарда аз убакыт эле жашайт.

Кенелер терини тешип кирип, кычыштырат. Койлордо кездешүүчү кененин бир түрү өтө кычыштырып котурду пайда кылат. Ылаңдаган мал аябай арыктап алсырап кетет. Муну жалпысынан “котур” деп аташат. Бул аябай коркунучтуу инфекциялык ылаң, ал башка малга да жугат. Эгер МСКК котур деп шек санап жатса, анда жергиликтүү мамлекеттик ветеринардык бийликке билдирүүсү керек.

Image undefined

Котур кене Кенелердин жашоо циклы: Жетилген кенелер теринин үстүндө жана ичинде жашайт. Алар терини тешип кирип, ошол жакта көбөйөт. Мал бири-бирине сөйкөнгөндө кенелер бир малдан экинчиге тарайт. Ошондой эле ооруган малга колдонгон тарактарды же башка шаймандарды таза малга колдонгондо тарайт.

Белгилери, диагнозу:

Биринчи түрдөгү котур: Кычышуу, кашынуу жана тери, жүн жана чачтын жабыркаганы көрүнүп турат. Котурду дарылоо натыйжа бербесе, анда тажрыйбалуу адис териден кырып алып микроскоп менен текшерүүсү керек. Эгерде малда котур болсо, кенелер көрүнөт.

Экинчи түрдөгү котур: Котурдун анча кычыштырбаган да түрү бар. Аны “демодекоз” дешет. Ал көбүнчө баштан, ийиндерден жана моюндан башталат. Майланышкан, кээде ириң толгон кичиникей дөмпөктөр пайда болот. Тери калыңдап оор бырыштарды пайда кылат. Мындан мал өзү жакшы болуп кетиши мүмкүн. Муну дарылоо дээрлик мүмкүн эмес. Микроскоп менен текшергенде демодекоз кенеси көрүнүшү керек.

Дарылоо, көзөмөлдөө: Жогоруда айтылгандай демодекозду дарылоо абдан кыйын. Кандай гана малда котурдун кайсы түрү болбосун самын менен жакшылап жуунтуу керек. Эгерде инфекциялуу жарааттар болуп кетсе, анда малга антибиотик саюу туура болот. Таасири узак пенициллин (бензатин пенициллини) же амоксациллин теринин инфекцияларын жакшы таасир берет. Котурду козгогон кенелерди жок кылуунун бир нече ыкмалары бар.

Күкүрт майын майда күкүрттүн ондон бир бөлүгүнө өсүмдүк майын кошуп жасаса болот. Бул аралашманы жумасына, жок дегенде, бир жолу, төрт же беш жума жараатка сыйпоо керек. Бул өтө коопсуз жана колдонууга оңой.

Мотор майы чочколор, буйволдор жана музоолор үчүн натыйжалуу. Колдонулган мотор майын аз көлөмдө котур жайылып баштаганда эле сүртсө болот. Инфекциялык чоң жараатка колдонулган мотор майын колдонбогула, анткени анын курамында зыяндуу химиялык заттар болуп, малды ууландырып коюусу мүмкүн. Күкүрт майы сыяктуу эле, жумасына бир жолу, төрт, беш жума колдонуу керек.

Бензил бензоат коёндордогу кулак кенелерине каршы абдан жакшы жардам берет. Дезинфектант кошулган суу менен тазалагандан кийин, бир нече тамчы дарыны кулагына тамчылатып, массаж кылып коюу керек. Муну жумасына бир жолу, төрт же беш жума кайталаган оң. Кээ бир адамдар бул көйгөйдү алдын алуу үчүн бардык коёндоруна дайыма сүйкөп турушат.

Цитион, Малатин же башка пестициддер. Сунуштамадагы көрсөтмөлөрүн так аткаргыла.

Ивермек - котурдун кээ бир түрлөрүнө каршы колдонсо болот, бирок баасы кымбат.