Кенелер

8.3 кенелер Кенелер малдын терисине же кээде кулагынын ичине же желиндин, жумуртканын айланасына, куйрукка, түз ичегиге жана вульвага жабышат.

Белгилери, диагнозу жана кенелердин жашоо цикли Түздөн-түз зыян: Кенелер малдын канын соруу менен зыян келтирет. Ал эми ылаңдын төмөнкүдөй кесепети болот:

- өсүү жана/же салмак кошуу азаят;

- аз кандуулук (суюк кан) жана алсыздык;

- териге же эмчекке зыян келтирет;

- оттогондун ордуна жаланып, тырманат;

- тери кызарып канайт, инфекция пайда болот, чымындар чогулат;

- тукумсуздукту көбөйтөт жана/же сүт азаят;

- организмдин иммунитети төмөндөйт;

- шал кылат.

Кыйыр зыян: Кенелер ошондой эле анаплазмоз, бабезиоз, жүрөк суусу, теилериоз сыяктуу олуттуу ылаңдарды алып жүрөт жана жугузат. Булар кене аркылуу жуккандыктан, “кене аркылуу жуккан ылаңдар” деп аталат.

Кененин жашоо цикли

Image undefined

Кенелер жашоосунун бир бөлүгүн жерде, бир бөлүгүн малда өткөрөт. Малда жашаган кененин убактысы, анын түрүнө көз каранды болот. Кененин бир этаптан экинчиге өткөн процесси “түлөө” деп аталат. Негизинен жумурткалары жерге ташталат, андан алты буттуу курттар чыгат. Курт малдын канын соруп, сегиз буттуу куурчакчага айланат. Куурчакчалар малга жабышып, анын канын соруп, анан жерге түшүп калышат. Жерде алар жетилген кенеге айланат. Жетилген кене чөптө же бадалда болот да, өтүп бара жаткан малга жабышып, ал жактан жупташат жана кан менен азыктанат. Ургаачы кене жерге түшүп, жумурткасын таштап, цикл кайрадан башталат. Кененин түрлөрүнө жана аба ырайына байланыштуу, толук цикл бир, эки же үч жылга чейин созулуусу мүмкүн.

Кененин түрлөрү Кенелер дене формасына жараша “катуу денелүү” же “жумшак денелүү” деп бөлүнөт. Жашоо циклинда канча малдан тамактанганына байланыштуу “бир ээси”, “эки ээси” же “үч ээси” деп сүрөттөлөт. Бир ээси болсо, кене курт, нимфа жана жетилген кезинде да бир малдан азыктанат. Жумуртка таштаарда гана түшөт. Эки жана үч ээлеринде, кенелер өсүү этаптарында малды алмаштырат.

Көзөмөлдөө иш-чаралары, кенелердин түрүнө жараша айырмаланат. Австралия менен Түштүк Америкада бир кожоюнда жашаган кенелер болот. Африка менен Түндүк Америкада бир, эки жана үч кожоюнда жашаган кенелер кездешет.

Кенелерге же кене аркылуу жуккан ылаңдарга табигый же иштелип чыккан иммунитет Кенелери болбогон аймактан алынып келинген малдын жана европалык породалардын кенеге жана кенеден жуккан ооруларга иммунитети аз болот. Мисалы, «зебу түрүндөгү» бодо малдар кенелерге жана алар козгогон ылаңдарга табигый түрдө иммунитети болот. Кене каптаган аймакта туулуп өскөн мал, адатта, сырттан келген малга караганда иммунитети күчтүү болот. Ал тургай, "иммунитети күчтүү мал" да көп убакыт кенелер менен жашаса, иммунитетин жоготуп коет.

Эскертүү! Кенелер каптаган аймакка иммунитети начар малды алып келүү кооптуу болушу ыктымал. Көпчүлүк мал ылаңдап жана/же кенелер каптап кетүүсү мүмкүн. Жергиликтүү малга караганда, сырттан алынып келинген малды кенелерден сактоо чаралары күчтүү болушу керек.

Диагноз: Малдан кене табылса анык диагноз болот. Бирок оорунун белгилерин байкап жана кенелердин ошол аймакта кеңири кездешүүсүн билүү аркылуу диагноз койсо болот.

Дарылоо, көзөмөлдөө жана алдын алуу: Кенелерди жок кылуучу химикаттар “аккарицидер”, “пестициддер” же “иксоциддер” деп аталышат. Кенелерди көзөмөлдөө үчүн төмөнкү маалыматтар керек:

Аймактагы негизги кенелердин түрлөрү кайсылар? Бир, эки же үч кожоюну бар кенелерби?

Кене аркылуу жуккан оорулар малды өлтүрүп жатабы же аймактагы көп малды оорутуп жатабы?

Кайсы аймакта, мезгилде жана кайсыл малдын түрүндө көйгөйлөр көп болуп жатат?

Аккарицидердин кайсы түрү, кандай формада бар жана баасы кандай?

Силердин аймактагы кенелерге кайсы бир аккарицидер таасир бербей калганбы?

Бул суроолорго, адатта, айыл чарба билимин жайылткан адис же аймактагы айыл чарба университети тарабынан жооп берилет.

КОРКУНУЧ!!! (Төмөндөгү маалыматтар кенелерге колдонулган пестицидерге эле эмес - көпчүлүгүнө туура келет)
Бардык эле пестицидер туура эмес аралаштырылганда уулуу болот.
Пестициддер балдардан жана малдан алыс сакталышы керек.
Пестициддер менен кошо берилген көрсөтмөлөрдү ар дайым көңүл коюп окуп, сактагыла. Көрсөтмөлөрү жок пестициддерди колдонбогула. Кантип аралаштыруу керек экенин билбесеңер, билген бирөөдөн кеңеш алгыла же колдонбогула.
Ишеничтүү фирмалардын гана пестициддерин колдонгула.
Кокус ашыкча ченем колдонулуп калса, силер колдонуп жаткан пестициддердин антидоту (же дарысы) жаныңарда болушу зарыл. Антидотту кантип колдонууну билүү керек. Эгер силер көп малга колдонуп жатсаңар, антидот тез табылгандай болгону маанилүү.
ЭСКЕРТҮҮ!!
Пестицидди териге же көзгө чачыратып албагыла.
Пестициддерди аралаштырып же колдонуп жатканда, резина кол кап кийгиле.
Ичкен сууну же тоюттарды пестицид менен булгап алуудан абайлагыла.
Пестициддерди чыгаргандар ар түрдүү пестициддерди аралаштырса болорун айтпаса, химикаттарды аралаштырбагыла.

Ушул түрдүү ыкмаларга байланыштуу так түшүнүктөрдү 26-бөлүмдөн карагыла, “Сырткы мителерди көзөмөлдөө үчүн инсектицид колдонуу”.

Жайытты туура пайдалануу менен кенелерди көзөмөлдөө Бул ыкма кенелердин кожоюну болуу менен кенелердин көбөйүүсүн алдын алган бир нече жапайы жаныбарлар жашаган Австралия жана Түштүк Американын кээ бир жерлеринде колдонулат. Кенелер жайылып кеткен жерлер тосулуп, малды үчтөн алты айга чейин ал жакка киргизбөө керек. Бул убакыттын ичинде кенелер азыктанар мал жок болгондуктан кырылат. Талап кылынган убакыт, аба ырайына жана нымдуулукка көз каранды. Ысык, кургак аба ырайы суук, нымдуу аба ырайына караганда кенелерди тезирээк өлтүрөт (үч айдын ичинде). Шамалдуу жайларда жайыттагы кенелерди көзөмөлдөө кыйын болот, анткени катуу шамал кенелердин уруктарын алыс жактарга учуруп, жайыттарга жайылтып салат.

Жапайы жаныбарлар көп болгон жерлерде жана эки же үч малда жашаган кенелер болсо, жайытты башкаруу аркылуу кенелерди жок кылуу мүмкүн болбойт.

Кенелерди көзөмөлдөөнүн натыйжасыз жолдору Өрттөө: Кээ бир жерлерде кенелерди жоюу үчүн өрттөшөт. Бул жакшы жардам бербейт, анткени кененин жумурткалары жана курттары топуракка көмүлүп калгандыктан оттон корголуп турат. Бул тажрыйба топурактагы тирүү организмдерди өлтүрүп, жердин түшүмдүүлүгүн азайткандыктан экологияга да зыян алып келет.

ЖАЙЫТТАРГА ДАРЫ ЧАЧУУ

Жайыттарга дары чачуу жалпысынан натыйжа бербейт жана абдан кымбатка турат. Ошондой эле ичкен сууларды булгоо аркылуу жаратылышка зыян келтирип, пайдалуу курт-кумурскаларды өлтүрүшү мүмкүн.

Жайытка дары чачуу же өрттөө аркылуу кенелерди жоюу иш чарасы, НАТЫЙЖАСЫЗ жана да айлана-чөйрөгө зыян келтирет.

Бүргөлөр секирип, чаккан кан соргучтар. Мал ээлери бүргөлөр боюнча көп арыздангандары менен алар малга олуттуу көйгөй туудурбайт. Эгер сарайга өтө көп сандаган бүргө толуп кетсе гана көйгөй жаралат. Көп сандаган бүргөлөр малдын канын соруп жана чаккан жерлерин кычыштырып, алсыратып коет.

Image undefined

Бүргө Жакын жашаган кишилерди да чагып, аябай кычыштырып, кыжырдантат. Мал менен кишилер бир имаратта жашаган учурда, бүргөлөр адамдын саламаттыгына зыян келтирүүсү мүмкүн.

Жашоо цикли: Бүргөлөрдү көзөмөлдөө кыйынга турат, анткени алар төрт этап менен өсөт (жумуртка, курт, куурчакча жана жетилген бүргө) жана жетилген жашоосунда гана малда жашайт. Башка этаптарында жерге салынган таарда, кийимдерде, килемдерде, эмеректерде жана чаң чогулган жылчыктарда жашынышат.

Белгилери, диагнозу: Негизги белгиси - кычышуу жана тырмануу. Кээ бир адамдар бүргө чакканда аллергия болуп кетет. Бүргөлөрдү секирип жүргөнүн көрүп диагноз койсо болот, кээде кичинекей кара кирдей тактар калат. Бул кичинекей кыпындар бүргөлөрдүн кыктары. Текшерүү үчүн, кара кыпынды ак кагазга коюп, үстүнө бир эки тамчы суу куйгула. Эгер бүргөнүн кыгы болсо, кагазда кызыл так пайда болот, анткени бул бүргө соргон кандын кызыл түсү.

Дарылоо: Күлдөй майда инсектицид жана чача турган ар кандай дарылар малга себилет, бирок мында малдагы бүргөлөр гана өлөт. Малдан түшүп кеткен бүргөлөр кийин кайра келүүсү мүмкүн. Сунуштамалардан дарыны колдонуунун так жоболорун карагыла. Эскертүү: Ийне түрүндө жана куюп колдонулган дарылар малдын канына киргенде, бүргөлөрдү жана башка курт-кумурскаларды жоюу таасири натыйжалуу болот. Бирок алардын баалары кымбат.

Алдын алуу, көзөмөлдөө: Дары чачып же себээрден мурда, имаратты дыкат тазалоо керек. Өзгөчө чаң жана кир көп чогулган бурчтарды, бүргөлөр жашынган бардык жерлерди, материалдардын алдыларын тазалоо зарыл. Андан кийин ошол жерлерге дары чачуу же себүү туура болот.