Сырткы мителерди жалпы көзөмөлдөө
8.2 сырткы мителерди жалпы көзөмөлдөө Көп мителерден жаңы чыккан, жеткиликтүү дарылар (аккарицид же инсектицид) менен арылса болот. Кээ бир аккарициддер суюк түрдө, кээ бирлери порошок түрүндө болот. Сырткы мителерди жок кылууда бир нече салттык ыкмалар да жакшы жыйынтыктарды берет. Мисалы, 120-беттеги тамекинин жалбырагынан жасалган пестицидди карагыла.
Пестициддерди колдонуунун негизги бир нече жол-жобосу бар:
Чачыратуу: Кээ бир пестициддер суу менен аралаштырылып малдын үстүнө чачыратылат.
Порошок /порошок баштыктары: Кээ бир пестициддер түздөн-түз чаң катары колдонулат же мал сөйкөнгөн баштыктарга салынат.
Мал сөйкөнүп дарыланууга ыңгайлашылган жай: Кээ бир порошоктор май менен аралаштырылып мал жонун сөйкөгөн жерлерге коюлат.
Биркалар: Кээ бир биркаларда пестициддер болот, ал акырындан малдын денесине тарап турат.
Түз колдонуу: Теринин кайсы жеринде мителер болгон болсо, чүпүрөк, соргуч же щетка менен ошол жерге сүйкөлөт.
Куюу: Бул инсектициддер малдын жонуна аз көлөмдө куюлат. Алар канга сиңип, дененин бардык жериндеги мителерди жок кылат.
Чөмүлдүрүү: Кээ бир дарыларды сууга ээритип, ванна даярдап, анан малды ошол ээритмеге салуу керек.
Ийнелер: Кээ бир “ивермек” сыяктуу дарылар сырткы мителердин көбүн өлтүрөт.
Сырткы мителерди жок кылуучу жеткиликтүү дарылар боюнча жергиликтүү адистерден кеңеш сурагыла.
ЭСКЕРТҮҮ! Сырткы мителердин дарылары уулуу болот. Мителерди малга зыян келтирбестен ууландыруу ийгиликтүү дарылоо болуп саналат. Мителерге каршы дарылоо, туура дарыны керектүү өлчөмдө жана өз убагында колдонгондо гана натыйжалуу жыйынтык берет. Кээ бир дарыларды туура эмес колдонгондуктан суу же тоюттар булганса, жапайы жаратылыштагы балык жана пайдалуу курт-кумурскалар ууланып калуусу мүмкүн.
