Инфекциялык ылаңдардын мисалдары

6.2 инфекциялык ылаңдардын мисалдары

Ылаң козгогон организмдерЫлаңдын аталышыДенеге кантип кирет же жугатДарылоо
Ич өтүүТоют, суу же заң менен булганып калган идиштерден
Инфекция болгон жарааттарЖараатка кирдин кирүүсү аркылуу
ПневмонияАба же шилекей аркылуу (жөтөл), мурундан чыккан суюктук, булганган тоют же суу аркылуу
БактерияМетритТуут маалында же бала салган учурда кир нерсе киргендеАнтибиотиктер
МаститЖелиндин жабыркоосунан, таза эмес саан жүргүзгөндө, кир сарайдан
Муундардын шишүүсүКыктын микробдору ооз, жараат же киндик аркылуу кирет
ВирусШарп, чумаЫлаңдаган башка малдан (аба же шилекей аркылуу)Аспирин сыяктуу ооруну басуучу дарылар (бул дарылар вирустар менен түз күрөшпөйт. Алар дене өзүн өзү айыктыруусуна жардам берет)
КутурмаТиштегенден (шилекей)
ФунгиТегерек курттарМал же булганган мал сарайларданЙод
ПротозаТрипаносомозКан аркылуу (инфекция болгон жаныбардан), чагуучу чымын-чиркейлер алып келетАтайын мителердин дарысы
КокцидиаЖуккан малдын заңы аркылууАтайын мителердин дарысы
Ички мителерБоордун фасциоласыОртомчу бирөө аркылууАтайын мителердин дарысы
(үлүл)
Жумуру курттарТүздөн-түз башка малдын тезегинен же булганган жайыттанАтайын мителердин дарысы
Сырткы мителерБитЖуккан малдан же мал сарайларданАтайын мителердин дарысы
Жарааттагы курттарЧымындар ачык жарааттарга жумурткаларын таштайтАтайын мителердин дарысы

Ылаңдата турган организмдер менен байланыш болгон күндө да ылаңдабай жана өлбөй калуу жөндөмдүүлүгү.

1. Малдын жалпы ден соолугунан. Эгер мал күчтүү жана ден соолугу чың болсо, ал ылаңдарга каршы тура алат.

Тоюттан. 97-бетти карагыла.

Башка ылаңдардан. Бөлөк ылаңдар малды алсыратып, ылаңга каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт.

Экинчи жаныбарга караганда биринчи жаныбар ооруга каршы тура алат!

Көтөрүмдүүлүк: Жаныбарлардын кээ бир породасында ооруга каршылык көрсөтүү көп жылдардын аралыгында калыптанган. Мисалы, Африканын бодо малынын териси калың болгондуктан, курт-кумурскалар чакканда жуккан ылаңдарга туруштук бере алат.

2. Инфекция козгогучтардын саны: Эгерде денеге аз инфекция кирген болсо, анда оору жеңил өтөт же такыр ылаңдабашы мүмкүн.

3. Имунитет - бул малдын кайсы бир организмдерге каршы коргонууну өзү иштеп чыгуусу. Мындай учурда мал ошол организмдерди кабыл албай, ылаңга каршы турат. Сырттан келген нерселерден же организмдерден “антигендер” деп аталган ак кан клеткалары коргойт. Ак кан клеткалары өздөрү инфекциялык организмдерге кол салып жок кылат, же “антиденелер” деп аталган заттарды иштеп чыгат.

Эгерде малда кандайдыр бир ооруну пайда кылуучу организмдерге каршы антиденелер болсо, анда ал ооруга "иммунитет" же "каршылык" бар болот.
Эгерде малдын иммунитети же башка ооруларга туруктуулугу жок болсо, анда ал "сезгич" болот.
Сезгич мал жугуштуу организмдер менен байланышта болсо, ооруйт.
Image undefined

Бул коргонучка ээ болуу үчүн, жаңы туулган мал туулгандан тартып ууз сүт ичүүсү керек.

Image undefined

Бөлөк мал иштеп чыккан антиденелерди кабыл алганда ушул иммунитет пайда болот. Иммунитеттин бул түрү дароо коргонууну камсыз кылат, бирок узак убакытка эмес. Жаңы туулган мал антиденелерди (пассивдүү иммунитетти) эненин биринчи сүтү болгон ууздан алат. Ууз сүт ичпеген мал ошол аймакта көп кездешкен ылаңдардан корголбогондуктан, өлүп калуусу ыктымал.

Бул иммунитет (инфекциялык) патогендик микроорганизм менен болгон байланыштын жыйынтыгынан келип чыгат. Ошол организмдер кайра денеге киргенде, кандагы ак клеткалар же антиденелер аларды таанып, дароо жок кылышат.