Практикалык кадамдар

9.5 практикалык кадамдар

Image undefined

Малдын толук тарыхын карап текшергиле. Малдын ээсинен тоют рациону жана акыркы 1-3 айдын ичинде мителерге каршы кандай дарылаганын сурагыла. Ошондой эле сырткы мителерди дагы текшергиле.

Image undefined

Эгерде мал 1-3 айдын ичинде эч кандай дарыланбаса, дарылагыла. Аймактагы көп кездешкен мителерге таасирдүү жана арзан жеткиликтүү дарыны тандагыла.

3. Текшерүүдө жана текшерүүгө чейин кандайдыр бир көйгөйлөрү бар болсо, аларга каршы да дарылагыла.

Эскертүү: Дайыма сунуштамадагы көрсөтмө боюнча жасагыла. Бооз малга туура келген дарыны колдонгула. Кээ бир дарылар бала салдырып коёт.

Маанилүү эскертүү: Сырттан алынып келинген мал жергиликтүү мителерге туруштук берүүсү төмөн, ошондуктан аларды мителерге каршы көбүрөөк дарылоого туура келет. Ошондой эле мителерди көзөмөлдөө көбүрөөк аракетти да талап кылат.

Дагы башка маанилүү эскертүү: Ички мителер менен жабыркаган малда көп учурда сырткы да мителер болот. Сөзсүз текшерип, зарылчылык болсо экөөнү тең дарылагыла.

Ички мителерден дарылоонун жөнөкөй эрежелери Болгон окуя Непалда бир мал доктур мителер боюнча фермерлер менен сүйлөшүп, өлгөн малды текшерүү маалында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда ал жайытта оттогон малда боордун курттары жана музоолордо чоң чакалай көйгөй экенин аныктаган. Ал мал доктур Непалдын тоолуу жерлеринде, ички мителерди аз каражат менен натыйжалуу дарылоонун жөнөкөй эрежелерин иштеп чыккан, буга микроскоптун зарылчылыгы болгон эмес.

Непалдын тоолуу жайларындагы ички мителерди дарылоонун жөнөкөй эрежелери 1. Жайытта жайылган кой, эчки, уй жана буйволдорду дарылоо. Биринчи боор курттарына каршы дарылоо керек. Эгерде мал бир нече жумадан кийин деле оңолбосо, чакалай курттарына каршы да дарылагыла. Мүмкүнчүлүк болсо боор курттарына жана кичи чакалай курттарына каршы бир убакта дарылоо эң жакшы ыкма болуп эсептелет. Мителер боюнча, көйгөйдүн курчтугуна жараша, малды ар бир 6 айдан 12 ай аралагында дарылап туруу керек.

2. Короодо багылган кой, эчки, уй жана буйволдорду дарылоо: Биринчи кичи чакалай куурттарга каршы дарылагыла. Бир нече жумадан кийин деле мал оңолбосо, боор курттарына каршы да дарылагыла. Мүмкүнчүлүк болсо боор курттарына жана кичи чакалай курттарына каршы бир убакта дарылоо эң жакшы ыкма болуп эсептелет. Мителер боюнча көйгөйдүн курчтугуна жараша жаныбарларды ар бир 6 айдан 12 ай аралагында дарылап туруу керек.

3. Буйволдун жана уйдун музоолорун дарылоо: Биринчи төрт ай аралыгында чоң жумуру курттарга каршы дарылоо керек, төрт жумадан кийин дарылоону кайталагыла. Алар чоңоюп чөп жеп баштаганда чоңдордой эле кароо керек (мис. 1 жана 2 эреже боюнча).

4. Козу жана улактарды дарылоо: Мителер боюнча көйгөйдүн курчтугуна жараша кичи жумуру жана жалпак курттарга каршы 6 ай сайын, же андан дагы тез дарылап тургула. Бир жаш болгондо, чоңдордой эле дарылоо керек (1-жана 2-эрежелер боюнча).

5. Чочколорду дарылоо: Жумуру курттарды 6 ай сайын дарылагыла. Бооз чочколорду тууганга 5-10 күн калганда (мис. туут жайына бөлгөнгө чейин) жана торопойлорду сүттөн чыгарып жатканда жана сүттөн чыккандан кийин 4 жумадан кийин кошумча дарылагыла.

6. Жылкыларды дарылоо: Кичи жана чоң жумуру курттарга каршы 6 ай сайын, мителер көйгөйү курч болсо андан дагы тезирээк дарылап туруу керек. Жаш жылкыларды 1 айынан баштап, ар 3 ай сайын, 1 жыл болгонго чейин дарылап баштоо керек.

7. Тоокторду дарылоо: Чоң жана кичи жумуру курттарга, ошондой эле жалпак курттарга каршы, тоокторду этке сойгондо, ичегилеринен курттарды көрсөңөр, аларга каршы дарылагыла. Адатта, чоң жумуру курт көп кездешет.

8. Ичинен кан өткөн бардык малды кокцидиага каршы дарылоо керек.

Эскертүү! Дарылоо жыйынтык бербеген учурда ишеничтүү лаборант болсо, тезегинен анализ алып текшерсе жакшы болот.

Жөнөкөй жол иштебей калганда:

Ички мителерден кыйналган мал туура дарыланса, бир айдын ичинде абалы жакшы жакка өзгөрүшү керек. Эгерде жакшы жакка өзгөрүү болбосо, МСКК төмөнкү учурларды эске алышы керек:

Дары жерге төгүлүп калган эмеспи?

Image undefined

Мал дарыны жутпай түкүрүп салганбы?

Дары туура эмес аралаштырылган эмеспи?

Дарынын мөөнөтү өтүп кеткен эмеспи?

Малдын ички органдары дарылаганга чейин эле жабыркап калган беле (дарылаганга чейин канча убакыт ылаңдаган?)?

Дарынын көрсөтмөсүндө ошол митеге каршы таасир берери жазылганбы?

Дары ошол аймакта көп убакыттан бери колдонулуп, мителерге таасир бербей калганбы?

Мал жетиштүү тоюттанып жатабы?

Малдын тиштери жакшыбы, ооздо инфекция же башка көйгөйлөр жокпу?

Мал ички мителерден башка нерселерден жабыркап жатабы?

Эгерде дары кандайдыр бир себептерден улам таасир бербесе, анда төмөнкү кадамдарды байкап көргүлө:

Image undefined

Малдын жаңы тезегин жакынкы лабораторияга алып барып, башка мителерге же курттар барбы деп адиске текшерткиле.

Эгерде туура текшерүүдөн кийин мителер табылбаса, башка тезекти текшертип көргүлө. Эгерде дагы деле эч нерсе чыкпаса, анда малдын ички органдары туруктуу жабыркап, айыкпас дартка чалдыккан болот. А эгерде текшерүүлөр мителер бар экенин көрсөтсө, анда дары туура эмес тандалган же дары мителерге таасир бербей калган. Бул учурда башка дарыны колдонуу керек.

Эгерде тезектен анализ алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, башка дары берип көргүлө. Көрсөтмөдөгү талаптарды кылдат сактагыла. Малда андан кийин да өзгөрүү байкалбаса, анда малдын ички органдары жабыркаган болушу мүмкүн.

Дене тутумдары жана аларга байланыштуу ветеринардык көйгөйлөр