Өз аймагыңардагы ички мителерди билүү керек
9.2 өз аймагыңАРдагы ички мителерди билүү керек Төмөнкү үч иш-чара аркылуу аймактагы жалпы мителерди аныктаса болот:

Мителерди изилдөө: Бир нече малдын тезеги эң көп кездешкен мителерди аныктоо үчүн микроскоп менен текшерилет. Мителер боюнча изилдөөнүн маалыматтарын ,амлекеттик ветеринардык адистерден алса болот.

Аутопсия: Өлгөн же союлган малдын өзгөчө тоют сиңирүү тутумдарын жана боорлорун текшерет. Мындай жол менен боордун курттары көйгөй же көйгөй эмес экенин оңой аныктаса болот, анткени алар микроскоптун жардамысыз эле боордун каналдарында көрүнөт.
Сурамжылоо: Башка жергиликтүү мал доктур же МСКК,аймакта кайсы мителер көп кездешээрин билиши мүмкүн. Айыл чарба министирликте да кошумча пайдалуу маалыматтар болуусу мүмкүн.
Аймакка жайылган мителер аныкталгандан кийин, эң таасирлүү жана арзан дарыны жергиликтүү базардан тапса болот. Ар бир дары ишеничтүү жерден сатылып алынышы керек. Дары кайсы мителерге каршы жакшы таасир берери да жазылышы керек. Кээде сыртында илимий гана аттары жазылуу болот. Ошондуктан, бул илимий аттарды билген ветеринардын же бирөөнүн жардамы керек болот.

Курттарга каршы дарылардын түрлөрүнүн үлгүлөрү Эскертүү: Өнөкөт же аябай көп мителер менен жабыркаган мал дарылоодон кийин деле, эгер мителер ички органдарга туруктуу зыян тийгизген болсо, оорукчан боюнча калат. Ошондуктан мал ээлери туруктуу зыянды алдын алуу үчүн, мителерге каршы дарыларды маал-маалы менен берип туруусу керек.
Эскертүү: Аймакта узак убакыт бою колдонулган дарылар мителерге таасир бербей калышы мүмкүн. Мурда жардам берген дары жардам бербей калса, митеге таасир бербей калса, анда дарыны алмаштыруу абзел.
Жетилбеген мителер жана жумурткалар узак убакытка өлбөй жашай алышат (өзгөчө нымдуу, караңгы жана кир жайларда). Бирок, жетиле элек мителер жана жумурткалар күндүн нурунан, ысыктан же кургактан өлүмгө дуушар болушат.
Төмөнкү башкаруу иш-чаралары ички мителерди көзөмөлдөөгө жардам берет.
Короолорду таза, кургак кармоо жана күн жакшы тийгендей кылып куруу Жаңы тууган малды төлү менен өзүнчө, эң таза жана көп колдонулбаган жайга кармоо.
Суу жана тоют акырларын же идиштерин малтезектей албагандай кылып орнотуу.
Мителерге каршы дарыларды бардык малга убагы менен,бооз малга туутка чейин жана сүт берип жаткан маалда да берип туруу.
Малды нымдуу, чыла жерлерден оолак кармоо.
Ар бир 1-2 айда малдын короосун же жайытын которуп туруу ("жайыт же короо которуу" деп аталат).

Жайыт которуунун мисалы:Мал биринчи жайытта 1-2 айдай оттойт, андан кийин жаңысына жылдырылат же “которулат”. Калган үч жайыт 3-6 айга чейин бош болуп турат. Ошол убакыттын ичинде мителер күндүн нурунан, кургактыктан жана чөп жакшы өскөндүктөн өлүшөт.
| Ички мителер боюнча эстей турган принципиалдуу маселелер: |
|---|
| Жетилген мителерди дарылар менен жок кылса болот. |
| Жетиле элек мителерди же жумурткаларын жакшы көзөмөлдөө менен жоюуга болот*. |
| МСККлар фермерлерге мителерден дарылоону жана көзөмөлдөөнү да үйрөтүүлөрү керек. |
| * Кээ бир жаңы дарылар жетиле элек мителерди да жок кылат, бирок баасы кымбатыраак. |
