Инфекциялык ылаңдар

ИНФЕКЦИЯЛЫК ЫЛАҢДАР

Канаттуулардагы көптөгөн жугуштуу ылаңдарды санитардык жана гигиеналык эрежелерди сактоо менен алдын алууга болот. Негизинен, өзүнчө багылган канаттуулар, башка кантатуулар менен аралашып жүргөн канаттууларга караганда саламаттыгы жакшыраак болот. Тоок багууда дээрлик бардык жугуштуу ылаңдардын алдын алуу үчүн, төмөнкү эрежелер колдонулат:

Башка тооктор менен байланыштырбоо.

Сырттан келген адамдарды, конокторду тооккананын ичине киргизбөө.

Өлгөн тоокту дароо көөмп, алсыз жана ылаңдаган тоокторду союп, өзүнчө алып салуу керек.

Кээ бир жугуштуу ылаңдар жумуртка аркылуу тукумуна өтөт. Булар "жумурткадан жугуучу оорулар" деп аталат. Жумуртка кадимкидей көрүнсө да, ал жерде балапанга жугушу мүмкүн болгон микроорганизмдер болуусу ыктымал. Мындай ылаңдардын алдын алуу үчүн тоокторду текшерүү зарыл. Эгерде анализдер тооктун ылаңы бар экенин көрсөтсө, тоок дени сак көрүнсө да, жумурткаларын инкубацияга салганга болбойт.