Ньюкасл ылаңы

Ньюкасл ылаңы Ньюкасл ылаңы жашына карабай бардык тоокторду жабыркатуучу, курч, өлүмгө алып келген ылаң. Ылаң козгогучу вирус. Ал тез жайылып, аймактагы тооктордун көбүн кырып салышы мүмкүн. Көбүнчө нерв жана дем алуу тутумдары жабыркайт.

Белгилери:

Image undefined

- дене табынын көтөрүлүшү, депрессия жана табиттин жоголушу;

- баштын шишип кетүүсү;

- дем алуусунун кыйындашы, мурдунан жана көзүнөн суу агуусу;

- мойнунун ийрийүүсү, шал болуусу, түз баса албай калуусу, канаттары бошоп, үрпөйүп, нерв ооруларынын белгилери байкалат;

- кээде кан аралаш, жашыл түстө ич өтүү;

- капыстан өлүмгө дуушар болуу.

Өлгөндөн кийин союуда аныкталуучу белгилери:

Кызыл өңгөч, бөтөгө жана ичегилер кан уюп калган (кызыл тактар) жана шишик. Айрыкча Ньюкасл ылаңына мүнөздүү болуп, кызыл өңгөч менен бөтөгө кошулган жерге же ага жакын жерлерине кан уюп калат.

Некроздук тактар ​​(сары тактар), ичеги керегесинде сезгенген (кызыл) ткандар.

Булчуңдарга кан куюлуу, өпкөгө суюктуктун топтолушу (шишик).

Кээде жумуртка тууган тооктун карын көңдөйүндө жумуртка сынган болот.

Диагноз:

Белгилерине жана өлгөндөн кийин союп текшерүүнүн жыйынтыктарына негизделип коюлат.

Ньюкасл ылаңына каршы эмдөө боюнча анемнез катталган эмес.

Дарылоо:

Эч кандай дарылоо натыйжалуу болбойт.

Бардык ылаңдаган тоокторду союп, көөмп салуу керек.

Image undefined

Алдын алуу жана көзөмөлдөө:

Вакцинаны өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык Ньюкасл ылаңына каршы эмдеш (көбүнчө бирден төрт күнгө чейин, экинчи дозасын бир нече күндөн кийин) керек.

Image undefined

көзгө же мурунга тамчылатып же

Image undefined

суу менен ичирип же атайын жабдуу менен чачыратуу керек. Үйүрдү башка үйүрлөрдөн обочо кармагыла. Эч качан башка жактан келген адамдарды, конокторду тооккананын ичине киргизбегиле.

Өлгөн тоокторду дароо көөмп, алсыз, ылаңдаган тоокторду жок кылгыла.

Эскертүү: Ньюкасл ылаңына каршы вакцинанын бардык ачылган флакондорун ошол замат колдонгула. Ачылган флаконду кийинчерээк колдонуу үчүн сактабагыла. Жем аркылуу бериле турган вакцина жакын арада жеткиликтүү болушу мүмкүн.