Канаттуулардын чечеги
Канаттуулардын чечеги Канаттуулардын чечеги – чиркейлер аркылуу жай таралуучу тооктун ылаңы. Аны вирус козгойт жана жашына карабай баардык тоокторго таасир этет. Бул ылаң эки түрдө болот: кургак түрү, жаралар (котур) пайда болот, нымдуу түрү - ооздун ичинде жана тамакта жараларды пайда кылат. Нымдуу түрү болгондо, кекиртек жабылып калса муунтат.
Белгилери:

Дененин түксүз жерлерине (баш, көз, бут) жара чыгып, кийинчерээк котур болуп жана ириңдеши мүмкүн.
Тилдеги, ооздогу жана кекиртектеги жаралар муунтуп өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Кабактар бири-бирине жабышып калышы мүмкүн, ошондо жабыркаган тооктор жемди, сууну көрбөй калышат.
Бут жабыркап, шишип кетиши мүмкүн.
Өлгөндөн кийин союп текшергенде аныкталуучу белгилери:
Башы же буттары жара, айрыкча карттанып кетет.
Ооз жана тамактын айланасында жаралар болот.
Диагноз:
Белгилерине, өлгөндөн кийинки союп текшерүүнүн жыйынтыктарына жана анамнезге негизделип коюлат.
Дарылоо:
Жабыркаган тооктордун баарын короодон бөлгүлө.
Жабыркаган тоокторго өзгөчө кам көрүү:
Жемге жана сууга оңой жетүүнү камсыз кылуу керек;
Жараларды тазалап, антибиотик майын же генциан виолет сүйкөгүлө Көз үчүн жасалган антибиотик майын көзгө сүйкөө керек. Териге сүйкөөчү майды көздүн ичине же көздүн айланасына сүйкөөгө болбойт.
Алдын алуу жана көзөмөлдөө:

Ичүүчү суудагы витаминдер же антибиотиктер пайдалуу.
Канаттуулардын чечек ылаңына каршы вакцинаны, вакцина өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык колдонгула (б.а. вакцина тиркемесин окугула). Көбүнчө вакцина алты-сегиз жумага чейин берилет, ал эми кошумча дозасы алты-сегиз жумадан кийин берилет.
Чиркейлер көбөйгөн жерлерди кургатуу менен канаттуулардын сарайынын айланасындагы чиркейлердин санын азайткыла. Ылаң чыкканда, үй канаттуулары багылган сарайдын ичи-тышына чиркейлерге каршы дары чачкыла.
