Канаттуулардын пуллороз жана келте ылаңы

Канаттуулардын пуллороз жана келте ылаңы Пуллороз жана канаттуулардын келте ылаңы абдан окшош ылаңдар. Чынында, дарылоо жана диагноз абдан окшош болгондуктан, алар бул китепте бир ылаң катары талкууланат.

Пуллороз ошондой эле "Bacillary ак диареясы" деп аталат. Бул Salmonellapullorum деп аталган бактерия тарабынан козголгон курч же өнөкөт инфекция. Канаттуулардын келте ылаңы дагы инфекциялык ылаң болуп саналат, аны Salmonellagallinarum деп аталган окшош бактерия козгойт. Эки ылаң тең жумуртка аркылуу жугуучу ылаңдар. Бул инфекциядан аман калган канаттуулар инфекцияны алып жүрүүчүлөр бойдон калат жана жумуртка аркылуу кийинки муунга жугуштуу ылаңдарды жугузат дегенди билдирет. Инфекция алып жүрүүчү тоокторду кан анализи аркылуу билсе болот жана бул тооктордун жумурткасын чыгарбоо керек.

Пуллороздун белгилери:

Тооктор алсыз жана көбүнчө ак диарея менен ылаңдашат.

Көптөгөн балапандар жашоонун алгачкы эки-үч жумасында өлөт.

Image undefined

Ылаңдаган жөжөлөр үшүгөндөй көрүнөт. Үйүлүп туруп калышат, жем жебей калышат.

Канаттуулардын келте ылаңынын белгилери:

Депрессия жана жемге табитинин жоктугу.

Суусоонун күчөшү, бул дене табы жогорулагандан болот.

Сары-жашыл түстө ичтин өтүүсү.

Канаттардын жана жүндөрдүн кубарышы.

Пуллороздон өлгөн тоокту союп текшергендеги белгилери:

Ичегилердин сезгениши (кызаруусу).

Жүрөктө, өпкөдө жана боордо майда сары тактар.

Канаттуулардын келте ылаңынан өлгөндөн кийин аныкталган белгилери:

Боор жашыл түстө жана чоңойуп калган болот.

Көк боор жана бөйрөк чоңойгон болот.

Ичке ичеги чоңоюп “сууга” толгон болот.

Пуллороздун жана келтенин диагнозу:

Image undefined

Белгилерине жана өлгөндөн кийин сойуп текшергендеги табылгаларга негизделип коюлат.

Пуллорозду жана келте ылаңын дарылоо Тоокторго "сульфаниламид" же "фурацилин" бергиле.

сульфаниламид дарыларын сууга кошуп же оозго терең салып берүү керек. Дарынын кагазын карап туура дозасын тапкыла.

Сульфаниламид таблеткасы

Image undefined

Фурацилинди ичкен сууга эритсе болот. Дарыдагы көрсөтмөлөрдү карагыла, көбүнчө 0,5грамм Фурацилин 1 литр сууга кошулат.

5 күндөн 10 күнгө чейин бергиле.

Маанилүү: Жабыркаган тооктор таза сууну оңой иче ала тургандай жеткиликтүү кылып камсыздоо керек.

Алдын алуу жана көзөмөлдөө:

Балапандарды фурацилин бар ичүүчү суу менен камсыз кылгыла.

"Экпресс кан анализи" менен текшерип, анализдери терс болгон тооктордун жумурткаларын чыгаруу үчүн тандагыла. Анализи ылаңды көрсөткөн тоокторду союп салуу керек. Алардын жумурткаларын жөжө чыгаруу үчүн сактабагыла.

Санитария.

Өнөкөт респиратордук ылаңдар Жумуртка аркылуу жугуучу өнөкөт респиратордук ылаңды “Микоплазма галлисептикум” деген микроб козгойт. Тоокторду көчүрүү, батпай же кандайдыр бир жол менен стресс кылуу, ылаңдын чыгышына алып келиши мүмкүн. Ылаңдын өрчүшүнүн үч же андан көп себеби болуш керек. Бир себеби – микоплазма организмдеринин болушу. Экинчи себеби – стресс. Үчүнчү себеби – ичеги таякчалары сыяктуу башка бактериялардын болушу.

Image undefined

Белгилери:

Көздөн же мурундан суюктуктун агуусу.

Дем алуунун кыйындашы.

Жемге жана сууга табиттин жоктугу.

Алсыроо жана чыйрыгуу.

Өсүүнүн токтошу.

Өлгөндөн кийин сойгондо аныкталуучу белгилер:

Жүрөктүн айланасында, өпкөдө жана аба баштыкчаларында коюу (быштак сымал)

сары ириң болот.

Трахея же дем алуу түтүгү сезгенген (кызыл түстө) болот.

Мурун көңдөйү сезгенген (кызарган) жана былжырга толуп калат.

Диагнозу:

Белгилерине негизделип коюлат.

Дарылоо:

Антибиотиктер:

Тилозин дарысы (эгерде жеткиликтүү болсо, эң туура келет).

Тетрациклинди жем же суу менен берүү керек.

Пенициллин дарысын саюу керек.

Эритромицин же Фуразолидон берилет.

Көзөмөлдөө:

Бройлерлерди бир учурда бир эле тобун өстүрүү туура болот (“бардыгы чогуу кирет, бардыгы чогуу чыгат” деген өстүрүү жолу). Ар бир топтон кийин тазалап жана дезинфекциялап туруу зарыл.

Балапандарды микроплазма жок экенине кепилдик берген инкубаторлордон сатып алуу керек. Мындай инкубаторлордун балапандары кымбатыраак болушу мүмкүн.

Тооктордун канын текшерткиле. Анализдери терс болгон тооктордун гана жумурткаларын колдонгула.