Кокцидиоз

Кокцидиоз Бул ылаң боюнча мителер бөлүмүндө камтылган, бирок бул жерде дагы талкууланат, анткени бул канаттуулардын кеңири тараган жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу ылаңы. Кокцидиозду кокцидия деп аталган протозалар козгойт. Кокциддер жоон ичегиде, сокур ичегиде жашаганда ылаңдын өзгөчө бир түрү пайда болот. Оорунун бул формасы кан аралаш ич өткөрүп, капыстан өлүмгө алып келет. Кокцидия дени сак канаттуулар ылаңдаган канаттуулардын кыгына тийгенде тарайт.

Image undefined
Image undefined
Image undefined
Image undefined

Белгилери:

Айрыкча жаш тооктордун (кызыл түстө, кан аралаш) ичи өтүп, капыстан өлүмгө дуушар болот.

Депрессия болот, табити төмөндөйт.

Салмак кошуусу азаят жана жумуртка өндүрүү төмөндөйт.

Канаттар кубарып калышы мүмкүн.

Өлгөн тоокту сойгондо аныкталуучу белгилер:

Сокур ичеги чоңойуп канга толуп калат.

Сокур ичегинин жанындагы ичеги чоңоюп, чиригендей көрүнөт.

Ичегинин керегесинде ак тактар ​​же сызыктар болот.

Ичеги кырындарды микроскоп менен изилдегенде кокцид жумурткалары көрүнөт.

Диагноз:

Белгилерине жана союп текшерүүдөн кийин аныкталган белгилерге негизделип коюлат.

Дарылоо жана алдын алуу:

Коксидиозду дарылоочу бир нече дарылар бар. Аларга ампролий, сульфахиноксалин (SQ) жана сульфаметазин (Сулмет) кирет. Кайсы дарыны болбосун көрсөтмөлөргө ылайык колдонгула.

Кокцидиоздун алдын алуу үчүн жакынкы келечекте Cocci-Vac деп аталган вакцина чыгышы мүмкүн.

Кокцидиоздун алдын алуу же контролдоо үчүн тоютка же сууга салынуучу бир нече дарылар бар. Бул дарыларга моненсин, лазалоцид жана салиномицин кирет.

Бройлерлер үчүн: бир учурда бирдей курактагы топту өстүрүү (“бардыгы чогуу кирет, бардыгы бир чыгат” деген ыкма) жана бройлерлердин ар бир тобу чыккандан кийин тазалоо жана дезинфекциялоо кылуу зарыл.

Коксидиоздун инфекциясын азайтуу үчүн тоокторду жердеги капастарда, шифер же зым полдордо өстүрүү зарыл болушу мүмкүн. Мындай клеткалар тоокторду кыгынан биротоло бөлүп турат.

Image undefined

Аралары ачык полдо же тордо өстүрүлгөн тооктор кыкты бөлүүгө жол берет