Гамборо, инфекциялык бөтөгө ылаңы
Гамборо, инфекциялык бөтөгө ылаңы (Балапандардын ылаңы)
Бул жаш тооктордун арасында тез тараган өтө жугуштуу ылаң. Бул ылаңды бир тоокканадан экинчи тоокканага адамдардын кийими менен, курт-кумурскалар жана башка жолдор менен оңой өтүүчү вирус козгойт. Кээде вирус башка мезгилдерге караганда күчтүүрөөк таасир берет, кээде күчү азаят жана эпидемиядан көп тооктор өлөт.
Үч жумага жетпеген жөжөлөр көбүнчө бул ылаңдан өлбөйт. Бирок бул ылаң тооктун башка ылаңдарына туруштук берүү жөндөмүн бузат. Бул ылаңдан аман калган тооктор туура эмдөөдөн өтүп, дарыланса, кийинчерээк башка ылаңдан өлүшү мүмкүн.
3-6 жумалык жөжөлөр көбүнчө ылаңдап калгандан кийин тез өлүшөт.
6–18 жумалык тооктор ылаңдап калышы мүмкүн, бирок бул өтө сейрек кездешет.
Белгилери:
Тооктор өздөрүн башкара албай калат.
Суюк ич өтүү, көчүк жагындагы жүндөр шалтак болгону көп кездешет Көп учурда тооктордун 20%дан ашыгы өлөт, ал эми калгандары бир жумага жетпеген убакытта айыгып кетишет.
Өлгөн тоокту сойгондо аныкталуучу белгилер:
Бөтөгө шишип, анын ичинде кызыл тактар болушу мүмкүн.
Көкүрөк булчуңдары менен буттун булчуңдары көбүнчө шишип, аларда кандуу тактар болушу ыктымал.
Диагноз:
Белгилерине жана өлгөндөн кийинки аныкталган белгилерге негизделип коюлат.
Дарылоо жана алдын алуу:
Эч кандай дарысы жок.
Ар кандай вакциналар бар. Кээ бирлери башкаларга караганда күчтүүрөөк, ошондуктан туура тандоо кыйын. Ошондуктан силердин аймакта кайсы вакциналар эң жакшы экендиги боюнча жергиликтүү бийликтерден кеңеш алгыла.
Тукум ала турган тооктор өсүп жатканда 1 же андан көп жолу эмделиши керек. Эгерде алар бул ооруну жеңе алса, анда алардын балапандары бул ылаңга көбүрөөк туруштук бере алышат.
Тукумдука багылган тооктордун канын маал-маалы менен текшерип туруу аркылуу алар эмделгенин же эмделбегенин биле алабыз.
Бул ылаң чыккандан кийин тоок сарайды өтө кылдаттык менен дезинфекциялоо керек. Андан кийин вирус өлтүрүлгөнүнө ынануу үчүн ал бир нече айга бош калышы шарт. Ошондон кийин гана жаңы тоокторду тоокканага киргизүүгө болот.